Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57
коллаж.
коллаж.

Миллиондук доо, соцтармактагы маанай

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко беришине коомчулук кандай баа берүүдө.

17:33 13.12.2019

"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыктын” "Эксперттер талдайт" телеберүүсүндөгү талкууда сүйлөп жатып, жакында өтө турган Коопсуздук кеңешинде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков коррупция боюнча чечкиндүү позициясын билдириши керек деп айтты.

- Бир жуманын ичинде Коопсуздук кеңеши болот. Азыр президенттин кетенчиктей албай калды. “Факты керек”, – деп эки жолу айтты. Президенттин чечкиндүү реакциясын мен Коопсуздук кеңешинде күтөм. Ошол жерде радикалдуу чечимдер кабыл албаса, анда элдин шек саноосуна жем таштап коет, - деди Шыкмаматов.

17:21 13.12.2019

Жаңы жомок

Саман Уранкай

Тээ алыстан аттардын дүбүртү угулуп, добулбастын коштоосунда кырк кило пахта артынып келаткан "кырк мырктын" карааны көрүндү. Ыш каптап турган ордонун чок ортосунда опол-тоодой ак өргөөнүн ичи кажы-кужу болуп, бай-манаптар былчылдата май чайнап, беш бармакка он манжасын матыра сугунуп, маал-маалы менен Матырайдын тукумуна дуа кылып отурушкан эле. Ак өргөөнүн төрүндө төрт кабат мамык төшөктө Былкэтпес хан отурат. Сол жагында Асылаке бий, оң жагында каман терисин жамынып, астына алты кабат мамык төшөк салынып кадимки Рамилон баатыр отурат. Сабы алтынга ширелип, өрмөгү калктын шили терисинен өрүлүп, араптын асыл таштары менен шөкөттөлгөн өрмө камчысын отургандарга кезей Рамилон баатыр кеп баштады:
- Ээй простой смертнийлер! Уккула менин сөзүмдү! Менин адресиме жаман сөз уксам жарчыңды да, малчыңды да, деги койчу иливоюңду зынданга тыгам. Мамлакатка кол салды деп мазгимди тоңкойтконуңарды токтоткула, мырзалар! Бу жалганда эки гана ак бар. Бири эненин сүтү болсо, экинчиси мен"-деди. Отургандар биринен сала бири" Туура! Туура! " дешип кубаттап, кай бири оордуларынан тура да калышты. Тура калгандардын арасында жүз жыйырма башы Дасисфантастиш бек да бар эле. Былкэтпес хан унчуккан жок. Ак да дебеди, көк да дебеди. Хандын көзүнөн "Каңкретний дадил жок болсо, "каңк" эттире башка чап! " дегендей ишаарат байкалып турду. Калдайган кара кытайдын үлбүрөк целлофан баштыгандай болгон Өкмат аке да башын өйдө көтөрүүдөн айбыгып, чылкый май шорподон ууртап отурду...

16:58 13.12.2019

Бакыт Рыспаев

Жомокто айтылат:
"Оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң!" деп.

#Тандоо: ЭЛ же уурулар.

16:53 13.12.2019

Azamat Baatai

Кечээ БАЭде президент менен болгон жолугушууда дал ошол сот реформасындагы адамдык фактор боюнча суроо узаткам. Албетте жоопко канааттанган жокмун. Ал жерден чыккыча эле бөрк ал десе баш алган адамдык фактор үстөмдүк кылып кетип бир заматтын ичинде 3 массалык маалымат каражаттарынын банктык эсептери тоңдурулуптур. Үй-бүлөлүк кландын мамлекеттик системага кылган чакырыгы мамлекеттүүлүктүн негизине доо кетирчү көрүнүш. Бир эле көзгө басар сөз эркиндигибизге болгон басым бул түптүз туңгуюкка алып барчу жол. Кап, сөз эркиндиги жөнүндө суроо берсем болмок. #Тунгуюк

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG