Муфтийлердин Бишкекте өткөн “Мусулман биримдиги” эл аралык жыйынында пост-советтик өлкөлөрдө ислам дини радикалдашып баратканы белгиленди. Буга Дагестандагы жана Татарстандагы ислам лидерлерин өлтүрүү жана жардыруулар күбө боло алат. Кыргызстандын Конституциясында дин эркиндиги жарыяланган жана дин мамлекеттен ажыратылган.
Cаясатчылар жана эксперттер эркиндиктен пайдаланып, бир катар шектүү диний уюмдар улам терең тамыр алып жатканын, келечекте диний негизде араздашуулар күч алып, Кыргызстандын эгемендигине доо кетирээрин эскертишет.
Мамлекет диний процесстерге көзөмөл кылышы керекпи?
Кыргызстанда салтуу саналган исламдын ханафий багытына жана христианчылыктын православ чиркөөсүнө артыкчылык берүү талаптары канчалык жөндүү?
Диний негизде жаатташуулар чыгат деген кооптонууну сиз сезесизби?