Азия кубогундагы “С” тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында өтүп жаткан Кыргызстан-Филиппин оюнунда “ак шумкарлар” дагы бир гол киргизип, эсеп 2:0 болду.
Голдун автору кайрадан Виталий Люкс болуп, дубль менен айырмаланууда. Экинчи гол 51-мүнөттө киргизилди.
Натыйжада Кыргызстан ушул мүнөттө “С” тайпасында ишеничтүү түрдө үчүнчү орунда келатат. Ал эми кирген гол менен киргизген голдордун айырмачылыгы нөлгө теңелди. Буга чейин Кыргызстан бул көрсөткүчтө -2 менен келе жаткан.
Кыргызстан эсепти оюндун аягына чейин кармаса, тайпадан үчүнчү орун менен чыгууга мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Азия кубогундагы “С” тайпасынын жыйынтыктоочу айлампасынын алкагында өтүп жаткан Кыргызстан-Филиппин оюнунда “ак шумкарлар” үчүнчү голун, ал эми филиппиндиктер бир голун киргизди.
Бүгүнкү оюндагы кыргыз командасы киргизген үч голдун автору тең Виталий Люкс болду. Ал эми Филиппин командасына алгачкы голду команданын капитаны Штефан Шрёк алып келди.