Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:35

Мамбеталиев: Байлыктан башка да бактылуу болуштун жолдору бар


Кыргызстанда чоңдор эмне үчүн байлыгын жашырат? Бул суроолор боюнча саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Аскарбек мырза, сиздин да кабарыныз болсо керек, Кыргызстанда мындан бир-эки ай мурун мамлекеттик кызматкерлер дүнүйө-мүлкү жөнүндө декларация толтурду эле. Бирок бийик кызматтагы адамдар мал-мүлкүн, там-ташын жашырган деп айыпталууда. Эмне үчүн мамлекеттик чоң кызматтагы адамдар дүнүйөсүн ачык көрсөткүлөрү келбейт?

Мамбеталиев: Мамлекеттик кызматкерлердин эмне үчүн байлыгын жашырганын билбейт экем. Бирок эгер аны жашырып жатса, демек анын кандайдыр бир туура эмес жолдор менен алынган жайы болушу мүмкүн. Ошон үчүн жашырат. Бул биринчи себеби болушу мүмкүн. Экинчиден, азыр Кыргызстанда бейбаштык өкүм сүрүп жатат. Жеке менчик дегенди сыйлоо жок. Кокус бир нерсе болсо менчигиме кол салабы деген да кооптонуу да болуш мүмкүн. Бул экөөсүнөн башка мүлктү жашырууга себеп жок.

“Азаттык”: Ошол эле кезде коомчулуктун алдындагы жоопкерчилик, эл алдында отчет берүү деген түшүнүктөр кыргыз саясатчыларында калыптана элек десек болобу?

Мамбеталиев: Кыргызстандын саясатында андай нерселер калыптана элек. Анткени, биздин коомдо көп жаман нерселер өкүм сүрбөдүбү. Бул - паракаорлук, бул - уурулук. Көп адамдар уурулуктан жана мамлекеттин жерин өзүнө жаздырып алгандан байып алган да. Мындай жол менен байыгандар өздөрүнүн байлыгы үчүн күнү-түнү уктабай, азап чегет. Башка өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет күчтүү болгондуктан мындай кооптонууга негиз жок.

“Азаттык”: Кыргызстанда мамлекеттик чоң кызматтагы адамдар мал-мүлкүн ачык көрсөтүшү үчүн эмне кылуу керек.? Мыйзамдарды күчөтүп, алардын жоопкерчилигин арттыруу керекпи? Же бул маселени алардын өз абийирине койгон оңбу?

Мамбеталиев: Азыр баарын ачык көрсөтүш үчүн абийир керек. Бирок абийирден башка да нерселер керек. Ал үчүн Атамбаев Куловго окшоп, артында көп-көп атчандар, “аскерлер” турушу керек коргоп калганга. Эгер андай адамдарың жок болсо, а сен баарын ачык көрсөтүп койсоң, бир шылтоо менен талкалап кетсе эмне кыласың. Ошон үчүн бул жерде абийир да чоң роль ойнойт, аны менен бирге жеке менчик коопсуздугу да бар. Ошондон улам ачык болбой жатат.

“Азаттык”: Сиз батышка, АКШга көп барып жүрөсүз. Ал жакта декларация толтуруунун мааниси кандай? Мамлекеттик жетекчилерде жана эл өкүлдөрүндө байлыгын жашырып коюу деген барбы?

Мамбеталиев: Мен Европада, андан башка да көп эле жерде болдум. Бирок Канада менен Америка тууралуу айтсак, ал жерде баары ачык-айкын, кашкайып көрүнүп турат. Ал жакта ким бай болсо, ага көз артып, көрө албастык кылуу деген жок. АКШ сенатынын жарымы эле миллионерлер. Анын баары ачык эле интернет сайттарда жазылып турат. Негизги айлыгы 150 миң доллар, андан башка да жыйып койгон мүлктөрү бар. Эң аз айлыкты канадалыктар алат. Үч жыл мурдагы белгиленген өлчөм боюнча 157 миң доллар алат. Бул өлкөлөрдүкү интернет булактарда ачык эле жазылып турат. Азыр бул жакта отуруп, мен деле “Гуугл” издөө системасына кирип, американын сенаттарынын айлыгы десем, баары жылмайган сүрөттөрү менен чыга келет. Аларды эч ким эч нерсе кылбайт. Эгер топурап келип, басып алабыз дей турган болсо мамлекет күчтүү.

“Азаттык”: Кыргызстанда мамлекеттик кызмат, ошондой эле депутаттык мандат байуунун же бизнес жасоонун негизги таянычы катары айтылып жүрөт. Кыргызстанда саясатчылар байлык топтоо үчүн мамлекеттик кызматтарга барат дегенге кошуласызбы?

Мамбеталиев: Кыргызстанда көпчүлүк кедей болгондуктан, байлык дегенде эки көздөрү төрт. Бизде акча, дүнүйө-мүлктөн тышкары, бул дүйнөдө бактылуу болуштун, ырахат алыштын башка жолдору да бар экенин билишпей жатпайбы. Депутат болсо, Ак үйдүн ичине жумушка кирсе, элдин байлыгына кол салганга бир гана кадам калат. Ошон үчүн баары жанталашып депутат болгонго аракеттенет. Болгондо да элдин арасындагы жулунгандар депутат болот. Буга биз өзүбүз да күнөөлүбүз. Анткени оңой эле сатылып кетип жатабыз.

XS
SM
MD
LG