Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Кыргыз жаранын өзбек соту он жылга кести


Кыргыз-өзбек чек арасы. Кадамжай району, Баткен облусу.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Кадамжай району, Баткен облусу.

Өзбекстанда кыргыз токойчусу тыңчылыкка айыпталып, он жылга кесилди. Ал жаранга кыргыз тарап жактоочу камсыз кылып берген эмес.

Баткендин Кадамжай районунун 41 жаштагы тургуну Кубанычбек Эралиевге Өзбекстандын Фергана облусунун райондук соту "чек араны мыйзамсыз бузган" жана "тыңчылык кылган" деген айыптарды таккан.

Өзбекстанда тыңчылыкка айыпталып, 10 жылга кесилген Кубанычбек Эралиевдин аялы Гүлбахардын айтымында, күйөөсү кыргыз-өзбек чек арасын паспорту жок кесип өткөн. Аны 2-майда өзбек тарап чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн кармаган. Ага ылайык, алгач "чек араны мыйзамсыз бузган" деген айып менен кармалган Эралиевдин кийин тынчылыкка күнөөлөнүп, соттолгону табышмак бойдон калууда.

Жакындары Эралиевге тыңчылык боюнча айып тагылганы туура эмес жана бул айыпты ал моюнуна албаганын айтышууда. Өзбекстандагы сотко кыргыз тараптан эч ким, атүгүл айыпталуучунун жакындары да катышкан эмес. Эми алар абакта отурган Кубанычбек Эралиевден кабар ала албай айласы түгөнүүдө. Аялы Гүлбахар Эралиева алты баласын жетелеп, күйөөсүнөн кабар күткөнү күткөн.

- Күйөөмдүн күнөөсү жок деп ойлойм. Жакшынакай эле иштеп жүрчү. Алар өздөрү мыйзамсыз өткөрүп, эми кайра кармап алып “тыңчы” деп жатышат. Азыр ал жакта Кубаныч эмне күндү көрүп жатканын ким билет? Мурда ал жакка көчөт алып өтүп иштеген, анан бирөөлөр алдап өткөрүп карматып беришти. Чек арадан өткөндө паспорту жок экен.

Кубанычбек Эралиев райондук токой чарба мекемесинде иштеген.
Учурда Гүлбахар Эралиева алты баласы, карыган энеси менен турат. Өзбекстанга кирип, жолдошуна жолугуунун айласын издегени менен, азырынча майнап жок. Анын жардам сураган өтүнүчүнө райондук бийлик буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпаганын айтып, кол жаят. Аргасы кеткен район бийлиги эми Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Райондун башчысы Акрамжан Мадумаровдун пикиринде, Эралиевге тыңчылык боюнча айып тагылганы туура эмес:

- Бул боюнча бизде маалымат бар. Бирок укук коргоо органдарына соттун чечими келген эмес. Чек араны мыйзамсыз бузду дегенине ишенебиз, бирок тыңчылык дегени күмөндүү болуп жатат.

Өзбек тарап Тышкы иштер министрлигине Эралиевдин соттолгонун 2-декабрда гана тастыктады. Бирок эмне тыңчылык иш кылганы жөнүндө министрликте ныпым кабар жок. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Турдакун Сыдыков учурда маалыматтар такталып жатканын билдирди:

- Биздеги маалымат боюнча Эралиевге сот "чек араны мыйзамсыз бузган" жана "тыңчылык кылган" деген айып таккан. Ага ылайык, 10 жыл 5 айга кесилди. Өзбекстандын мыйзамдары боюнча, бул берене менен соттолгондор мунапыс менен, же айып төлөп чыгып кеткенге болбойт экен.

Жергиликтүү эксперттер кыргызстандык жаран Өзбекстанда соттолгонун тыңчылык менен байланыштырууга анча ынанбай турушат. Тышкы иштер министрлиги 2-майда кармалган кыргызстандык жөнүндө соттолгондон кийин гана кабардар болуп отурат. Эми ал жарандын абалы, иши кандай тергелгени, эмненин негизинде тыңчылык беренеси коюлганы белгисиз.

Тышкы иштер министрлигинин 2013-жылдагы маалыматында Өзбекстандын абактарында жазасын өтөп жаткан 81 кыргызстандык жаран бар. Ал эми Тажикстанда 20дан ашык кыргызстандык абакта отурат. Алардын көпчүлүгүнө аткезчилик менен алектенген, чек арадан маңзат алып өткөн деген айыптар тагылган. Төрт жыл мурун Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап салганына байланыштуу жарандардын аткезчилик жолу менен жүк алып өтүүсү күчөп, кокус кармалгандары болсо Өзбекстандын катаал мыйзамдарынан жапа чегип калышат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG