Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы жоокерлердин сүрөттөрүнөн алардын жаш, күч-кубатка толуп турганын көрүүгө болот. Көпчүлүк ардагерлердин согуш учурундагы сүрөттөрү сакталбай калган. (Сүрөттөрдү ардагерлердин жакындары алып келишкен жана айрым сүрөттөр "Азаттыктын" архивинен алынды).
Жеңишке 75 жыл: Жоокерлердин аты өчпөйт
Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата "Азаттык" согуш ардагерлеринин 1939-1950-жылдардагы сүрөттөрүн чогултту. Сүрөттөрдөгү жоокелердин катарында быйыл 100 жашка чыгып, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын тосуп жаткандар да бар.

21
Сабар Жайылканов 19 жашында,1943-жылы согушка кетип, 1946-жылы согуштан аман-эсен үйүнө кайтып келген.

22
81 жыл мурда советтик армиянын буйругу менен Ашир Рахматов 20 жашында согушка жөнөп, ошол жылдын август айында Эфан шаарын коргоого катышкан. Ашир Рахматов ал учурда аскердик кызматын өтөп жүргөн. Барган жылы эле бутунан жараат алат. Бир жылга чукул убакыттан кийин Урал шаарындагы 159-дивизиянын даярдоосунан өтүп кайра эле майданга аттанган. Сталинград, Астрахан шаарын бошотууга катышкан. 1944-жылы кармашууда экинчи ирээт жараат алып өз мекенине кайткан.

23
Дүйшөн Жамгырчиев (оңдо) Кара-Буура районундагы Шекер айылында төрөлгөн. 1939-жылы армияга, кийин согуш башталганда андан ары майданга кеткен. Ошону менен кабарсыз. Кара кагаз, кат кабар да келген эмес. Согушка чейин жети класстык билими жана айдоочулук күбөлүгү болгон. Үйлөнө элек кезинде согушка кеткен.