Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:27

Абактагы аялдарга иш табылды


18-июлда Кыргызстандагы №2 аялдар абагында тигүү жана буурчак иштетүү цехтеринин ачылышы болду.

60 тигүү машинасы жана башка жабдыктар коюлуп жаткан Степное айылындагы абакта 300дөн ашуун аял отурат.

- Аялдардын, балдардын кийимин тиккенди жакшы көрөм. Токуйбуз, окудук, эки курсту бүтүрдүм. Келбет келиштирүү боюнча жана тигүүчүлүк атайын окуу жайын бүтүрдүм. Күбөлүк алдык, ал диплом катары болот да. Экинчисин мына бүгүн эле алдым.

Каштары керилген, сулуу, арыкчырай, ар бир сөзүн жылмайып айткан Дилфуза аялдардын абагында 3 жылдан бери отурат. Дагы 4-5 жыл калды дейт, маңзат менен кармалып, эркинен ажыратылган.

30 жаштагы Зауре “бир айдан кийин абактан чыгып кетем” деп кубанычын жашырган жок. Ал да Дилфуза сыяктуу күндө тигет.

- Айлыгыбыз аз эле болуп жатат, билбейм эмне үчүн... Жанталашып эле иштейбиз. Бригадирибизге шүгүр, жакшы. Ал эмес, башка бирөө болгондо бизге бир килограмм махорка, бир ширеңке эле берип коймок.

Степное айылындагы №2 аялдар абагында бүгүн тигүү жана буурчактан азык чыгаруу цехтеринин ачылышы болду.

Аялдардын 70 пайызы цехтерде, калгандары чарбалык тейлөөдө иштейт.

Бул цехтер мурда да бир нече жолу ачылган эле. Дагы ачылып жаткан себебин Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Александр Никсдорф түшүндүрдү.

- Акыркы убакта цех иштечү эмес. Мурда анын жабдыктары да Жаза аткаруу кызматыныкы эмес болчу. Жеке ишкерлер менен келишип иштешчү. Эл ошолордун жабдыктары менен жумуш кылчу.

Эки цех 6 миллион сомго жабдылып, муну Европа биримдиги каржылады. Ачылышка чакырылган журналисттер мындай учурдан пайдаланып, жабык мекемедеги турмушка кызыкты.

3 баланын энеси Анна марихуана менен кармалып, 8 жылга өзгөчө режимге кесилген. Ага мунапыс да каралбайт. Аннанын айтымында, бул жерде көбүнесе бир нече жолу соттолгондор отурат. Өзү ушуну менен экинчи жолу мөөнөтүн өтөп жатат.

“Биринчисинде көп нашаа менен кармалып, эки жыл отургам, андан кийин ал ишти такыр таштадым. Бирок милиционерлер планын жабуу учурунда мурдагы соттолгондорду кармашат, марихуананы мага атайын эле салып коюшту", - дейт Анна.

- Мени көп акчага чыгарып алганга үй-бүлөмдүн чөнтөгү жука. Балдарым жалгыз калды. Экөөнү чоң уулум багып жатат. Мунапыска кандайдыр бир жагдай болуп илинип каламбы деп үмүттөнөм. Убакыт өтсүн деп иштеп жатабыз.

Көзүнөн жаш кылгырган Анна "мен чыкканча улуу балам 25ке, кичүүсү 16га толуп калат экен. Мени алар ким болуп чоңойот деген суроо тынчсыздандырат" дейт. Ал жалгыз бой эне, "сөзүмдү уккан милиционер уялат бекен" деген оюн айтты. Аннанын айтымында, абактын шарты жакшы эле, бирок ал тамагын такыр ичпейт экен. Себеби балдары алып келип турат.

Ал эми түрмөлөрдөгү бири-бирине үстөмдүк кылуу көрүнүшү тууралуу бул абактын жетекчиси Мирбек Миңбаев буларды айтты.

- Бири-бирине үстөмдүк кылган аялдар жок деп айта албайм. Бизде отряддын кеңеши, башкача айтканда отряддын жамааты деген бар. Ошондо маселени ортого салып, өз ара талкуулап, чечишет.

Кыргызстанда бул жалгыз аял абагында 10 бөбөк бар, алар 3 жашка толгонго чейин энесинин жанында болушат. Абакта аялдар менен кошо жашы жетелек 2 кыз адам өлтүргөн деген айып менен отурат.

"Азаттыктын" архивинен тасма: "Торго торолгон турмуш" №2 Аялдардын түзөтүү мекемеси, Степное айылы, 2010-жыл.
“Торго торолгон турмуш”
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

XS
SM
MD
LG