Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Электрик буги менен Европага таанылган Атай


Биздин Атай "Азаттыкта"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Атай "Азаттыктын" Бишкек студиясында. 30-декабр, 2011-жыл

Европадан жеңиштүү кайткан жаш бийчи Атай Өмүрзаков "Азаттыкка" миллиондорду багындырган чыгармачылыгынын айрым сырларын ачып берди.


- Атай сыйлык кут болсун. Кыргызстанды Европага дүңк эттирдиң. Сени Бишкекте кандай тосуп алышты? Аэропортто гүл кармаган кыздар тизилип калыптырбы?

- Мен түн бир оокумда келдим. Эч ким деле тоскон жок. Аэропорттон акырын эч кимге көрүнбөй, өзүм эле таксиге түшүп келе бердим.

- Сага чех президентине караганда көп добуш берилди, ошондуктан кыргыз президенти муну эске алат деп ойлойм. Чехтердин эң атактуу ырчысы Люция Била сага үзүлүп түшүп жатты, интернет сайттарда “Атай аябагандай токтоо, жибектей созулган жигит экен” деп чехиялык, словакиялык кыздар улам кайра жазышканын окуп калдым. Ал эми кыргыз кыздары сенин назик мүнөзүңдү жактырышабы?

- (күлүп) Билбейт экенмин, жактырышса керек.

- Пантомиманын элементтери менен денеңди түз кармап, сыйгаланып бараткандай басканың, катып калып, бир гана мойнуң, башың менен кыймылдаганың өтө таң калыштуу көрүндү. Ушул деңгээлге жетиш үчүн канча саат машыгасың?

- Жаңы баштап жатканда күнүгө 6-7 саат машыгат элем. Азыр убакыттын тардыгына байланыштуу 2-3 саат гана бөлүп атам. Азыр бийди кандай алып чыгам, агы кандай маани берем деп ойлонууга көбүрөөк убакыт кетет.

- Ийгиликтин 5% таланттан болсо, калганы карандай эмгек деген ушул да. Жарым финалда сен көрсөткөн “Роботтун розага сүйүүсү” же болбосо финалдагы “Шайтан менен периштенин кармашын” ачууда пластика менен катар, музыкасы да аябай таасир этти деп ойлойм. Люция Била ал тургай көзүнө жаш алып жиберди. Ал эми финалдагы бийдин музыкасын ким жазган?

- Музыканы Словакиядан эле тандадым. Убакыт аябай тар болду. Мен чех же англис тилинде сүйлөй албагандыктан, музыкантка түшүндүрө албай кыйналдым. Ошондуктан өзүм тандадым. Чехиядагы досум Милан (Милан Риха – Алтайдын Ысык-Көлдө таанышкан альпинист досу жана котормочусу - ред.) дагы жардам берди. Баарын интернеттен эле ылайыкташтырып тандаганга аракет кылдым.


- Бийчилерден кимди пир тутасың? Бийиңдин стили кандай аталат?

- Бул бийдин түрү 80-жылдары жаралган. Заманбап бийлердин эң алгачкылары болуп ушу электрик буги саналат. Бирок ортодон жоголуп кеткен. Азыр бул бий менен дүйнөдө аз эле адам алектенет. Мен француз бийчиси Салахты пир тутам. Анын кыймылдары мени шыктандырат. Айрым бийлеринен идеяларды издейм.

- Нукура кыргызча айтканда, сага алкыш, Лос-Анжелеске барып калсаң, дагы көп сыйлыктардын ээси бол.


Атай Өмүрзаковдун финалдык таймаштагы бийи
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:30 0:00
Атай “Чехия-Словакияда таланттар бар” телесынагынын финалдык таймашында. Братислава, 2011-жыл
XS
SM
MD
LG