Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Сүйүү улут тандабайт...


Чет элдик туристтерге гид кызматын көрсөткөн Канат өз сүйүүсүн дал ушул туристтердин арасынан тапкан. АКШнын Пенсильвания штатынан келген Оливия экөө тоо арасынан таанышып, кол кармашкан.
Чет элдик туристтерге гид кызматын көрсөткөн Канат өз сүйүүсүн дал ушул туристтердин арасынан тапкан. АКШнын Пенсильвания штатынан келген Оливия экөө тоо арасынан таанышып, кол кармашкан.

Дүйнөнүн ааламдашуусу менен чет жерден куда күткөндөр да көбөйдү. Кыргыздын кыздары ары жагы АКШ, бери жагы Кытайга кетип атса, кыргыз жигиттери вьетнам, жапон, немис кыздарына үйлөнүүдө.

Башка улутка келин же күйөө бала болгон кыргызстандыктар кандай турмуш курушат? Салт-санаа, менталитетке байланыштуу кандай суроолор жаралышы мүмкүн? “Азаттык+” бүгүн жогорудагы суроолорго жооп алуу үчүн улут аралык никеде турган бир канча жаш үй-бүлөнү студияга топтоду.

Кыргызстанда соңку эки жылда 4 миңге жакын улут аралык нике кыйылган. Чет элдик туристтерге гид кызматын көрсөткөн Канат өз сүйүүсүн дал ушул туристтердин арасынан тапкан. АКШнын Пенсильвания штатынан келген Оливия экөө тоо арасынан таанышып, кол кармашкан.

Сүйүү улут тандабайт (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Баш кошкон жаштар учурда Бишкек шаарында жашайт. Канат үйдүн кичүүсү болгондуктан, алар ата-энеси менен бирге турушат. Оливия кадимки кыргыз келиндерине таандык үрп-адатты үйрөнүүдө. Бир кезде анын Кыргызстан жөнүндө маалыматы да жок болчу. Келишим менен бир аз убакытка иштөөгө келип, биротоло калам деп үч уктаса түшүнө кирген эмес.

Сүйүү улут тандабайт (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:11 0:00

Кыргыз кыздары өз бактысын чет өлкөдөн таап жатканы тууралуу коомдо талаш-тартыштуу пикирлер бар. Мисалы, айрым улутчулдар кыргыз кыздары жалаң гана кыргыз жигиттерге турмушка чыгышы керек дешсе, аны адам укугун чектөө, кыздардын бактысын байлоо катары баалагандар да бар.

Жакында эле, Борбор Азиядагы Америка университетинин ректору Эндрю Вахтель менен Чолпон Жолдошбаеванын үйлөнүү тою, көп узабай кыргыз курама футбол командасынын коргоочусу африкалык Даниел Тегого Элнура Орозбаеванын турмушка чыгуусу коомчулукта талкууга жем таштады. Кантсе да, ар ким өз бактысы үчүн өзү гана жооптуу жана жар тандоого өзү гана укуктуу.

Сүйүү улут тандабайт (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:59 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG