Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришти

Ант берүү аземи 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталды. Инаугурацияга 450 киши чакырылды. Бул салтанатка жалпысынан 8 млн 404 миң сом сарпталары кабарланды. Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев Ак үйдү көздөй жөнөп кетишти.

"Айрым убадаларымды жүзөгө ашыра албадым. Ал үчүн кечирим сурайм. Айланайын кыргыз элим, кечирип койгула мени", - деген Алмазбек Атамбаев жаңы президент Сооронбай Жээнбековго батасын окуп берди.

- Мен ушул Сооронбай Шариповичке, досума өз батамды берейин. Өзүм жаздым эле, өзүм окуп берейин. Оо, Жараткан! Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта. Душмандын жалаасынан сакта. Дос көрүнүп, кас болгондон, жаныңда жүрүп өч болгондон сакта. Соке, досум береке жаныңдан, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин. Аман бол, бактылуу бол! Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум!

Президенттик кызматка расмий түрдө киришкен Сооронбай Жээнбеков ант бергенден кийин сүйлөгөн сөзүндө Атамбаевдин эмгегин жогору баалады. "Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман, көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы, "Ак шумкар" өзгөчө белгисине татыктуусуз. Сизге аны элибиздин атынан чоң сыймык менен тапшырам деген үмтүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи жарлыгым ушул болот",- деп айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG