Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

"Туй байке" гезиттерге ачууланды


Туйгунаалы Абдраимов
Туйгунаалы Абдраимов

Бейшембидеги кыргыз гезиттеринде журналисттик этика, жазармандын адеп-ыймандык тазалыгы тууралуу арбын жазылды.

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат!” деген рубрикасы аркылуу Баткен районунун Зарташ айыл тургуну Орунбүбү Гафированын “Азыр pайондук ички иштер бөлүмү жайгашкан жердеги атамдын үй коргонун кайтарып берүүгө жардам беришиңизди сурайм” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусун басты.

Гезит “Аскар Акаев агасына топурак сала албайт” деген чакан кабарында Акаев 2014-жылы агасы Болот Акаев каза болгондо да топурак салалбай калганын, анын жакын санаалаштары Акаев менен сүйлөшүп. бийлик кармап кетиши мүмкүн деп “Самаркандан саман учуруп жиберишкенин”, ошентип Акаев бул жолу да топурак салганга келбей тургандыгын, депутаттар Жанар Акаев менен Аскарбек Шадиев АКШ президенти Барак Обаманын чакыруусу менен анын кабыл алуусунда болорун, АКШ президенти жыл сайын дүйнөнүн булуң-бурчундагы өлкөлөрдүн депутаттарын ушинтип сый тамакка чакырып турарын жазып чыкты.

“ПолитКлиника” бүгүнкү санына “Нариман Түлеевдин конфискацияга алына турган мүлктөрүнүн жаңы тизмеси” деген ат менен бир бетке толтура тизме жарыялады. Кыргыздын улуттук кийими болгон чапанды кыргыздар эле эмес чет өлкөлүктөргө чейин жайылтып жаткан “Чапан” студиясынын жетекчиси Жумагүл Сариеванын өнөрү менен окурмандарды тааныштырды. Алгач 5 миң сом менен чапан тигүүнү баштаган Жумагүл бүгүн анын чапандары Батыш өлкөлөрүнө чейин сатылып жатканын, ийгиликке кантип жеткенин айтып берди.

Театр актеру, режиссер Назым Мендебаиров чыгармачылыгы тууралуу маек курду.

“Азия ньюс” гезити Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун “Журналисттер мага таарынбасын, көбү заказ менен иштеп калышты” деген маегин окурмандарга тартуулады. Мандат талашка кеңири түшүндүрмө берди. Андан ары ал жазмакерлерге токтолду. Кыргызстанда азыр жамандалбаган жан калбай калганын, көчөдө жөн жүргөн кишиден тартып президентке чейин шыбай бермей адатка айланганын, Кыргызстанга пайгамбарды алып келип койсо да кээ бир гезиттер шыбап, шылдың кылмайын туралбай калганын, тилекке каршы, журналисттердин баары эле кыргыз элине күйөт деп айта албастыгын, көпчүлүгү бүгүн акчага сатылып, Кыргызстанды болушунча ушактап, жамандап, Кыргызстандын келечегине доо кетирип, элдин да ишениминен кетип жатканын, эл менен бийлик бири-бирине ишенип алдыга жылбаса мындай мамлекеттин келечеги жоктугун белгиледи.

“Азия ньюс” гезитинен экономист Сейтек Байгуттиевдин “Сомду сактап калуунун бир гана жолу бар” деген маегин, “Газпром” кыргыз элин алдадыбы?” деген ат менен мурдагы депутат Туратбек Мадылбековдун, энергетика адиси Эрнис Карыбековдун, эксперт Базарбай Мамбетовдун пикирлерин, “Ольга Плотникова неге Нариманга төшүн тосту?” деген макаланы, Президенттин алдындагы “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун “Алмазбек Шаршенович баш болуп, “Ыйман” фондуна каражат бөлгөндөр арбын” деген маегин, Бекбол Айдаровдун “Аида Салянованын демилгеси өкмөттүн позициясын өзгөрттү” деген макаласын окуйсуздар.

Ушул эле гезитке берген маегинде саясат таануучу Марс Сариев бүгүн Орусиянын ресурсу жоктугун, демек экономикалык жактан Борбор Азияны Кытайга алдырарын, Оруия аскердик жагынан гана үстөмдүк кылып, аймактын коопсуздугун камсыздоочу калканч болуп берсе, экономикалык жактан Кытай үстөмдүк кыларын айтты.

“Асман плюс” гезити Кыргызстанда сөз эркиндиги дегенге жамынуу менен адамдын ар-намысына шек келтирген, шылдыңдаган, мазактаган макала, сүрөт, карикатуралар коомчулукту иренжите баштаганын, маселен, тигил же бул депутаттын ишмердигин айтуунун ордуна шылдыңдап жазмай, жамандык гана издемей барган сайын арбыганын, мындай көрүнүш арттан келаткан жаш муундарга эч качан жакшы тарбия бербестигин, бүгүн дүйнөдө Герби, Желеги, Гимни тургай өз өлкөсү жок канчалаган элдер көрүнгөн жерде түрткүнчүк болуп жашап келатканын, илгери сарыбагыш менен бугунун чатагы кенедей “ордо” оюнунан чыгып, эки уруунун кан төккөн кыргынына айланганын тарых унута электигин, ошондо калыс сөзүн айтып: “Балдар оюнду токтоткула. Болбосо ордо канга толуп баратат, кыргызды кырып аласыңар" деген Калыгул олуянын сөзүн эчким укпай, зөөкүрдүктүн аягы трагедия менен бүткөнүн белгилеп, бүгүн эл-журтту басмырлап, бизди карап турган коңшу элдерге жаманатты кылган жазгычтарга, адамдарды шылдыңдап жазгандарга мыйзам чегинде жаза колдонууга, керек болсо тыюу салууга чакырык салды.

XS
SM
MD
LG