Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Айыл, лыжа, жалгыздык...


Сайракан Жангирева коңшу-колоңдор арасында кадыр-барктуу.
Сайракан Жангирева коңшу-колоңдор арасында кадыр-барктуу.

Жашы 60ка таяп калган Сайракан Жангирева Нарындын Дөбөлү айылындагы үйүндө жалгыз жашайт. Ата-энесин багам деп өз бактысын байлаган. Өзү кезинде лыжа боюнча спорт чебери да болгон экен.

Айылга жетип, Сайракан эженин үйүн издеп, убара болгон жокмун. Биринчи жолуккан бала эле көрсөтүп койду. Бышкан кыштан салынган чоң там, ага удаалаш эле жыгач каалгалуу гараж турат. Тамаркада картөшкөсү казылып алынган, мал сарайдын үстүндө 4-5 машинедей чөп, отун жарылып, көң жыйылган. Билбеген кишиге үйдө эркек киши бардай эле туюлат. Айт күнү эмеспи, кой союп баш-шыйрагын куйкалап, конок камын көрүп жүргөн экен. Эркектей кийинген Сайракан эженин чачы кыска, бети айылдын ысык-суугуна тотугуп кыпкызыл. Сырттагы жумуштан кирдеген колун чайкап, үйүнө кирдик. Узун кепти жаш кезиндеги спортогу ийгиликтери менен баштады.

- Мен спортту 7- класста баштагам. Анан педучилищаны бүттүм. Лыжа боюнча спорт чеберимин. Бир нече жолку чемпион болгом. Орусиянын көп шаарында болдум. Ошентип союз тарады. Лыжа федерациясы жоюлду. Анан биздин убакыт дагы бүттү.

Ошентип, союз тараганы жумушсуз калат. Анан мектепке кирет, ал жерде 20 жылдан ашык эмгектенди. Сайракан эже жети бир туугандын кичүүсү, жалгыз агасы өз ырыскысын издеп бөлөк жакка кетет. Карыган ата-энени багып айылда өзү калат. “Ата-энем жалгыз калбасын” деген ой менен далай спорттук мелдештерден баш тартууга туура келет. Мелдештерге деле мейли дечи, эң негизги аял болууга жар издеп, турмуш курууну түк ойлогон эмес экен:

- Менде такыр андай ой болгон эмес. Болбосо жакшы эле болчумун да, көзүм кыйшык эмес дегендей. Көп эле жигиттер болду, бирок негедир билбейм эмне болгонун. Күйөө жөнүндө ойлонгон жокмун.

Ата-энесинин кайтыш болгонуна 20 жылдан ашып калды. Азыркы жашап турган тамды өзү салган. Азыр мал-жан күтүп, чарбасында элүүдөй кой, тогуз ую, эки жылкысы бар. Сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын оокатын кылат. Тириликке бышкан менен, аял кишинин мал багышы кыйын эле дейт.

- Таң азандан турасың, кечке жаның тынбайт. Жаш кезде билинчү эмес. Жаш өткөн сайын мал баккан кыйын эле экен.

Андыктан малын азайтмакка сатып, жаңы үлгүдөгү автоунаа алган экен.

- “Ниссан” бешинчи машинем. Негизи 26 жылдан бери эле машине айдап келатам. Биринчи жолу “Москвич” сатып алгам.

"Азаттык": Эми бул машинени айдап кайда барасыз?

- Шаарга айдап барам. Жумуш бүтүрөм, эки жакка айдап.

Жашоодо кимди кандай турмуш күтүп тураарын билбейсиң. Эркек мүнөз Сайракан Жангирева сыртка билгизбегени менен жалгыздык азабы көзүнөн байкалат. Бул аял бир келген жашоосун башкалардын бактысына арнаган. Жалгыздыгын арман кылып, кейибейт деле. Туугандарыныкына каттап, жумушка алаксыйт. Ата коломтосунун отун өчүрбөй, узак жашасын деген тилек менен коштошуп жолго чыктым. Тоо этегиндеги айылда бышкан кыштан салынган чоң тамдын морунан буркураган түтүн кол булгап жаткансып кала берди.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG