Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

БУУда "Манас" эпосуна арналган резолюциянын 30 жылдыгы белгиленди


БУУдагы иш-чара. Нью-Йорк, 15-декабрь 2025-жыл.
БУУдагы иш-чара. Нью-Йорк, 15-декабрь 2025-жыл.

15-декабрда БУУда «Манас» эпосу боюнча резолюциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Сөз болгон документте эпос дүйнөлүк маданий мурастын бир бөлүгү катары таанылган. ЮНЕСКОнун өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышкан Нью-Йорктогу жыйында «Манастын» БУУнун принциптерине төп келген универсалдуу баалуулугуна басым жасалды.

Расмий жыйындан тышкары маданий программа, талкуулар уюштурулду, конокторго эпостун терең философиясын чагылдырган аудиовизуалдык материалдар тартууланды.

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүн эмки жылы өтө турган Көчмөндөр оюндарына жана Ысык-Көл форумуна катышууга чакырды.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG