Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:32
 Бишкек шаары. Ленин округундагы добушканалардын бири. 28-май, 2023-жыл.
Бишкек шаары. Ленин округундагы добушканалардын бири. 28-май, 2023-жыл.

Ленин округу: баштапкы эсепте Дамира Ниязалиева алдыга чыкты

29 талапкердин үчөө - Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу, Акыл Айтпаев тергөө абагында. Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров да бар.

12:08 28.5.2023

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, саат 10.00гө чейин бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда 2007 адам добуш берди жана бул жалпы шайлоочулардын 1,61% түздү.

Президент Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова бул округдан добуш берди.

БШКнын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Аймакта шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди.

12:15 28.5.2023

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан парламент депутаттыгына талапкер Эртай Искаков Фейсбуктагы баракчасына 28-майдын түнү дагы бир талапкер Дамира Ниязалиеваны колдоп шайлоочуларды сатып алууга шек саналган үгүтчүлөрдү милиция кармап кеткенин билдирди.

Талапкер Дамира Ниязалиева жана анын шайлоо штабы азырынча маалымат бере элек.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов добуш сатып алууга байланыштуу деген видео текшерилип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, текшерүүнүн жүрүшүндө ошол видео тартылган кафенин ээси, официант жана үч аял сурак берип жатат. Кафеден талапкерлердин биринин үгүт материалдары табылган.

Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда добуш башталгандан саат 11.00гө чейин алты арыз түшкөнүн кабарлаган. Анда кайрылуулардын үчөө үгүт иштерине байланыштуу болсо, калганы добуш сатуу тууралуу экенин айткан.

13:59 28.5.2023

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 12:00гө карата маалыматына караганда, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча парламент депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 5389 киши добуш берди. Бул шайлоочулардын жалпы санынын 4,31% түзөт.

17:11 28.5.2023

БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев 2021-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу Ленин округундагы добуш берүү солгун экенин, эки эсеге аздыгын айтты.

"2021-жылдан бери эки жыл өттү, шайлоочулардын саны дагы көбөйдү, бирок бул жолку добуш берүүгө катышкандар аз",-деди Койчукеев.

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунда саат 16.00гө карата тизмеде катталган 125 миңдей шайлоочунун 11 миңден ашыгы гана добуш берди. Бул аталган райондо катталган шайлоочулардын 9% жакынын түзөт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG