Алыкул үй-борборунун жетекчиси Памирбек Казыбаев акындын музейинде бизге Осмоновдун тарыхый сүрөттөрүн көрсөтүп жүрдү:
- Алыкулдун чыгармачылыгын кырк жылдан бери изилдеп келаткан инсан катары мен Осмоновдун көзү кылыр болгонун уккан эмесмин. Мына, Чолпон-Атадагы үй музейиндеги сүрөттөрдөн да Алыкулдун көзү кылыр же чалыр болуп калганын көргөн эмеспиз да. Азыр Алыкулдун өзүнүн үйүндө отурабыз. Бала кезинен баштап өмүрүнүн акырына чейин түшкөн сүрөттөрү бар. Көздөрү жакшынакай болуп эле чолпондой жанып турат го.
Улуттук банк дизайны бир аз өзгөргөн 200, 500 жана 1000 сомдук жаңы акча 1-январдан тарта жүгүртүүгө чыгарын билдирип, алардын жаңы жасалгаланган сүрөтүн жарыялаган. Аны көргөн айрым жарандар социалдык түйүндө улуу акындын көзү кылыйып калганын айтып нааразы болсо, айрымдар келекелеген.
Фейсбук колдонуучу Марат Төлөмүш уулу бул маселенин тегерегинде жүрүп жаткан талкууга көз салып отуруп, кээ бир саясатчылардын комментарийи коомчулукту иренжитип турганын айтты:
- Кыргыз элинин айтылуу акыны Алыкул Осмоновдун жаңы банкнотто чыккан сүрөтүндө чын эле көзү чалыр болуп калган. Муну мен эле эмес, бул сүрөттү көргөн кыргыз коомчулугу айтып жатат. Анан эми бул талкууга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты, социал-демократ Ирина Карамушкина Фейсбукка “балким чын эле көзү чалыр болуп жүрбөсүн” деген пикирин калтырган. Менимче Жогорку Кеңешке кыргыз коомчулугунун элитасы топтолушу керек эле. Бирок бул депутаттын айтканы Жогорку Кеңеште интеллигенция өкүлдөрү отурбаганын, Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы менен тааныш эместигин, музейге барып акындын сүрөтүн бир да жолу көрбөгөндүгүн далилдеди.
Марат Төлөмүш уулу Улуттук банк жаңы жасалга менен чыга турган акчаны кайра оңдошу керек экенин айтып, депутат Ирина Карамушкинаны Жогорку Кеңештин депутаттык этика боюнча комитети тартипке чакырышы керек деген пикирин билдирди.
Парламент депутатынын жазган комментарийи көчүрмө болуп сүрөткө тартылып социалдык тармактарга жайылып, талкууну күчөттү. Ирина Карамушкина Алыкул Осмоновдун көзү тууралуу жазган пикири боюнча “Азаттыкка” мындайча түшүндүрмө берди:
- Мен "фотосүрөттүн түп нускасында ошондой тартылып калса керек да" деп жазгам. Негизи банкноттогу сүрөттү кайдан алышкан? Ал сүрөттүн түп нускасынан алынат да. Мен анын көзүн кайдан билип, кайдан көрмөк элем? Эгер банкноттогу сүрөттү оригинал фотосүрөттөн алып жасаса, анда ошол түп нуска сүрөттүн өзү сапатсыз болсо керек да дегендей мааниде жазгам.
Алыкул акындын Москвадагы күйөрманы
Алыкул акындын Москвадагы күйөрманы
Москвада Кыргызстанды өз мекеним деп санаган акын-котормочу Михаил Синельников жашайт. Бүгүнкү Орусиянын көйгашка котормочуларынын бири Михаил Исаакович жарым кылымдан бери кыргыз акындарын орусча сүйлөтүп жүрөт.
Ирина Карамушкина буга чейин “калпакты саунага да кийсе болот деп айтып улуттук баш кийимди шылдыңдаган” деген сөзгө илешип, коомчулуктун сынына кабылган.
Памирбек Казыбаевдин айтымында, бул Улуттук банктын биринчи жолу кетирген катачылыгы эмес. Анын айтымында, буга чейин басылып чыккан 200 сомдукта акындын ырлары ката жазылып калып, кайра оңдотулган:
- Тарых кайталанып жатат. Биринчи жолу акчасы чыгып жатканда 200 сомдукка Осмоновдун көл тууралуу ырынан бир куплет берилип, бирок туура эмес жазылып калган. Көптүк сан, жекелик сан деген эрежелер сакталган эмес. Аны булар кайдан алган? Көрсө булар академияга барып, ал жердегилер буларга 1970-жылы чыккан бешинчи класстын адабиятындагы ырды берип салыптыр. Түп нускасында ыр башка болгон. Ал чыккандан кийин биз ызы-чуу болуп, жеке мен Алыкулдун күйөрманы, музейдин уюштуруучусу катары үч жыл алышып, текстти оңдотконбуз.
Улуттук банктын маалымат кызматы учурда жаңыланган 200 сомдук акчага акын Алыкул Осмоновдун 2010-жылдагы банкноттогу сүрөттөрү өзгөрүүсүз түшүрүлгөнүн, сын-пикирлерге карабай сүрөт өзгөртүлбөй турганы тууралуу кабар таратты. Коомдук сын-пикирлер эске алынбай жатканына караганда жаңы дизайндагы акча буга чейин эле басылып чыгып калгандай.