19-апрелде Бишкектеги борбордук стадиондо жеңил атлетика боюнча Москва олимпиадасынын коло байге ээси, даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровду эскерген бешинчи эл аралык турнир өттү. Ага Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан өлкөлөрүнөн тандалган жүздөн ашуун жөө күлүк катышты.
Атактуу жөө күлүктү эскерген жарыш
![](https://gdb.rferl.org/61b9eb59-3bf8-45df-b198-d0435605671e_w1024_q10_s.jpg)
1
![1000 метр аралыкка жигиттердин жарышында биринчи орунду орусиялык Андрей Мингулин жеңип алды.](https://gdb.rferl.org/bb09ab5a-8280-4bd7-bdfb-27930fa5b229_w1024_q10_s.jpg)
2
1000 метр аралыкка жигиттердин жарышында биринчи орунду орусиялык Андрей Мингулин жеңип алды.
![Анын өнөктөштөрү Андрей Логинов менен Геннадий Елсанов күмүш жана коло медаль тагынды.](https://gdb.rferl.org/49aaf1ea-d415-47c5-86c0-abd178f03e57_w1024_q10_s.jpg)
3
Анын өнөктөштөрү Андрей Логинов менен Геннадий Елсанов күмүш жана коло медаль тагынды.
![Экинчи орунду орусиялык Олесия Шуклина ээледи. Коло байгени жалалабаттык жөө күлүк Гүлшанай Саттарова утуп, келечегинен үмүткөр кылды.](https://gdb.rferl.org/782c0744-6986-4aec-b2de-bf1c06c7faca_w1024_q10_s.jpg)
4
Экинчи орунду орусиялык Олесия Шуклина ээледи. Коло байгени жалалабаттык жөө күлүк Гүлшанай Саттарова утуп, келечегинен үмүткөр кылды.
![](https://gdb.rferl.org/8290edb5-d9a3-4a00-91f3-da75a1169a0c_w1024_q10_s.jpg)
5
![5000 мерт аралыкка кыз-келиндердин жарышында марага кыргызстандык Дарья Маслова озуп келип, “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” ардак наамынын таламдарын аткарды.](https://gdb.rferl.org/5706fed9-5254-455e-bc37-0853883a4b09_w1024_q10_s.jpg)
6
5000 мерт аралыкка кыз-келиндердин жарышында марага кыргызстандык Дарья Маслова озуп келип, “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” ардак наамынын таламдарын аткарды.
![400 жана 1000 мерт аралыктардагы жарыштарда бардык байгелүү орундарды орусиялык кыз-жигиттер жеңип алышты.](https://gdb.rferl.org/48c0c342-83a6-4020-9838-e614953361a1_w1024_q10_s.jpg)
7
400 жана 1000 мерт аралыктардагы жарыштарда бардык байгелүү орундарды орусиялык кыз-жигиттер жеңип алышты.
![](https://gdb.rferl.org/a9ba9c68-6cb2-4874-b97e-e02303f0e98d_w1024_q10_s.jpg)
8
![10 км. алыс аралыкка жарышууда марага орусиялык Ринас Ахмадеев озуп келди.](https://gdb.rferl.org/2a9d1c80-5e54-4462-ba96-8a776a792ee7_w1024_q10_s.jpg)
9
10 км. алыс аралыкка жарышууда марага орусиялык Ринас Ахмадеев озуп келди.
![Орусиялык Юрий Клонцов экинчи орунду ээледи. Өзбекстандык Ортик Рамазанов коло байгелүү болду. Кыргызстандык жөө күлүк Адилет Кыштакбеков жаштыгына карабай, тажрыйбалуу күлүктөр менен тең тайлашып, марага төртүнчү болуп келди.](https://gdb.rferl.org/7bd1061f-4eb0-428b-8cce-a2a29ee19520_w1024_q10_s.jpg)
10
Орусиялык Юрий Клонцов экинчи орунду ээледи. Өзбекстандык Ортик Рамазанов коло байгелүү болду. Кыргызстандык жөө күлүк Адилет Кыштакбеков жаштыгына карабай, тажрыйбалуу күлүктөр менен тең тайлашып, марага төртүнчү болуп келди.