Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

Кыздарды суракка алган дагы бир тасма чыкты


Интернетке 15-февралда тараган тасмадан алынган сүрөт.
Интернетке 15-февралда тараган тасмадан алынган сүрөт.

Орусияда өздөрүн “патриот” деп атаган топтун колуна түшкөн кыргыз кыздардын дагы бир видеосу чыкты.

Өздөрүн “патриоттор” деп атап, кыз-келиндерди ур-тепкиге алып, интернетке видеосун чыгарган кылмышкерлер тууралуу алгач 2012-жылы белгилүү болгон. Андай жолго баргандардын жазасыз калганын көрүп, эми алардын жолун жолдоочулар көбөйгөндөй.

Интернетке 15-февралда тараган акыркы тасмада кыргыз жигиттер эки кызды суракка алып, алар эмне үчүн азери жигиттер менен кафеге келгенине жинденишкен. Бетин көрсөтпөгөнгө аракет кылган бир кыздын колун кайрып, мажбурлап видеого тартышкан жана аны интернетке таратып уят кылышарын эскертишкен. “Таластан болобуз” деген кыздар жаман жолдо эместигин түшүндүрүп, жалбарып, коё берүүлөрүн өтүнүшкөн. Окуя Москвадагы түнкү клубдардын биринде тартылганы айтылууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы расмий өкүлү Аскат Алиев видео боюнча иликтөө башталганын билдирип, тасмадагы кыздарды жана жигиттерди тааныгандар +79261891017 номуруна маалымат берүүсүн өтүндү.

- Коомдо үлгү кылып таянар тоо, руханий өзөк жана идеология жок. Мунун баары таалим-тарбиядан. Аны эч ким чоң турмушка даярдабагандыгында болуп жатпайбы.
Жамила Бегиева

Орусияда миграциялык кызматтын акыркы маалыматтары боюнча, 500 миңден ашык Кыргызстандын жараны катталса, алардын 200 миңден ашууну кыз-келиндер.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Жамиля Бегиеванын буга чейин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мындай көрүнүштөргө үй-бүлөдө жана мектепте таалим-тарбиянын өксүгү себеп болууда.

- Коомдо үлгү кылып таянар тоо, руханий өзөк жана идеология жок. Мунун баары таалим-тарбиядан. Аны эч ким чоң турмушка даярдабагандыгында болуп жатпайбы.

Кыргыз кыздарынын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнүнө каршы чыккан топтор 2012-жылы Орусияда пайда болгон. Алар өздөрүн “патриоттор” деп атап, кыздарды жылаңачтап, сабап, суракка алган видеолорду интернетке жайылтып келишет. Мындай окуялар боюнча ушул күнгө чейин эч ким жоопко тартыла элек.

"Азаттык" бул тууралуу Москвадагы мигранттардын пикирин сурады.
Мигранттар жана "патриоттор"...
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG