Дастанчы Улукбек Токтоболот уулу соңку кездери кенже эпосторду азыркы заман талабына ылайыктап өз вариантында иштеп чыгууда. Өнөр адамы учурда дастан уккан адамдардын катары калың экенин, алар өз сунуш-пикирлерин байма-бай билдирип турарын айтат.
"Миграцияга кетерде өнөр сүйгөн байке алып калды"
Элдик чыгармаларды жаштар арасында кеңири жайылтууну көздөгөн өнөр адамынын чыгармачылыгы, максаттары тууралуу баяндайбыз.