Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Бийлик жашырган кандуу кылмыш


Мексика жазуучусу Луис Гонсальес де Альба (1944-2016).
Мексика жазуучусу Луис Гонсальес де Альба (1944-2016).

2-октябрь - Мексиканын тарыхында Кыргызстандагы 7-апрель сыяктуу маанилүү күн. 1968-жылы бул күнү ордолуу Мехиконун борбордук аянтындагы студенттерди коопсуздук күчтөрү камоого алып, кийиктей терип аткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бийлик кыргынга жооптууларды таба элек.

Улуу муундагы көпчүлүк кыргызстандыктар 1968-жылы Прагага советтик аскерлер киргизилгенин, Мексикада Жайкы Олимпиада оюндары болгонун, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 1970-жылы Мексикада өткөнүн билишет. Бирок алар Олимпиада оюндарынан 10 күн мурун, 2-октябрда "Тлателолко кызыл кыргыны" деген ат менен белгилүү канды булоондо мексикалык студенттердин тынч демонстрациясы аёосуз басылганынан кабарсыз.

Мексиканын 70 университетинин студенттери жана жогорку класстардын окуучулары негиздеген Каяшачылар улуттук кеңеши ошондо өкмөттөн нааразылык акцияларын басыш үчүн түзүлгөн атайын жандармерияны таратуу, абакка камалган студенттерге жана алардын жакындарына эркиндик берүү сыяктуу алты талап койгон. Бирок президент Диас Ордас "өлкөнүн бейкут жашоосун айрым хиппилер менен коммунисттер бузушуна жол бербейм" деп, сүйлөшүүгө барбайт. Шам ченде “Үч доор маданияты” аянтынын үстүнөн каршы-терши октор учуп, деңиздей көлкүлдөгөн көпчүлүк чакчелекей түшөт. Аянттан чыкчу эки дарбазаны бууган аскерлер сыртка эч кимди чыгарбайт да, киргизбейт. Көзгө атарлар аткан октон ондогон демонстрант шейит кетет. Капсалаңдуу окуяда канча киши өлгөнү эмгиче талаш. Бийлик 33 адам өлгөнүн айтса, күбөлөр аянтта курман болуп жаткан жүздөгөн адамдарды көргөнүн айтышат.​

Студенттердин демонстрациясы. Мехико, 13-август, 1968-жыл.
Студенттердин демонстрациясы. Мехико, 13-август, 1968-жыл.

АКШнын Улуттук коопсуздук архивинин улук аналитиги Кейт Дойл кандуу каргашада 44 киши окко учканын расмий далилдеген. Коогалаңдын эртеси таң азанга калбай, аянт тазаланат, 1300дөн ашуун адам камакка алынат. Ал эми он күңдөн соң Мехикодо жайкы Олимпиада оюндары ачылат.

50 жыл мурдагы кандуу калайман тууралуу Мексиканын өзүндө көпчүлүк билеби? Ушундай суроо менен америкалык илимпоз Марисела Бесерага (Maricela J. Becerra, University of California, Los Angeles) кайрылганымда, ал сөздү минтип баштады:

- Ооба десем да болот, жок десем да болот. Бул абдан кызык дебейсизби: Мексикада 1968-жылдагы алаамат окуяга өкмөт цензура жарыялап койгон. Мисалы, 1998-жылы өкмөт кызыл кыргын тууралуу кино тартууга уруксат берген эмес: ал фильм жашыруунун тартылмак. Ошол эле учурда калайман тууралуу Луис Гонсалес Альва (Luis González de Alba) жана Елена Пониатовска (Elena Poniatowska) сыяктуу жазуучулар, ошондой эле дүйнөдө таанымал акын, публицист Октавио Пас (Octavio Paz) такай сөз кылышат. Ушинтип береги окуя тууралуу үзбөй сөз кылган төтөн жазуучулар бар. Бирок реалдуу жылыш жок. Ырас, мурдагы президент Луис Эчеверриа кыргынга жооптуу деп айыпталып, бирок айыбы далилденбей, үч жылдан кийин иш жабылган. Соттор данакер эмеспи! Калайман жөнүндө канча айтылса да, эч нерсе өзгөрбөдү.

"Үч доор маданияты" аянтындагы студенттерди кууганы турган бронетехника.
"Үч доор маданияты" аянтындагы студенттерди кууганы турган бронетехника.

Бул кызыл кыргын тууралуу ал кезде Мексика менен достук мамиледе болгон мурдагы СССРдин маалымат булактары дээрлик ооз ачкан эмес. Себеби Прагага аскердик десант киргизип, Чехословакиянын реформачыл лидерлерин бийликтен кетирген КПССтин башчылары үчүн бул өз айыбын өзү ачкандай иш эле. Ошондуктан эгемен Кыргызстан түгүл, жалпы постсоветтик мейкиндикте Мехикодо 1968-жылы болгон кандуу коогалаң жана ал окуянын баш каармандарынын бири, жазуучу Луис Гонсалез Альванын ысымы белгисиз.

Мексика өкмөтү жана бийликти ондогон жылдар бою менчиктеп отурган Институционалдык-революциячыл партия Тлателолко калайманы тууралуу айтууга ондогон жылдар тыюу салат. 2000-жылы Улуттук аракет партиясынын өкүлү президент шайлангандан кийин алгачкы жолу 1968-жылдагы кыргындагы жана студенттик кыймылды күч менен басуудагы өкмөттүн жоопкерчилиги тергеле баштайт. Ага дейре канды булоон тууралуу жазуучулар, журналисттер жана сүрөткерлер гана зарлап жүрүшкөн.

2-октябрь каргашасын эскерген жүрүш. Мехико. 2-октябрь, 2014-жыл.
2-октябрь каргашасын эскерген жүрүш. Мехико. 2-октябрь, 2014-жыл.

2006-жылы экс-президент Луис Эчеверрия жана кээ бир мартабалуу аскер адамдары геноцидге жооптуу катары камакка алынат. Бирок бир ай өтпөй "жоопкерчилик мөөнөтү өтүп кеткен" деп баары акталат. Ошентип, бүгүнкү күнгө дейре ондогон бейкүнөө жарандардын жанын алган кызыл кыргынга жооптуулар белгисиз.

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:25 0:00

Калифорния университетинин Испан тили жана адабияты бөлүмүнүн докторанты Марисела Бесерра 1968-жылы Мексиканы термелткен студенттик кыймыл жана алааматтын курмандыктары тууралуу жаш муунду кой, жалпы коом так билбегенин айтат.

- Ар жылы 2-октябрь Мексикада калың эл катышкан жүрүштөр менен белгиленет. Мехико шаарындагыдан да чоң жүрүштөр өлкөнүн калган бөлүктөрүндө өтөт. Бул саамалыкка жаштар өзгөчө көп катышат. Марштын негизги уюштуруучулары - Кыргында тирүү калгандардын комитети болгону менен 2-октябрда канаты сынгандарды эскергени жыл өткөн сайын жаштар арбын келүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин канды булоондо канча киши өлгөнүн так билбейбиз. Себеби баары чиеленишип калган, бизде эч кандай далилдерибиз жок. Ошентсе да 1968-жылдын 2-октябры - Мексикадагы студенттик кыймылдар үчүн жыйынтыктоочу күн; жаштардын кыймылын Мексика өкмөтү ырайымсыз баскан күн.

"Үч доор маданияты" аянтындагы мемориал. Мехико.
"Үч доор маданияты" аянтындагы мемориал. Мехико.

Мындай шартта, Марисела айымдын айтымында, Тлателолко кыргынында тирүү калгандардын комитетинин аракетинин натыйжасында 2000-жылдары “Үч доор маданияты” аянтында эстелик пайда болот.

- Калайманда тирүү калгандар эстелик тактасын орнотуш үчүн кажыбай күрөштү. Азыр “Үч доор маданияты” аянтында курман болгон 36 ысым жазылган мемориалдык такта бар. Тактанын бетине “1968-жылы 2-октябрда каны төгүлгөн бул жана башка көптөгөндөргө” деп жазылган. 2006 же 2007-жылы Мехико автоном университети да ушул эле аянтта 2-октябрда окко учкан студенттерин эскерген мемориалдык музейди ачты. Музейдеги экспонаттар мерт болгон адамдардын өмүрү жана алардын кандай өлгөнү жөнүндө кенен маалымат берет.

Мексика студенттик кыймылынын мурдагы жетекчилери жана Луис Гонсалес Альва абакта отуруп, 2-октябрь окуясы тууралуу жалпы эскерүү жазышат. Бул эмгекти Марисела Бесерра "студенттик кыймылдын орду жана канды булоон жөнүндөгү жамааттык көз караш" деп мүнөздөйт. Луис Альва береги эскерүү менен чектелбейт жана кандуу каргашадан 30 жылдан кийин “Башка күндөр жана башка жылдар” деген китебин жарыялайт. Автор сөз болуп жаткан китебинде 1968-жылы абакта жазылган жамааттык эскерүүдө эмнелерди калп айтканын мойнуна алып, студенттик кыймылдын лидерлери да үгүт максатында “өрдөгүн учуруп” жиберген учурларга токтолот.

Луис Гонсалес де Альбанын "Башка күндөр жана башка жылдар" деген китебинин мукабасы.
Луис Гонсалес де Альбанын "Башка күндөр жана башка жылдар" деген китебинин мукабасы.

Ал эми 2016-жылы өз жанын кыярда жазып калтырган керээз-китебинде болсо Луис Альва 48 жыл мурдагы Тлателолкодогу канабайрамды “миф” деп атайт. Себеби, “менин арызыма жооптуу катчы сөздөрүмдү өзгөртпөй сөзмө-сөз жазып алган жок, прокурор текстти өз максатына ылайык келгендей кылып оңдоп-түзөтүп жатты... Биз чоң жеңишке жетпесек да, алга жылуунун жолун көрсөткөнүбүз - биздин эң чоң эмгегибиз болот,” деп белгилейт Луис Альва “Тлателолко - ошол күнү” деген керээз-китебинде. Анын себебин Марисела Бесерра мындайча жоромолдоду:

- Менин түшүнгөнүмө караганда, Луис Гонсалес Альва кыймылдан обочолонууга аракет кылат. 1968-жылы Мексикадагы студенттик козголуштар бирдиктүү кыймыл болууга умтулганын эсибизде тутушубуз зарыл. Бул ошо кезде жалпы коомго мүнөздүү эле. Ар кандай кыймылдар топко бириккен адамдар тарабынан түзүлөт да. Менимче, канча бир мезгил өткөн соң Луис Гонсалес Альва алааматка чейин окуя кандай өнүккөнүн, кызыл кыргын күнү эмне болгонун түшүнүүгө аракет кылган. Ал үчүн Луис Гонсалес Альвага кыймылдан өзүн обочолотуп, жүрөгүнө терең жараат калтырган кызыл кыргындын күбөсү катары: “Студенттерге өз учурунда айтчу сөзүмдү айткам. Азыр эми мага кезек келди, азыр менин өз үнүм бар,” - деп өз сөзүн айтышы керек эле. Бул ал үчүн кандуу апаатта алган жараатын айыктыруунун амалы болгон деп ойлойм. Анын өз жанын өзү кыйганы да башында күргүштөп жаткан ар түркүн ойлордон бошоно албагандан болду деп эсептейм. Себеби, ал өз жанын 2-октябрдагы кыргындан туптуура 48 жылдан соң кыйып жатпайбы! Мен Луис Гонсалес Альванын акыркы китебинде канды булоондо өлгөндөрдүн саны жөнүндө айткандарына ишенер-ишенбесимди билбейм.

Луиз Альва өлгөндөн кийин жарыяланган керээз-китебинде “Үч доор маданияты” аянтындагы элге ок атып, өкмөт кылмыш кылганын, бирок аны геноцид деп атай албасын түз көрсөтөт: “Кыргында өлгөн 38 адамдын ысымы монументте чегилген... алар кызыл кыргын жана кылмыш деп айтканга жетиштүү. Бирок геноцид уюштуруу ыкласы болгон эмес..."

Марисела Бесерра Прага шаарындагы Жон Ленондун дубалынын жанында.
Марисела Бесерра Прага шаарындагы Жон Ленондун дубалынын жанында.

Гонсалес де Альва акыркы сөзүндө кыргында өлгөндөр боюнча өкмөт айткан санга жакын цифраны келтирип, анысы менен студенттик кыймылды кылмышкерлерге теңеген ырасмий көз карашты колдойт, деди Марисела Бесерра айым:

- 1968-жыл жана кызыл кыргын жөнүндө Мексикада жакшы билишпейт. Аны Мехико шаарында жакшы билишет. Бүгүн сиз кандуу коогалаңды изилдечү болсоңуз, көпчүлүк 2-октябрдагы окуялар тууралуу бейкабар экенин, Луис Гонсалес Альва айткандай, аламаат жөнүндө бир ууч гана адамдар сүйлөшкөнүн көрөсүз. Мен жыл сайын 2-октябрь маршын уюштурган адамдардын биринен интервью алдым. Бул киши Луис менен бирге түрмөдө отурган. “Луис жана анын акыркы китеби жөнүндө пикириң кандай?” деп сурасам, ал: “Мен бул “эргулга” ишенбейм. Анын бизге жасаган “бул иштерине” ишенбейм. Биз ошол учурдагы студенттик кыймылга бир жамааттай, бир адамдай болуп карайбыз. Гонсалес де Альва бул жамааттан чыкты. Бирок ал чоочун болсо да, аларга каршы чабуулун улантууда. Ошол эле маалда “Мен да өзүм тарыхымды айтып берем” деген кыргынды көргөн жана студенттик кыймылдын бир кездеги мүчөлөрү көп. Бул жакшы. Анткени, алардын “үндөрүнүн” да мааниси бар. Ошого алар өз тарыхын жазышы абзел деп ойлойм. Себеби, 1968-жылды эскерүү укугун жана кызыл кыргынды аз гана адамдар монополия кылып алышкан болчу. Эми ар бир адам Гонсалес де Альвага өз жообун айтканды каалап, кызыл кыргынды эскерүү укугу бар адамдардын тобу улам чоңоюп баратат", - деди.

Луис Альванын "Тлателолко ошо күнү" деген керээз китеби.
Луис Альванын "Тлателолко ошо күнү" деген керээз китеби.

Мехико шаарында өскөн Марисела Бесерра ар жылы 2-октябрда Тлателолко кыргынын эскерип маршка чыккан мексикалыктар Гонсалес де Альванын керээз китебинде айтылган мына бул сөздөрдү эсинде тутуш керек деп эсептейт. “Маршка чыккандардын узак жылдардан бери түрдүү суроолорго берген жообу (канды булоон) унутулганын далилдейт: себеби эч ким эмне унутулганын, 2-октябрда эмне болгонун билбейт. Көбүнесе “алар көп адамдарды өлтүрүшкөн” деп айтышат”.

Мындай абалдан чыгыш үчүн 1968-жылдагы окуянын катышуучулары “ийри отуруп, түз сүйлөшүүсү”, ал эми жаш муун болсо “жамааттык эскерүүдөн бошонуп”, 50 жыл мурда талкаланган студенттик кыймылдын тажрыйбасынан кандай сабак аларын ойлонушу керек, дейт америкалык адабиятчы.

Ал эми Луис Альванын керээз китеби болсо “ар кимдин өз чындыгы бар, абсолюттук чындык жок” деген накыл кеп тегин айтылбаганын дагы бир сыйра эске салат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG