Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Бекзат Осмоналиев: Дүйнө чемпиону болгум келет


Лондон олимпиадасына жолдомо алган спортчулардын бири – оор атлетика боюнча Азия кубогунун жеңүүчүсү Бекзат Осмоналиев.

Быйыл 24-апрелден 1-майга чейин Түштүк Кореянын борбору Сеулда өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар командалык эсепте Лондон олимпиадасына бир жолдомо алышкан.

Федерациянын чечими менен Азия чемпионаттарында ийгилик жаратып жүргөн Бекзат Осмоналиевге ишеним көрсөтүлүп, Лондон олимпиадасына алынган жолдомо ага ыйгарылган.

Лондонго Токтогулдан башталган жол

Лондон олимпиадасына жолдомого ээ болгон Бекзат Осмоналиев 1988-жылы 28-декабрда Токтогул шаарчасында туулган. Оор атлетика боюнча эл аралык спорттун чебери, өлкөнүн бир нече жолку рекордчусу. Азия кубогунун бир нече жолку жеңүүчүсү. Бекзат Осмоналиев бир нече ирет өлкөнүн мыкты спортчусу аталган.

Оор атлетчи Бекзат Осмоналиев 14 жашында Токтогул жергесинде өлкөгө эмгек сиңирген устат Эсен Майназаровдун колунда машыга баштаган. Андан бери он жыл өтүп, Бекзат Осмоналиев эл аралык аренада таанылды.

Бекзат алты бир туугандын ортончусу. Атасы Бекжан алты жыл мурда каза болуп калган. Апасы Жаңылай Токтогул шаарчасындагы мектепте англис тил мугалими.

Айрым күйөрмандар "1980-жылы Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиевге Бекзат Осмоналиевдин туугандык жайың барбы?" - деп кызыгып сурап калышат.

Чынында Каныбек Осмоналевге туугандык жайы жок. “Чет жерде өткөн чоң-чоң турнирлерде Каныбек агайды тааныган спортчулар мага кайрылып, "сен баласы болосуңбу?" деп сурап калышат. Чынында фамилияларыбыз гана окшош”, - дейт Бекзат Осмоналиев.

Спорттогу жолу

2005-жылы Ташкент шаарында Азия кубогуна арналган мелдеш өткөн. Отузга чукул мамлекеттер арасында 56 кг. салмакта Бекзат Осмоналиев алтын медал жана кубокту жеңип алган.

2005-жылы Ташкентте Азия чемпионатында күмүш медалга татыган. Ошондон бери ийгиликтерге жетип келүүдө. 2006-жылы Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарына катышкан.

2008-жылы Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатында экинчи орунду ээлеген. Ушул жылы Азия кубогунда коло байгелүү болгон. 2009-жылы Тайландда өткөн Азия кубогунда биринчи орунду жеңип, алтын медал тагынган.

Таймаш курч болот

Кыргыз балбаны Бекзат Осмоналиев Лондон олимпиадасында байгелүү орунга илинип калышы мүмкүнбү? Бул балбан тууралуу дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Чынында Лондон олимпиадасында дүйнөдөгү эң күчтүү делген кытайлык, казакстандык, кореялык жана ирандык балбандарга каршы туруу кыйын. Себеби кийинки олимпиадалык оюндарда жана дүйнө чемпионаттарында алардан алдыга озуп байге алгандар боло элек. Ошондуктан алардыкындай шарт түзүп бере албасак да Бекзат Осмоналиевге камкордук көрүп, Лондондо ийгиликке жетсе деп үмүт кылып турабыз.

Адистердин баамында, мурдагы Кеңеш доорундагы штанга менен машыгуу ыңгайсыз жана кооптуу. Учурдагы эл аралык талаптарга ылайык жаңы жабдуулар өлкөдө жокко эсе.

"Жаңы мезгил талабына ылайык, жулкуп көтөрүүдө серпилгич штанганын наркы 5-6 миң долларга барабар. Лондон олимпиадасында колдонула турган финдердин штангасындай жабдуу Кыргызстанда жок. Ошондуктан Казакстанга барып, алар менен бирге машыгууга аргасызбыз", - дейт Бекзат Осмоналиевдин устаты Үсөнкан Майназаров.

Футболчу жана балыкчы Бекзат

Бекзат Осмоналиев бош убактысында “досторум менен тоого чыгып, балык уулайм. Көбүнчө футбол ойноп эс алабыз”, - дейт ал.

Учурда Ысык-Көлдө даярдык көрүп, эми Казакстанга жөнөп жаткан Бекзат Осмоналиев “Азаттыкка” маек курду.

- Лондон олимпиадасынын таймашуулар курч мүнөздө өтөөрүн баамдап турам. Олимпиадага дүйнөдөгү эң мыкты, күчтүү балбандар жолдомо алышты. Мындан сырткары менин салмагымда ирандык, кытайлык жана кореялык күчтүү атаандаштарым бар. Кимдин даярдыгы мыкты болсо, жылдызы жанышы мүмкүн. Мен да Каныбек Осмоналиевдей болуп Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, олимпиада, дүйнө чемпиону болгум келет. Аны алдыдагы Лондон олимпиадасындагы мелдеш көрсөтөт.

2010-жылдан бери Бекзат Осмоналиев дүйнө чемпионаттарында өз салмагында он мыкты балбандын катарына кошулуп жүрөт. Былтыр Парижде өткөн дүйнө чемпионатында жетинчи орунду ээлеген.

Быйыл Казакстандын ачык чемпионатында Бекзат Осмоналиев 62 кило салмакта 133 кг. оордукту жулкуп, 156 кило салмакты түртүп көтөрүп, Кыргызстандын рекордун жаңыртты. Лондон олимпиадасында Бекзат 56 кило салмакта өлкө намысын коргойт.

Оор атлетиканын жүгү да, түйшүгү да оор

Эгемен өлкө болгону оор атлетика спортунун таасири жанып, жылдан жылга чеберчилик төмөндөп бараткандай туюлат. Жер-жерлерде бул спортко кызыккан жаштар дагы саналуу гана. Атүгүл балдарды машыктыруучу адистер да жокко эсе. Оор атлетиканын массалык өнүгүүсү да төмөндөп баратканына адистер да кабатыр.

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышып келет. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп, Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган.

Эгемендүү өлкө болгону кыргыз спортунун чеберлери Митал Шарипов жана Улан Молдодосов олимпиадалык оюндарга катышкан.

Кичи мекени – Токтогул

Жашы – 25

Бою - 162 см.

Салмагы - 56 кг.

Спорт даражасы - Эл аралык спорт чебери

Эң жакшы көргөн тамагы - Торпок кулак (камыр)

Эс алганда - Балык уулоо жана футбол ойноо

Окуган жери - Дене тарбия жана спорт академиясы

Устаты – өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Үсөнкан Майназаров

Спорттогу кумири – олимпиаданын үч жолку чемпиону, түркиялык Халил Мутлу

Жакын адамы – апасы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG