Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомоли Рахмондун сүйлөшүүлөрү коңшу өлкөнүн Исфара шаарында башталып, Чолпон-Атада аяктады.
Өткөн аптада кыргыз-тажик чек арасында орун алган чатактан кийинки жолугушуулардын башкы сабында дал ушул чек араны тактоо маселеси турду.
Жаңы принцип ишти илгерилетеби?
Жолугушууда бул маселе боюнча кайсы бир документке кол коюлуп же кийинки сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү айтылган жок. Бирок Чолпон-Атадагы жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков чек ара маселесин «жөнөкөйдөн татаалга» көздөй чечүү макулдашылганын билдирди:
«Эки тараптуу алаканын бардык маселелери боюнча жетишилген келишимдер кубандырат. Анын ичинде президент Рахмон менен кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү боюнча мунаса тапканыбыз абдан сүйүндүрөт. Биз чек ара боюнча жөнөкөйдөн татаалды көздөй иш алпарууну макулдаштык».
Кыргызстандын президенти айтып жаткан чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө жөнөкөйдөн татаалды көздөй деген принцип эмне жана акыркы мезгилде курчуп кеткен чек ара маселеси боюнча кандай конкреттүү кадамдар көрүлөт деген суроо кызыгуу жаратууда. Адистер мындай ыкманы чек ара боюнча ишти токтотпостон, ишти ырааттуу жүргүзүү аракети деп түшүндүрүүдө.
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Каныбек Ботобаевдин айтымында, Исфара жана Чолпон-Атадагы президенттердин жолугушуусунан соң эки өлкөнүн адистеринен куралган топтун сүйлөшүүлөрү өткөнү жатат:
«Жакын арада эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуусу болот. Калган деталдуу маселелерди талкуулап, чек араны тактоо боюнча иш алдыга жылат. Бул жолугушуу Тажикстанда болот жана 10 күндүн ичинде өтүшү мүмкүн».
Ботобаев адистердин кийинки жолугушууларында чек аралаш аймактагы «шахматтык тартипте» жайгашып калган айрым тилкелерди алмашуу боюнча варианттар каралышы мүмкүн экенин четке каккан жок.
Чек ара чечкиндүүлүктү талап кылат
Чынында эле чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундары биринчи кезекте дал ушундай тилкелерди чечүүнү талап кылып келишкен. Маселен, Баткен облусунун Кайрат аттуу тургуну президенттердин жолугушуусу дал ушундай маселелери чечүү менен жыйынтыкталса жакшы болмок:
«Эки президент чек арадагы маселелерди өз көзү менен көрүп кетти. Эми биздин каалаганыбыз эле талаштуу жерлерди зым менен тосуп же алмаштырабы, тактап, чатак чыкпагандай кылса жакшы болмок».
Ал эми чек ара маселелери боюнча адис, профессор Саламат Аламановдун айтымында, эки президент жолугушуп, акыркы кезде курчуп турган жагдайды жайгарууга жетишти. Бирок бул жолугушуунун жыйынтыгы менен чек араны тактоо боюнча конкреттүү кадамдар жасалбаса, жергиликтүү тургундарда түшүнбөстүк жаралышы мүмкүн:
«Жээнбеков менен Рахмондун жолугушуудагы айткандары саясий жактан абдан туура. Чек араны чечүү боюнча чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек деген сөз дайыма эле айтылып келет. Рахмон менен Акаев жолукканда айтылган, кийин Хожентте Рахмон менен Бакиев жолукканда сөз болгон. Кыскасы, бул айтыла жүргөн сөз. Эми ошонун жыйынтыгы менен конкреттүү кадамдар эксперттердин деңгээлинде иштелип чыгып, ишке ашышы керек. Азыр президенттердин жолугушуусунан соң жергиликтүү эл аябай күтөт. Анан бир айдын ичинде сурай баштайт. Мына ушуга даяр болушу керек».
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт, анын 500 чакырымдан көбү такталган. Талаштуу делген 400 чакырымдан ашык чек ара сызыгына өткөн аптада чатак орун алган Ак-Сай-Ворух участогу да кирет.
Жергиликтүү тургундардын чек ара тилкесинин өз тараптарына мамлекеттеринин желегин жана жазууларды орнотуу аракеттери жаңы кагылышка алып келди. Жыйынтыгында ок атылып, бир тажик жараны каза тапты. Эки тараптан 20дай киши жараат алган болчу.