Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Матраимовдор менен үч медианын соту

19-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отуруму өттү.

16:09 19.12.2019

17-декабрда Factcheck.kg Райымбек Матраимовдун жубайынын кийим-кече, баалуу буюмдарынын баасын көрсөткөн иликтөө чыгарган. Мындан кийин Factcheck.kg жана анын макаласын көчүргөн Ecomonist.kg, Kloop.kg, Kaktus.media, Sokol.media, Vb.kg, Knews.kg, Today.kg, Politklinika.kg cайттары ачылбай, үзүл-кесил иштеп жатты.

Factcheck.kg сайтынын негиздөөчүсү Болот Темиров чабуул дагы деле улантылып жатканын билдирди.

- Программисттер чабуул ар кайсы мамлекеттен, көбүнчө Кытайдан болуп жатат деп айтышты. Түнү менен иштеп чыгышты. Биринчи күнү коркунуч болду. Биротоло иштебей калат дешти.

Сайт хакердик чабуул болгонго чейин Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургуновага жана уулуна таандык делген кымбат баалуу сааттар, кийим-кече, асем жасалгалар жана автоунаа жөнүндө иликтөөнү жарыялаган.

15:59 19.12.2019

Матраимовдордун адвокаттары эгер маалымат каражаттары иликтөөдө айтылгандарды төгүнгө чыгарса, арызын кайтарып алууга даяр экенин билдирди.

15:57 19.12.2019

Судья Жылдыз Ибраимова Бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча биргелешкен журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды сот процесси жүрүп жаткан маалда таратууга тыюу салуудан баш тартты. Анда Матраимовдордун Айеркен Саймаити менен байланышы боюнча, алардын Дубайдагы мүлктөрү, Ысмаил Матраимов атындагы фондго келип түшкөн каражаттар боюнча маалыматтар бар болчу. Матраимовдун адвокаты Татьяна Карыжинская журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды сот жүрүп жаткан маалда таратууга тыюу салууну өтүнгөн. Сот өтүнүчтү четкен каккандан кийин Татьяна Карыжинская кийинки инстанцияга кайрыла турганын билдирди.

15:54 19.12.2019

Буга чейин Искендер Матраимов "Үмүт 2020" кыймылынын башында турган Ширин Айтматованы да сотко бере турганын айткан. Бүгүнкү сотко медиага колдоо көрсөтүү үчүн кыймылдын мүчөсү Нурсултан Акылбек да келген. Ал сотко чакыруу ала электигин, бирок өздөрүнүн дарегине ар кандай коркутуу-үркүтүү болуп жатканын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG