Нааразылыгын коомчулукка ачык билдиргендердин бири Саясат ажы Асанов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев президенттин алдындагы Коргоо кеңешинин чечимдерине таянып, муфтияттын ички иштерине каалагандай кийлигишип, өз кызыкчылыгындагы оюндарды жүргүзүп жатат деп айтууда:
- Максаты - ажылыктан пайда көрүү. Билимдүү, жакшы иштеп жүргөндөрдү аттестация аркылуу жарабайт деп чыгарып койду. Бу кандай өзү? Андан кийин Сауд Арабиясына, Иранга сейил жасаптыр муфтий менен. Муфтияттын акчасы менен аялын кошо алып кетиптир.
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев бул дооматтарды төгүндөп, Дин башкармалыгы ишмердигин өзүнүн ички мыйзамдарына ылайык көз карандысыз жүргүзүп жатат деп ишендирди:
- Кыргызстандын Дин башкармалыгы Мамлекеттик дин комиссиясы менен Коргоо кеңешинин чечиминин негизинде дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү концепциясын кабыл алып, ошонун негизинде чогуу иш алып барып атабыз. Анан мамкомиссия кадр маселесин, тигини-муну чечип атат деген туура эмес. Аттестация боюнча болсо менин буйругумдун негизинде комиссия түзгөнбүз.
Муфтийдин буйругуна ылайык иштеп жаткан аттестациялык комиссияны аалымдар кеңешинен кирген беш кишинин бири - Абдылда Асранкулов жетектейт. Комиссияга мүчө тогуз кишинин экөө мамлекеттик комиссиядан, бирөө Коргоо кеңешинен, бирөө жарандык коомдон киргизилген. Муфтийдин айтканына караганда аттестациянын жаңы аяктаган биринчи айлампасында муфтияттын жана казыяттардын кызматкерлеринин билим деңгээлдери атайын иштелип чыккан жобонун негизинде текшерилип бүттү. Натыйжада муфтияттын бир катар кызматкерлери, тогуз казы жана алардын орун басарлары аттестациядан өтпөй калышты.
Жободо көрсөтүлгөнгө караганда, аттестацияда дин кызматкерлеринин диний билимин жана Кыргызстандын диний ишмердикке тиешелүү мыйзамдарды билер-билбеси текшерилет. Нааразы тарап аттестацияны ыңгайсыз аалымдарды диний ишмердиктен четтетүү максатында гана ойлонуп табылган оюн деп жатат. Буга Саясат ажы Асанов муфтиятта иштеп жаткандар арасында билимсиздер эле эмес, соттолуп келген бухгалтер бар деген жүйө келтирди. Муфтийдин айтымына караганда, уставда муфтий, казылык кызматтарга, аалымдар кеңешине соттолгондор алынбасын деп так жазылып турат. Бирок ошол эле уставда кароолчу, бухгалтер өңдүү кызматтарга соттолгондор алынбасын деген жобо киргизилген эмес.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев айтылган тараптардын дооматтарына жооп айта элек. Мекеменин маалыматына караганда, жетекчи азыр Түркияда иш сапарда. Ал эми мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы, дин кызматкерлерин аттестациялоо комиссиясынын мүчөсү Бактыбек Осмоновдун болжолунда акыркы нааразылыктардын артында диний кырдаалды жөнгө салуу багытындагы мамлекеттик жаңы саясаттан улам өз кызыкчылыгын ишке ашыра албай жаткандар турушу мүмкүн. Буга биринчи кезекте аттестациялоодо жобонун кынтыксыз сакталып жатышы жана былтыркы ажылык сапардын ачык-айкын уюштурулушу себеп болушу ыктымал дейт комиссия өкүлү:
- Жыйырма жылдан бери көмүскө арам акча жасап жүргөндөрдүн ичи ооруп атса керек. Себеби, былтыртан бери менин, башкалардын, Молдалиевдин үстүнөн жазбаган жери калган жок. Биз ошол фактыңарды бергилечи деп атабыз. Мисалы, биздин директорубуз Орозбек Молдалиевди муфтияттын эсебинен Саудиге, Иранга барган деп атышат. Муфтият өзү да төгүндөптүр муну, чакырган тарап аркылуу барып келишкен да.
Мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиевдин жубайы да араб өлкөсүнө күйөөсү менен барып келгендигин тастыктап, бирок муфтияттын каражатына барды деген маалыматты төгүндөдү:
- Эч кандай муфтий төлөбөй эле мен “эконом класс” менен баргам. Калганын деле ошол “Ислам лигасы” төлөдү. Алар аялым менен келем десе кудай жалгасын, алып келе бериңиз деп коюшат экен.
Айрым эксперттер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен Мусулмандар дин башкармалыгынын айланасындагы пикир келишпестиктер ажылык сапардын алдында дагы күчөшү мүмкүн деп болжоп жатышат. Нааразы тарап быйылкы ажылык сапар зыяратчылардын кызыкчылыгында кынтыксыз уюштурулат дегенге дегеле ишенишкен жери жок.
Сентябрда баштала турган ажылык сапарга быйыл жылдагы 3685 орундан тышкары дагы кошумча орундар берилери болжолдонууда. Орундар болсо былтыркыдай электрондук чүчүкулак ыкмасы аркылуу ыйгарыларын мамкомиссиядан маалымдашты. Ажылык сапардын баасы былтыркыдан жогору болору тууралуу да кабар тароодо.
Быйыл ошондой эле чакырып жаткан тараптын талабына ылайык зыяратчыларды Сауд Арабия менен Кыргызстандын учактары гана ташуусу шарт экен. Эки өлкөнүн авиакомпанияларын тандоо боюнча тендер 19-мартта өтөт.