Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

ШКУ саммити: эки тараптуу жолугушуулар өттү


ШКУнун Бишкек саммитинин алкагында 12-сентябрда Кыргызстандын президенти эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Ооганстандын, Ирандын, Өзбекстандын, Монголиянын президенттерин, Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды.

Алмазбек Атамбаев алгач ооган кесиптеши Хамид Карзай менен жолукту.
Анда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде аймактагы коопсуздук негизги маселе болорун, Ооганстан жана андагы кырдаал талкууга алынарын билдирди. Ооган президенти өз кезегинде Кыргызстанга буга чейин бир нече жолу болгонун, жакшы жакка өзгөрүүлөрдү байкаганын айтты.

Хамид Карзай жана Алмазбек Атамбаев
Хамид Карзай жана Алмазбек Атамбаев
Кыргыз президенти андан кийин Индиянын тышкы иштер министри Салман Хуршидди кабыл алды. Министр Индия калкынын Кыргызстанга өзгөчө мамилеси бар экенин белгилеп өттү. Атамбаев да кыргыз эли Индияга кайдыгер эместигин, айрыкча анын мууну индия кинолору менен чоңойгонун айтты. Кыргызстан да Индия тандаган парламенттик демократия жолу менен өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Тараптар экономика, билим берүү тармагында жигердүү кызматташууга кызыкдар экенин белгилешип, бул жаатта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ага ылайык, кыргыз-индия университетин ачуу тууралуу сөз болду. Эки өлкөнүн кызматташуу потенциалы чоң экени, бирок ал толук колдонула электигин белгилешти. Хуршид Атамбаевди расмий сапар менен Индияга келип кетүүгө чакырды.

Хасан Роухани жана Алмазбек Атамбаев
Хасан Роухани жана Алмазбек Атамбаев
Ирандын президенти Хасан Роухани Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда президент катары чет өлкөгө алгачкы сапарын Кыргызстандан баштаганына кубанычын билдирди. Иран Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныганын баса белгиледи. Тараптар кыргыз-иран алака-катышын мындан ары өнүктүрүп, тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Кыргызстан менен Монголиянын президенттери негизинен шайлоо тууралуу пикир алышты. Алмазбек Атамбаев Кыргызстан таза шайлоо өткөрүү боюнча Монголиядан үлгү алып, тажрыйбасын үйрөнүшү керек деп айтты. Кыргызстан үчүн алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоолорду ачык-айкын, адилет өткөрүү өтө маанилүү экенин белгиледи. Монголияда шайлоодо колдонулган электрондук урналарды алып келген фирма Кыргызстанда да болгонун белгилеп, шайлоону таза өткөрүү технологиясы боюнча тажрыйба алмашуунун зарылдыгын айтты.

Монголия, Иран жана Ооганстан ШКУда байкоочу мамлекет макамына ээ.

Ислам Каримов жана Жантөрө Сатыбалдиев
Ислам Каримов жана Жантөрө Сатыбалдиев
Кечке жуук Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугуп, 2010-жылы коогада берген жардамы үчүн ыраазычылык айтып, кыргыз эли бул колдоону унутпай турганын белгиледи. Өзбек президенти Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин маанилүүлүгүнө токтолду. Иш-чарага Кытай, Орусия, Иран өңдүү мамлекеттин башчылары катышып жаткандыктан дүйнө коомчулугун көңүл чордонунда турат деп айтты. Каримов Сириядагы кырдаал, ааламдашуу жараянынын зыян-пайдасы тууралуу сөз кылды.

Атамбаев ошондой эле казак лидери Нурсултан Назарбаев, тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмон, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен да жолугат. Азыр Назарбаев менен Рахмон Бишкекте, ал эми Путин келе элек.
Бишкек президенттерди тосууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

XS
SM
MD
LG