Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Сыдыкбаев: Орусия геосаясий кызыкчылыкты көздөөдө


Бүгүн Москвада Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн сүйлөшүүсү өткөнү жатат. Бабанов менен Медведевдин жолугушуусунда буга чейин эки тараптын эки башка позициясын жаратып келген айрым орчундуу маселелердин башы чечилмей болуп жатканы бейрасмий айтылууда.

Маселен Камбар-Ата – 1 ГЭСин жана Жогорку Нарындагы ГЭСтерди куруу долбоорун каржылашы үчүн буга чейин Орусия ишкана акцияларынын 75 пайызына ээлик кылам деп айтып келген, эми болсо Кыргызстан талап кылгандай 50 пайызга гана макул болгону тууралуу сөздөр бар. Бул кыргыз тарап үчүн эмне алып келиши мүмкүн? Ушул маселе боюнча саясат таануучу Чолпон Сыдыкбаев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Орусия 50 пайыз акцияга макул болгону калды деп айтылып жатат. Эгерде бүгүн сүйлөшүү натыйжалуу болсо, Кыргызстан үчүн бул эмнени түшүндүрөт?

Сыдыкбаев: Дүйнөдө улуттук кызыкчылыгын биринчи орунга койгон саналуу мамлекеттер гана бар. Алардын бири Орусия. Өкмөттөр аралык сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 50 пайыз алган күндө да бул Кыргызстан үчүн утулуш.

“Азаттык”: Эмне үчүн?

Сыдыкбаев: Себеби негизги сырье, ресурс биз тараптан болуп жаткандан кийин акыйкатсызыраак болуп калат менин пикиримде.

“Азаттык”: Негизги каржылоону Орусия жүргүзгөнү жатпайбы?

Сыдыкбаев: Ооба, Орусия жүргүзгөнү жатат. Тилекке каршы, мындай ири долбоорлорду каржылоого Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү болбой келет. Эгер болсо, Борбор Азияда өзүнүн геосаясий абалын бекемдеп алганга негизги жол болмок. Тилекке каршы, ушул ачкычты 50/50 болсо да башка тарапка өткөрүп жибергени жатат.

“Азаттык”: Сиздин пикириңизде, канча болушу керек эле анда акциялардын бөлүштүрүлүшү?

Сыдыкбаев: Негизги бул долбоор тээ совет мезгилинде эле пландалып, техника-экономикалык негиздемелери түзүлүп калган болчу да. Ошол долбоор учурдан пайдаланылып азыр ишке ашырылып жатат. Албетте, Кыргызстан үчүн пайдасы чоң экономикалык жактан...

“Азаттык”: Орусиягачы?

Сыдыкбаев: Орусияга экономикалыкка караганда геосаясый мааниси бар. Биз дал ушундан пайдаланып, долбоор геосаясий максатта ишке ашырылып жаткандан кийин Орусия тарапка талап коюп, 50/50нү кайра биз тарапка 70 кылып өзгөртүп ала тургандай мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок аны негиздеп бериш керек.

Суу маселеси өзүңүздөр билесиздер, Борбор Азияда курч турат. Дүйнөдө суу жетишсиз 3-4 эле жер бар. Ошонун бири – Фергана өрөөнү. Бул долбоор Фергана өрөөнүндө ишке ашырылып жаткандан кийин эртеңки күнү биздин коңшулар менен суу маселесинде чоң пикир келишпестиктер болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Айтсаңыз, мындан бир нече ай мурда эле 75 пайызды талап кылып турган орус тараптын позициясынын өзгөрүшүнө эмне таасир этиши мүмкүн эле?

Сыдыкбаев: Долбоор экономикалык эмес, геосаясый кызыкчылыкта ишке ашырыла турган болуп жаткандыгын жогоруда айттым. Өзүңүздөргө белгилүү, өзбек бийлиги жакында ЖККУдан чыгып, Орусиядан жүз буруп, Америка тарапка ыктаган чечим кабыл алды. Бул Орусиянын ошого карата кадамы.

XS
SM
MD
LG