Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөдүбү?


Орусия -- Полиция кызматкерлери Борбор Азиядан барган мигрнаттардын дркументтерин текшерүүдө. Москва, 21-сентябрь, 2012.
Орусия -- Полиция кызматкерлери Борбор Азиядан барган мигрнаттардын дркументтерин текшерүүдө. Москва, 21-сентябрь, 2012.

Орусияда коомдук ой-пикирди иликтөө борборунун сурамжылоосу мигранттарга каршы маанай күч экенин көрсөттү.

Орус жергесинде келгиндерге сабырсыз мамиле күч алган шартта кыргызстандык мигранттардын укуктары басмырланбайбы? Бул арада Кыргызстандагы укук коргоочулар тобу Орусиядагы журтташтарыбыздын турмушу менен жакындан таанышканы сапар тартышты.

Сумсайткан суз мамиле

Касым Шарипов Орусиянын Санкт-Петербург шаарында шопур болуп алты жылдан бери иштеп келе жатат. Өзү Орусиянын жарандыгын алгандыктан көп деле кыйынчылыктарга туш болбойт экен:

- Эми жарандыгың бар-жогун сыртыңан көрүп билишпейт да. Баары бир көчөдөн полиция көрүп калса токтотуп текшерет. Эгер колуңдагы документиң оң болсо, тийишпейт, чек берип кете беришет. Баары жайында болсо, медициналык жактан дагы жардам аласың, мисалы тез жардам чакырсаң дароо келет. Кадимкидей эле жашоо.

Бирок документтер жайында болгону менен баары бир мигранттын жүрөгүн өйүгөн көйгөй бар. Шариповдин айтымында, акыркы жылдары өзү жашаган шаарда башка улут өкүлдөрүнө карата жергиликтүү элдин маанайы суз тартып, мамилеси начарлап барат:

- Чочулайм. Балдарымды хулигандар уруп койбосун деп чочулайм. Жергиликтүү калк мигранттарды сүйө бербейт. Өзгөчө өзбек, тажик жарандары көбөйүп, алар тарабынан мыйзам бузуулар көп болгону үчүнбү, биздин кошо жаман көрүп калышат. Автобуста, метродо өз тилинде катуу бакырып сүйлөгөндөрдү орустар жактыра берейт. Орустар кыргыз,өзбек, тажик, кавказдыктарды бир эле деп карашат да. Анан бизди да текшерип калышат.

Укук коргоочулар мигранттарга баратат

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиришинче, укук коргоочулар тобу жогоруда сөз кылган журтташыбыз Касым Шарипов жашаган Санк-Петербург жана Москва, Екатеринбургдагы мигранттарга аттанды. Алар мигранттарга кандай укуктук жардам керектигин аныктаганы жатат:

- Программа аябай кызыктуу. Укук коргоочулар Москвадагы журтташтар,элчилик менен жолугушат. Орусиянын федералдык миграция кызматтары менен, омбудсмендер менен сүйлөшөт. Ошондо мигранттардын укуктары кандай бузулуп жатат, кандай мыйзамдык тоскоолдуктар бар жана аларга кандай жардам берүү керек дегендей комлекстүү түрдө маалыматтарды чогултабыз. Биздин мигранттардын Орусиядагы имиджинин жакшы жактарын дагы айтабыз, - дейт Төлөйкан Исмаилова

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Алмаз Асанбаев мигранттардын укугу бузулушу өлкөгө эч даярдыксыз, мыйзамсыз жол менен келип, тымызын жумушка орношуудан башталат дейт. Бул учурда Орусиядагы айрым жумуш берүүчүлөр дагы алардын укуктук жактан сабатсыздыгынан пайдаланып, бир эки ай айлык маянасы жок иштетип алганга ашыгышат экен. Алмаз Асанбав көпчүлүк көйгөйлөрдүн себептери аныктап көрсөтүүдө мамлекеттик кызматтарга коомдук уюмдар дагы кол кабыш кылса жакшы болот эле деген ойдо:

- Орто Азия мамлекеттеринен кыргыздарды, өзбек, тажиктерди бул жакка атайы мыйзамсыз алып келип, документин ырастап берем деп, паспортторун алып, каттоого тургузбай, 90 күндөн кийин да аларды бир эки ай жөн эле иштетип алышат. Ошондой алдамай бар бул жерде. Эң көп жолуккан көрүнүш - ушул мыйзамсыз жумушка кирип алуу. Бул укук коргоочулар азыр эле бирөөнүн укугун коргой койгондой мүмкүнчүлүгү жок. Анткени булар адамдар менен жолугуп, көйгөйдү көрөт. Бизде адистер бар, алар проблеманы кыскача айтат. Анан алар өкмөттүк кызматтар болгондуктан эл анча ишенбеси мүмкүн. Эгер коомдук уюмдар көтөрүп чыкса, өкмөттүк органдардын иш алып баруусуна кошумча жардам болмок.

Бул арада Жалпы орусиялык коомдук ой пикирди иликтөө борбору өлкөгө келтирилчү негизи коркунучтар тууралу сурамжылоосунун жыйынтыгын чыгарды. Анда жергиликтүү тургундар биринчи орунга мигранттардын көп санда келишин негизги коркунуч катары баалашкан.

Элчиликтин биринчи катчысы Алмаз Асанбаевдин билдиришинче, быйыл жыл башынан тарта Орусияга Орто Азиядан келген адамдардын саны 37 пайызга көтөрүлгөн. Анын пикиринде, бир эсе бул көрсөткүч орусиялыктарды чочулатса, бир жагынан мигранттрады жаман көрсөткүсү келген атайы күчтөргө курал болуп калууда.

Ар кандай маалыматтар боюнча, Орусияны азыр 500дөн 1 миллионго чейин кыргызстандык жаран бар. Көп жыл мурда баргандары орус жарандыгын алып, өздөрүн эркин сезишет. Бирок Орусиядагы соңку окуялар көргөзгөндөй, жергиликтүүлөр паспортуна эмес, өңү-башына жана келген жерине карата суз, ал турсун кастык мамиле жасай баштагандай.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG