Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Фельгенгауер: Орусия Борбор Азияда АКШ менен атаандашууда


ЖККУ башкатчысы Николай Бордюжанын Бишкектеги бүгүнкү сапары алдында орусиялык “Комерсанть” жана “Независимая газета” басылмалары Кремлдеги булактарына шилтеме жасап, Москва кыргыз армиясын куралдандыруу үчүн 1,1 миллиард доллар коротууга даярдыгын жана көргөзүлүүчү жардам насыя эместигин жазып чыгышты.

Эгер бул маалымат чын чыкса, Орусиянын бул жолку аскерий жардамынын артында эмне жатышы мүмкүн жана Кыргызстан кандай аскерий техника ала алат?

Орусиялык аскерий эксперт, Москвадагы “Новая газетанын” баяндамачысы Павел Фельгенгауер “Азаттык” менен маегинде аскерий жардам берилген учурда анын акчалай суммасы ашыкча көргөзүлөрүн белгиледи.

Фельгенгауер: Биринчиден, жардамдын реалдуу наркы миллиардбы же миллиард эмеспи, бул - ары-бери кете берчү маселе. Адатта Борбор Азия республикаларына аскерий жардам буга чейин көргөзүлүп жүргөн учурда Коргоо министрлигинин кампаларында турган курал-жарактан беришчү.

Албетте, алардын кагаздагы наркын миллиард деп жазып коюуга болот, бирок реалдуу баасы андай эмес. Эгер курал-жарактын жаңы үлгүлөрү берилсе, бул башка маселе. Бирок мен эң акыркы үлгүдөгү аскерий техника жана курал-жарак берилеринен күмөн санап турам. Сөз бизде артыкбаш техникалар тууралуу эле жүрүп жатса керек, алардан эмнеге бөлүшүүгө болбосун.

Орусия эски совет аймагындагы өнөктөштөрүнө мындай жардамды эки тараптуу негизде жана ЖККУнун алкагында көргөзүп келген. Маселен Беларусия эски советтик техникалардын ордуна жаңыраактарын алып жүрөт. Борбор Азия республикаларынан Тажикстанга негизинен эски, эң жакшы дегенде оңдолуп, модернизацияланган техника кеткен. Арменияга да ушундай эле. Кагазда абдан чоң сумманы жазып коюуга болот. Балким ал жазылып, Орусиянын бажы чек арасынан өтүүдө отчеттук документтерде көргөзүлүп жүрөт. Бирок реалдуу алганда бул Москвага арзанга эле турат.

“Азаттык”: Эки ай мурдараак Москва менен Бишкек Кыргызстанда бир ири, бир нече майда ГЭСтерди куруу келишимине кол коюшканын билесиз. Коңшу Өзбекстан Кыргызстанда “Камбар-Ата -1”, Тажикстанда “Рогун” ГЭСинин курулушуна каршылыгын жашырган эмес. Атүгүл өзбек президенти Ислам Каримовдун быйыл күздө эле суу маселесинен улам Борбор Азияда согуш чыгып кетиши ыктымалдуулугун эскерткен жери бар. Орусиянын Кыргызстанга жана Тажикстанга аскерий жардам көргөзүшү Өзбекстанга кандайдыр белги эмеспи?

Фельгенгауер: Кыргызстанга аскерий жардам, курал-жарак берүү, албетте Ташкентти кубандырбайт. Муну так эле айтсак болот. Ташкент менен биздин мамиле азыр начар болуп турган кез. Орусиянын Кыргызстанга курал-жарак бергени кандайдыр бир жаңжалга алып барат деп ойлобойм, бирок Каримовдун режимин сүйүндүрбөйт.

“Азаттык”: Орусиянын Кыргызстан менен Тажикстанга аскерий жардам көргөзүүгө ниеттенип калганынын 2014-жылы АКШ жана НАТО аскерлери Оооганстандан чыгышы менен байланышы барбы?

Фельгенгауер: Ооба, дал ошондой. Анын үстүнө, америкалыктар, алардын логистикалык командачылыгы Ооганстандан чыгарылуучу техниканын бир бөлүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнө калтырууну ойлонушууда. Аларга артыкбаш техниканы Ооганстандан артка АКШга, же Батыш Европага алып кеткендин ордуна Борбор Азия өлкөлөрүнө берип коюу арзанга түшөт. Биз билгенден Өзбекстан, аймактын башка республикалары америкалыктарга артыкбаш техниканын бир бөлүгүн аларга берүүнү өтүнүп кайрылышкан. Пентагон азыр мындай мүмкүнчүлүктү караштырып жатат. Бул Москванын шаштысын кетирди. Аймакта 2014-жылдан кийин Американын таасири күчөшүнө жол бербөө үчүн биз ( Орусия) өз аскерий техникабызды эмне үчүн сунуш кылып жатканыбыздын бир себеби ушул.

P.S. Орусия Кыргызстан менен Тажикстанга аскерий жардам катары бир жарым миллиард доллар ажыратууга даярдыгын эң алгач жазып чыккан “Коммерсанть” басылмасы Орусия АКШ менен тең салмак түзүү үчүн Борбор Азиядагы турумун мына ушундай жол менен бекемдөөгө аракеттенип жатканын белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG