Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Коалициялык өкмөттүн курамына нааразылык күч алууда


Таласта апрель окуяларында толкуган эл кайра чыгууда
Таласта апрель окуяларында толкуган эл кайра чыгууда

Парламенттеги башкаруучу коалицияга жана ал түзгөн өкмөттүн курамына каршы жер-жерлерде нааразылыктын жаңы толкуну көтөрүлүүдө.


Таласта 18-декабрда митингге чыккандар жаңы өкмөткө мурдагы бийликтин камчысын чапкан адамдар кайра эле толуп алды деп нааразы болушту. Алар апрелдеги ыңкылаптан кийин коюлган жетекчилерге тийишпегиле деген талаптарды коюшуп, талаптары аткарылбаса жалпы элди көтөрүүгө даяр экендиктерин эскертишти.

"Элде качан тынчтык болот, Бакиевдин куйруктары кеткен күнү гана тынччылык болот", -деди “Ата Мекен” партиясынын облустук бөлүмүнүн төрагасы Талас Кыдыралиев.

Ушундай эле нааразылык Нарын жана Ысык-Көл облустарында болуп жатат. Нарындагы ыңкылапты коргоо комитетинин өкүлдөрү жаңы өкмөттүн курамына каршы нааразылык чарасын өткөрүүгө камынып жатышат. Алар Аскарбек Шадиев, Ибрагим Жунусов өңдүү мурдакы бийликтин тушунда чоң кызматтарда жүргөндөрдүн кайрадан жаңы өкмөттүн курамында министр кызматына келишине каршы болуп жатышат.

- Бакиевдин тушунда элди тоноп, ичип жегендердин кайра келишине каршыбыз. Эми ошолор бийликке келди, биз кантип жашайбыз. Балдарыбыз кыйналып, канчасы өлдү. Ушулар эле кайра келсин деп өлгөн эмес да алар,-деди аталган комитеттин мүчөсү Кенже Сатыбалдиева.

Башкаруучу коалицияга кирген партиялар эми облустук, райондук жетекчилерди дагы алмаштырат деген сөздөр Ысык-Көлдө да каршылык туудурууда. Облустун губернатору Мирбек Асанакуновду ордунда калтырууну өтүнгөн кайрылуулар жергиликтүү элдин атынан президентке келип түшүп жатат. Облус губернаторунун орун басары Асаналиев Муканбет облустук жетекчиликти алмаштыруу аракеттери эл ичинде толкундоолорго алып келиши мүмкүн экенин билдирди.

Жаңы өкмөттүн курамына эл ичинде нааразылык болуп жаткан менен экинчи жакта жаңы өкмөткө иштегенге мүмкүнчүлүк берүүгө үндөгөн үндөр да чыгууда. Коомдук парламенттин мүчөсү Акунов Урматтын пикиринде, башкаруучу коалиция, жаңы өкмөт өзүн көрсөтсүн, иштесин, ага жетпей эле каршы чыга берүү туура болбойт.

Жаңы жылдын алдында Кыргызстанда бир жарым ай талашып-тартышуудан кийин акыры “Республика”, Социал-демократтар жана “Ата-Журт” партиялары биригип, парламентте башкаруучу коалиция түзүштү. “Ата-Журттун” лидерлеринин бири Акматбек Келдикбеков парламент төрагасы болуп, социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыкка шайланып, эми башкаруучу коалициядагы партиялар министрликтен тартып, аким-губернаторго чейин кайрадан кызмат бөлүштүрүүгө киришип турган чагы.

Эксперттер парламентте түзүлгөн башкаруучу коалициянын курамындагы партиялык фракциялар ар башка максаттагы жана багыттагы күчтөр болгондуктан алардын ичинде көп маселелерде биримдик болбой турганын, болсо да ал борпоң экенин белгилешүүдө

"Перспектива" аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатыревдин
пикиринде апрель, июнь окуяларына баа берүү маселесине келгенде коалиция бир жолдо болбой, бөлүнүп-жарылышы ыктымал. Алар түзгөн коалициялык өкмөттүн натыйжалуу иштеп кетери да арсар:

- Эки айдан кийин эле азыр башталган социалдык нааразылык бышып жетилгенде Өкмөткө катуу дооматтар айтыла баштайт деп ойлойм. Балким муну "Ата Журт" партиясы биринчи баштайт. Алар Алмазбек Атамбаевди кырдаалды жөндөп кете албады, социалдык маселелерди чече албады деп опоңой эле айыпташып, коалициядан чыгып, Атамбаевдин өзүн саясий сахнадан четтетип коюшу мүмкүн. Мына ушундай болуп кетиши толук ыктымал. Мен коалициянын курамындагы фракциялардын бири-бирине ишеними абдан эле төмөн деп ойлойм,-дейт Валентин Богатырев.

Ошентип жаңы жылдын алдында өлкөдө башкаруучу коалицияга, ал кураган коалициялык өкмөткө каршы нааразылыктын жаңы толкуну башталчудай кырдаал болуп турат. Ансыз деле декабрдын башынан бери жер-жерлерде эмгек акыны он-он беш миң сомго чейин көбөйтүүнү талап кылып, мугалимдер митингге чыгышууда.

XS
SM
MD
LG