Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:38
коллаж.
коллаж.

Миллиондук доо, соцтармактагы маанай

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко беришине коомчулук кандай баа берүүдө.

15:27 13.12.2019

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы, экс-депутат Чолпон Жакупова үч маалымат каражатына жана журналистке берилген доо жана алардын банктык эсептеринин камакка коюлушу сот менен алдын-ала эле келишилген деп эсептейт. Бул тууралуу ал 13-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын маалыматына караганда, Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Матраимовдордун жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арызын кароодо мыйзам бузган. Мыйзам боюнча арыз түшкөндөн кийин ал беш күндүн ичинде автоматтык система аркылуу бөлүштүрүлүп, ишти кайсы судья карай тургандыгы аныкталат.

Бирок судья Жылдыз Ибраимова беш күндүк мөөнөттү күтпөстөн, 9-декабрда түшкөн арызды 10-декабрда караган. Жакупова судья ЖМКларга каршы арызды карап, алардын банктык эсебин камакка коюудан мурун ал канчалык негиздүү экенин баалашы керек болчу деп эсептейт.

- Судья арызды ушундай тез жана кубануу менен караганда юристтер муну ич ара «судья ишти тосуп алды» деп айтып коёбуз. Демек, бул ишти ким карайт жана кандай чечим кабыл алат - алдын-ала эле келишип алышкан. Экинчиден, бул иште жоопкер тарап ушуга чейин соттон доо арыздын көчүрмөсүн ала элек. Банк эсептеринин камакка коюлушу, керек болсо сот качан болору тууралуу да маалымат бериле элек. Банктагы эсептери камакка коюлганын аларга сот эмес, банк кабарлаган. Ал эми бүгүнкү соттук отурум боюнча кабарды Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тараткан маалыматтан көрүштү. Соттук башаламандык болуп жатат.

Чолпон Жакупова үч медиага жана кабарчыга коюлган миллиондогон доону мурдагы президент Алмазбек Атабаевдин бийлигинин акыркы жылдарында жалпыга маалымдоо каражаттарына салынган айып пулдар менен салыштырды.

- Бул окшош окуя. Шайлоо алдында саясий жана медиа айдыңды тазалоо иши жүрүп жатат. Алмазбек Шаршеновичтин убагында да ушундай эле болгон. Эсиңерде болсо «Занозага», мага, «Азаттыкка», 24.kg жана Кабай Карабековго акчалай доо коюлган.

15:31 13.12.2019

Зуля Асланова

Итак, какие шаги предпринимает власть, чтобы вернуть спокойствие людям, а себе упрочить позиции? Президент все еще просит факты (чёт не особо успокаивает, депутаты откровенно тупят (мы привыкли), суды откровенно топят команду аша (да уж). В этой катавасии чуть-чуть, на одну маленькую ступень выше кажется стоит премьер? Как думаете? Лично мне нравятся его нынешняя работа по таможне. То, что там устанавливают тотальные системы контроля.

15:40 13.12.2019

LIVE. Соттук доолор сөз эркиндигине басымбы?

15:59 13.12.2019

Чолпон Орозобекова

Кечээ Женевада Евросоюздун офисинде жолугушуу болду. Кыргызстанда болуп аткан окуялар, сөз эркиндигине чабуул тууралуу айтып бердим. Жолугушууга бир топ Европа мамлекеттери катышты. Соңку окуялар Раим сотторду куурчактай эле ойноторун далилдеди. Президент Жээнбеков, сиздин Бакиев менен Атамбаевден айырмаңыз эмнеде? Өзүңүз соттоп аткан Атамбаевдин жолуна түшүп алдыныз. Кимдердин барымтасында калдыңыз?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG