Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:33

Орусия: кыргызды кыргыз алдаган заман


Орусиядагы кыргыз мигранттары. ("Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)
Орусиядагы кыргыз мигранттары. ("Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)

Орусиянын Ямал-Ненец автоном округуна караштуу Салехард шаарындагы “Спецстрой” курулуш компаниясында иштеген кыргызстандык 13 эмгек мигранты бир жарым айлык маянасын ала албай убара.

Акчасыз калган мигранттар ушундай даты менен “Азаттыкка” кайрылышты. Алар ортомчу болуп алып барган кыргызстандык жаран каршылык иретинде ишке чыкпай койгон жумушчуларды суукта жатаканадан чыгарып жатканын билдиришкен эле. Эми Кыргызстандын Орусиядагы консулунун киришүүсү менен жумушчулардын эмгек акысын өндүрүү аракети жүрүп жатат.

Даттанган мигранттардын сөзү боюнча, аларды Салехард шаарындагы “Спецстрой” компаниясына алып барган Сапар Жумашев "тамактанбагыла, жатаканадан чыгып кеткиле" деп омуроологон. Анткени жумушчулар айлыгын бербеген үчүн жумушка чыкпай коюшкан.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен ортомчу жетекчи Сапар Жумашевге ишембиде чалышканда ал 25-октябрга чейин маянасын алып берем деп сөз берген.

Бул тууралуу жардам сурап "Азаттыкка" кайрылган мигранттардын бири Мирбек Бекбердинов билдирди.

- Ал консул менен сүйлөшкөндө кайра бет тырмачылык кылып, “мен кантип эле акчасын бербей коёюн, булар менин туугандарым” деп консулдуктанмын деген кишини тескери ойго салып койду. А бизге болсо, "акчаңар берилбейт" деп коркутуп-үркүтүп, ишке чыгаруунун айласын кылган. Эми такыр башкача сөздөрдү айтты.

Сапар Жумашевдин өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады, ал телефонуна жооп бербей жатат.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын Москвадагы элчилиги атайын консулду милдеттендиргенин элчиликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

- Азыр биздин кызматкер “Спецстрой” компаниясынын расмий жеткечилигин табуу аракетин көрүүдө. Андай компаниядан аймакта төртөө бар экен. Ал эми Сапар эмнеге акчасын бербей койгону тууралуу маалымат жок. Азыр дагы тактоо иштери жүрүп жатат. Кийинчерээк дагы кабарлайбыз.

Кыргызстандын акыйкатчысынын Москвадагы өкүлү Руслан Эшимов болсо компаниялар менен ортомчулар кандайча иштешээрин түшүндүрүп берди:

- “Спецстрой” мыйзамдуу иш алып барган, аябай эле чоң компания. Бирок ал ишин көбүнчө өзү жасабайт, жалданма компаниялар менен келишип иштейт. Андай ортомчулар “мен ушунча көлөмдөгү жумушту аткарып берем” дейт. Мигранттар аткарып, ошол көлөмдөгү жумуш бүтүп жаткан болсо, анда ошол ортодогу адам акчасын алып жатат. Компания бир киши менен эле келишим түзөт дагы, ошо менен иштей берет, аларга баары бир. Иши ким аркылуу, кандай бүтүп жатканы компанияны кызыктырбайт.

Башкача айтканда бул жерде компания бир адам менен гана, бирок мыйзам түрүндө иштешет. А эгерде калган 13 адам дагы Орусияга келээри менен 3 айга каттоого туруп, жумушка уруксат кагазын алып, анан эмгек келишимин түзсө, айлыгын түз компаниядан алып турмак. Жумушка уруксаты болсо, акчасын алабай калган учурда да сотко бере алмак. Жашоо мөөнөтү да автоматтык түрдө бир жылга узармак.

Жогорудагыдай көрүнүштөрдү Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко мындай баалайт:

- Азыр мигранттардын укугу бузулбаш үчун, бирдеме болгон учурда кайрыла турган жагын билиш үчүн бул жактан кетүү, жумушка орношуу чынжырынын ирээтин түзүп чыгыш керек болуп жатат. Менимче, бул жактан башташ керек. жоопту Кыргызстандагы каттоо, документ берүү сыяктуу мекмелерден издеш керек деп ойлойм.

Чет өлкөдөгү кыргыз мигранттар менен иш алып барган “Замандаш” ассоциациясынын диаспоралар боюнча координатору Азамат Айтбаевдин эсебинде, өткөн жылдан ушул учурга чейин эмгек кулчулугуна кабылган 500дөн ашуун адамга жардам берилген:

- Биринчи баары киши чогултмайдан башталат. Жарыялар, гезиттер аркылуу жасашат. Эң эле жөнкөкөй мисал, Ош базарына барып радио түйүндөн жумушчу издешет. Аларды уюштуруп алып кетип жаткандардын лицензиясын эч ким сурабайт, негизги ката ушунда болуп жатат. Негизи эмгек келишими бул жактан түзүлүш керек.

Азамат Айтбаев мигранттарды көбүнчө өз эле мекендештери сызга отургузуп кетээрин баса белгиледи. Ассоциация ашкерелеген эмгек кулчулугу боюнча фактылардан ушу күнгө чейин бир да адам жоопко тартылган эмес.

XS
SM
MD
LG