Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:29

"Microsoft" Орусиянын хакерлик аракетин аныктады


"Microsoft" компаниясынын Нью-Йорктогу дүкөнү. 21-август, 2018-жыл.
"Microsoft" компаниясынын Нью-Йорктогу дүкөнү. 21-август, 2018-жыл.

Быйыл күздө АКШ Конгресси шайланганы жатканда "Microsoft" компаниясы Орусиянын америкалык саясий топторго каршы багытталган жаңы хакерлик аракеттерин аныктаганын жарыялады. Кремль расмий Москванын мындай аракеттерге тиешеси бар экенин дароо четке какты. Кошмо Штаттарда 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсүнүн чуусу али басыла элек. АКШ Сенаты болсо учурда Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтомун караштырууда.

АКШда быйыл ноябрда Конгресске "орто мөөнөттүк" деп аталган шайлоо өткөнү турат. Азыр анын эки палатасын тең Республикалык партия көзөмөлдөйт.

Анын жүрүшүндө Сенаттын 100 мүчөсү, ал эми Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы же 435 конгрессмендин баары кайра шайланышы керек. Аны менен катар 36 штатта губернаторлор да шайланат.

"Microsoft" технологиялык компаниясынын бул шайлоону утурлай билдирүү жарыялады. Анда компаниянын адистери Орусиянын өкмөтү менен байланышы бар хакерлердин тобу Вашингтондо жайгашканын аныктаганы айтылат. Билдирүүдө Кремлге сынчыл маанайдагы эки аналитикалык уюмдун - Хадсон институту менен Эл аралык республикалык институттун интернет-домендеринин жалган көчүрмөсүн түзүшкөнү аныкталганы айтылат.

Компаниянын маалыматына караганда, хакерлер ошондой эле АКШ Сенатынын сайтына окшош дагы үч жалган дарек жасап чыгышкан. Компьютерлик технология боюнча адистердин айтымында, мындай жалган сайттар хакерлер акыр-аягында бутага алууну көздөгөн тараптан маалыматтын уурдаш үчүн колдонулат.

“Microsoft" мындай иш менен алектенген хакерлик топту "Strontium” деп атады. Бул топ ошондой эле "Fancy Bear" же APT28 деген ат менен да белгилүү.

АКШда Орусиянын 2016-жылкы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү тууралуу иликтөө жүргүзүп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллер даярдаган айыптоо кортундусунда да ушул топ жөнүндө кеп болгон жайы бар. Анда ал Орусиянын башкы аскердик чалгын мекемеси – ГРУга байланышы бар топ катары көргөзүлгөн.

Кремлдин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков орусиялык хакерлердин АКШдагы шайлоо алдындагы жаңы аракетине бийликтин тиешеси бар экенин дароо эле төгүндөдү:

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

- Биз кайсы хакерлер тууралуу сөз болуп жатканын, "шайлоого кийлигишүү" дегенде эмнени эске алышарын билбейбиз. АКШдан эч кандай шайлоого кийлигишүү болбогону ырасталганы жөнүндө гана угуп жатабыз. Конкреттүү ким тууралуу сөз жүрүп жатат, кандай далил бар, эмнелердин негизинде жыйынтык жасалууда? Биз ушул жагын түшүнбөй турабыз. Мындай маалыматтар жок, - деди Песков 21-августта. “Microsoft" компаниясынын жарыясын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да четке какты.

"Орус хакерлери жалган домендерин түздү" деп жарыяланган уюмдардын бири - Эл аралык республика институту. Аны Москваны сындап жүргөн саясатчы, президенттикке мурдагы талапкер, учурда Сенатка Юта штатынан ат салышып жаткан Митт Ромни жана башка алты республикачыл сенатор кирген кеңеш башкарат.

“Microsoft” компаниясынын президенти Брэд Смиттин билдиргени боюнча, ишкана Конгресске шайлоону утурлай талапкерлерге, шайлоо штабдарына, саясий уюмдарга киберкоопсуздук чараларын бекер сунуш кылып жатат. Бул үчүн компаниянын атайын программалары да пайдаланылмакчы.

Кошмо Штаттарда азыр Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу айыптоолордун чуусу али басыла элек, аны менен катар бул боюнча атайын прокурор жүргүзүп жаткан иликтөө да аяктай элек.

Ал эми саясий чөйрөдө жана расмий өкүлдөр, эксперттер арасында "алдыдагы өткөөл шайлоого, шайлоо системасына орусиялык хакерлер кийлигишүүгө аракет кылат" деген божомолдор буга чейин да айтылган. Андай кийлигишүүгө каршы чара көрүлөрү да эскертилген.

Кирстен Нильсен.
Кирстен Нильсен.

- Биз баарыбыз билгендей, эки жыл мурда (2016-жыл) чет элдик держава биздин демократиялык жараянга карата коомдук ишенимди бузуу, шайлоо жыйынтыгын будамайлоо үчүн таасир көргөзүүнүн көп кырдуу өнөктүгүн баштаган. Мен ачык эле айтайын - биздин чалгын жамааты "бул орусиялыктар болгон" деп туура тыянак чыгарды. Муну биз билебиз, алар да билишет. Бул иш эң жогорку дэңгээлден багытталган. Мындай нерсе кайра кайталанышына биз жол бере албайбыз жана жол бербейбиз, - деген эле АКШнын ички коопсуздук боюнча министри Кирстен Нильсен 31-июль күнү Нью-Йорктогу киберкоопсуздук боюнча саммитте.

Президент Дональд Трамп Орус президенти Владимир Путин менен быйыл 16-июлда Хелсинкиде алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн соң өз мекенинде кескин сынга кабылган. Ал АКШнын чалгын жамаатынын "Орусия 2016-жылкы шайлоого кийлигишкен" деген бүтүмүн кабыл аларын ырастаган. Ага катар Трамп Орусиянын кийлишүүсү добуш берүүнүн жыйынтыгына эч таасир тийгизбегенин, анын шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун такай айтып келатат.

Шайлоого кийлигишүү аракети тууралуу маалыматтарга байланыштуу АКШда орусиялык компанияларга жана жеке адамдарга каршы буга чейин санкциялар топтому бир нече айлампа менен киргизилген.

Эми Сенатта Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү боюнча жаңы мыйзам долбоору талкуулана баштады.

Ал эми Финансы министрлиги жарыялаган жаңы баяндамага караганда, бийликке президент Трамптын администрациясы келген 2017-жылдан бери санкциялык “кара тизмеге” 215 орусиялык жаран жана уюм кошулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG