Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Орус ишкерлери назарын Кыргызстанга бурду


1-ноябрда Бишкекке Орусиядан ишкерлер тобу келди. Алар Кыргызстандын тоо-кен тармагына инвестиция салууга кызыкдарлыгын билдиришти. Ошол мезгилде инвестицияны коргоого кепилдик берилишин негизги шарт катары коюшту.

Кыргызстанда түз эфирде өткөрүлө турган аукциондун алдында тоо-кен тармагына ыкташкан орус ишкерлеринин ири тобу келди. Кыргыз телекөрсөтүүсүндө түз эфирде 2-ноябрда боло турган аукциондо 12 кен байлык сатыкка коюлган.

Орус ишкерлеринин делегациясын Орусиянын Бажы кызматынын башчысы, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Андрей Бельянинов жана Орусиянын финансы-өнөр жай топторунун ассоциациясынын башчысы Олег Сосковец баштап келгени эле орус тараптын ниети олуттуу экенинен кабар берип турат.

Ишкерлердин арасында Орусиянын эң ири инвестициялык компанияларынын бири “Интерростун” жетекчилеринин бири Сергей Батехин, “Приморзолотонун” башчысы Евгений Бельченко жана башкалар бар. “Интеррос” компаниясы атактуу “Нориль никел” ишканасынын кожоюну экени маалым.

Кыргызстандын экономика жана антимоноподук саясат министринин орун басары Олег Панкратовдун 1-ноябрдагы “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, орус делегациясы Кыргызстанга эки максат менен келди:

- Сапардын негизги максаты Кыргызстандын Бажы кызматына 51 автомобиль жана алты чакан автобусту белек катары тапшыруу болду. Андан сырткары биздин өкмөт башчы менен жолугушуу болду. Анда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын иши талкууланды. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушууда орус ишкерлеринин Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду аткаруу маселеси талкууланды. Орус ишкерлерин биздин тоо-кен, телекоммуникация, энергетика, инфраструктура, камсыздандыруу, финансылык тармактар кызыктырууда.

Жоомарт Оторбаев менен жолугушууда Олег Сосковец орус ишкерлери үчүн инвестицияны коргоо жана кепилдик берүү негизги маселелерден экенин билдирген. Оторбаев өз кезегинде конкреттүү долбоордун үстүнөн иштөөгө мезгил келгенин билдирген.

Кыргызстан кайрадан кызыктырууда

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин статс-катчысы Наби Эшназаровдун билдирүүсүнө караганда, орус тарап Кыргызстандын тоо-кен тармагына башка мамлекеттерге караганда аз тартылган:

- Орустар башкаларга салыштырганда азыраак эле. Кытайлыктар, канадалыктар, австралиялыктар көбүрөөк бизде.

Эшназаровдун айтымында,1-ноябрда келген делегациянын курамына кирбеген орус ишкерлери 2-ноябрда белгиленген аукционго катышууга даярдыгын билдирип жатышат. Бирок да делегациянын курамындагы ишкерлердин катышуусуна да эч кандай тоскоолдук жок.

Кыргызстан менен Орусия азыркы мезгилде аткарууга киришип жаткан эң ири долбоорлор гидроэнергетикага байланыштуу. Өткөн аптада эле жогорку Нарында ГЭСтердин курулушун баштоо аземи өттү. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым.

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыровдун маалымдоосуна караганда, Камбар-Ата-1дин техника экономикалык негиздемесин түзүү боюнча да иштер жүрүп жатат:

- Жакында Орусиянын энергетика министринин орун басары келип кетти. Русгидронун делегациясынан кийин бир күндөн кийин келип, биздин электр станциялардын жетекчилиги менен жолугушуп, уюштуруу иштери боюнча иштеп жатышат.

Кыргызстандагы кендер Советтер Союзу мезгилинде кеңири изилденген. Демек орустарда алар боюнча кенен маалымат бар. Бирок ушул кезге чейин орус ишкерлери Кыргызстандын тоо-кен тармагына олуттуу инвестиция салбай келишкен. Бул арада тоо-кен сыяктуу кирешелүү тармактарды Кытай, Канада, Австралия сыяктуу өлкөлөрдүн өкүлдөрү озунуп кеткени маалым.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG