Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Мурдагы министрдин сотунда көрсөтмөлөр өзгөрүүдө


Равшанбек Сабировду Биринчи май райондук сотуна алып келишүүдө. 6-июль, 2012-жыл.
Равшанбек Сабировду Биринчи май райондук сотуна алып келишүүдө. 6-июль, 2012-жыл.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Сабировдун сотунда ошол кездеги орун басары Дербишова да күбө катары сурак берди.

Ошондой эле сотто Сабировдун жардамчысы Тахир Мырзахметов мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, экс-министрди актап сүйлөдү. Бирок мамлекеттик айыптоочу бала асыроочу фирмаларды тандоодо Сабировдун күнөөсүн далилдеген фактылар бар экенин билдирүүдө.

“Акчаны министр эмес, өзүм алгам”

Биринчи май райондук сотунда Сабировдун жардамчысы, ушу тапта убактылуу кармоо жайында камалып турган Тахир Мырзахметов күбө катары сурак берди. Ал алгачкы берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, бул жолу Сабировду актап сүйлөдү. Мырзахметов 5-июлда иш кабинетинде италиялык фирманын өкүлү Айгүл Исмаиловадан10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган жана акчаны Сабировдун түздөн-түз көрсөтмөсү менен алганын билдирген. Ага чейин да 5 миң доллар пара өндүрүп, министрге жеткиргенин алгачкы көрсөтмөсүндө айткан болчу.

Равшанбек Сабировду жардамчысынын ушундай билдирүүсүнө негиздеп камакка алышкан эле. Мырзахметов өзү тааныбаган адвокат “Сабировго каршы далилдерди келтирсең, бошоносуң” деп айтканы үчүн ошондой мазмундагы көрсөтмө бергем дейт.

- Адвокат мага кирип, министр Сабировго каршы көрсөтмө берсең, бошоносуң жана эч кандай жоопкерчиликке тартылбайсың деген. Мен ага ишенип, баштагы көрсөтмөмдү ал айткандай кылып бергем.

Мырзахметовдун айтышынча, бала асыроочу италиялык фирманын өкүлү Айгүл Исмаиловадан болгону 5 миң доллар гана алып, калган суммадан баш тарткан. Ал кырдаалдан пайдаланып акча өндүрүп калууну көздөгөнүн, ага министрдин эч кандай катышы жоктугун кошумчалады.

Мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго Башкы прокуратура тарабынан “ири өлчөмдө пара алган” деген айып тагылып, 5-июль күнү камакка алынган. 25-июлда соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган эле.

Прокурор: Сабировдун күнөөсү бар

Мамлекеттик айыптоочу болсо, экс-министр Равшанбек Сабировдун күнөөсү бар жана жардамчысынын жаңы көрсөтмөлөрү аны жооперчиликтен коргоп калбайт дейт.

Прокурор Асаналы Иманбеков буларга токтолду:

- Эки ай бою тергөө жүрүп жаткан маалда сурак берип жатып, кыңыр иштер кандай болгондугун жакшынакай жана даана көрсөтүп жаткан. Анан эле бүгүнкү сотто аларды өзгөртүп айтып жатат. Мүмкүн бир жагынан өзүнүн жетекчисин коргоп калайын, же өзүм кылмыш жоокерчилигинен кутулуп кетейин деп жатат. Бирок кылмыш иштин материалы боюнча, алардын экөөсүнүн тең: Сабиров менен жардамчысынын күнөөсү далиденген.

Сабировдун ошол кездеги орун басары Гүлнара Дербишева да ушундай эле айып менен, бирок башка факты боюнча 31-август күнү кармалып, учурда УКМКнын убактылуу камоочу жайында кармалууда. Сабировдун сотунда Гүлнара Дербишева да күбө катары көрсөтмө берип жатып, бала асыроочу фирмаларды тандоодо экс-министр Равшанбек Сабировдун ролу кандай болгон, ал кайсы бир фирмага артыкчылык берип, жеке кызыкчылыгын көздөгөнбү деген суроолорго жооп берди. Ал өз сөзүндө экс-министрди айыптаган да, актаган да билдирүүлөрдү жасаган жок.
XS
SM
MD
LG