Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Мали: козголоңчулар артка сүрүлүүдө


Гоа шаарына жөнөчү малилик жоокерлер француздардын аскердик унааларын күтүүдө. 27-январь, 2013
Гоа шаарына жөнөчү малилик жоокерлер француздардын аскердик унааларын күтүүдө. 27-январь, 2013

Малинин өкмөттүк күчтөрү бир күндө өлкө түндүгүндөгү Тимбукту шаарын козголоңчулардан биротоло тазалоого белсенүүдө.

Бул жөнүндө Мали өкмөтүнө көмөктөшүп жаткан Франциянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү маалымдады. Француз аскерлери Малиге өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча киргизилген. Ишемби күнү Африка өлкөлөрүнүн аскерлери Гао шаарын исламчылардан бошоткон. Малидеги кырдаал Африка союзунун жекшемби күнү Аддис-Абебада ачылган жыйынындагы негизги суроо болууда.

Француз жана Мали аскерлеринин Тимбуктуну ээлегенден кийинки милдети: стратегиялык жактан маанилүү Кидал шаарын бошотуу. Малинин түндүк бөлүгүн былтыртан бери бийлеген адаватчылардын өзөгүн “Ислам Магрибиндеги ал-Каида” тобунун согушкерлери түзөт.

Малинин түндүгүндөгү чатактын картасы
Малинин түндүгүндөгү чатактын картасы
Дүйшөмбү күнү Нигер тараптан Нигердин жана Чаддын аскерлери да Малиге өткөнүн, алар ишемби күнү согушчандардан тазаланган Гао шаарын күзөтөрү маалымдалды. Гао апрелден бери “Батыш Африкадагы жихад жана биримдиги кыймылынын” ээлигинде эле.

Француз аскерлери Малиге козголоңчулар өкмөттүк күчтөргө дембе-дем кол салып, өлкө борбору Бамакону көздөй жакындай баштагандан улам 11-январда жардамга келген.

Мали Африкадагы бейстабилдүүлүктүн очогуна жана исламчылардын жабытына айланып кетпесин деп, өлкөдө тышкы күчтөрдүн жардамы менен операция өткөрүүнү Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши, АКШ жана Европа Биримдиги да колдогон.

14, 5 млн. калктуу Малидеги жагдай Эфиопиянын байтакты Аддис-Абебада 27-январда ачылган Африка Союзунун саммитинде талкууланчу негизги маселе болууда.

Африка Союзунун төрагасы Нкосазана Дамини-Зума жыйындын ачылышындагы сөзүндө региондо эрегишчи күчтөрдүн эл шайлаган бийликти төңкөрүү тенденциясы бар экенине токтолду:

- Көтөрүлүшчү топтордун демократиялык жол менен шайланган өкмөттөрдү кулатуу тенденциясы кайрадан пайда болууда. Африка Союзу бийликти конституциялык эмес жол менен алмаштырууга каршы позициясында калып, демократиялык жол менен шайланган өкмөттөрдү коргоо жана өз территориясынын бүтүндүгүн сактоо жөндөмүн чыңдоосу зарыл.

Франциялык жоокер танктарга каршы ракета аткычты орнотуп жаткан кез. Диабали. 22-январь 2013
Франциялык жоокер танктарга каршы ракета аткычты орнотуп жаткан кез. Диабали. 22-январь 2013
Аддис-Абебадагы саммитке БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да катышууда. Ал жекшемби күнү жыйында сүйлөп, Мали өкмөтүн өлкөдө конституциялык бийликти орнотуунун жол картасын иштеп чыкканга үндөдү:

- Мен Малинин жетекчилигин саясий жараянды токтоосуз баштоого, ошондой эле өлкөдө конституциялык тартипти орнотуунун жол картасын даярдаганга чакырам.

Малидеги «ал-каидачыларга» каршы операцияга адегенде Батыш Африка өлкөлөр союзу - ЭКОВАСтын аскерлери катышып жаткан. Азыр Франциядан башка Чаддын аскерлери да жардамдашууда. Африка Союзу Малиге жөнөтүлгөн аскерлердин санын азыркы 3, 3 миңден 6 миңге жеткирүүнү мерчемдөөдө.

Малидеги жагдай 5-февралда Брюсселде болчу министрлер деңгээлиндеги жыйында да талкууланганы жатат. Мали өкмөтүнө жардам көрсөтүү маселесине арналган бул жыйынга Африка Союзу, Батыш Африка өлкөлөр союзу жана Улуттар уюму катышаарын Евросоюздун тышкы иштер коммисарынын өкүлү 21-янврада маалымдаган.

XS
SM
MD
LG