Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Башкы прокуратурада катылган балекеттер


Башкы прокуратуранын имараты
Башкы прокуратуранын имараты

Бүгүн “Фабула” гезити гана жарык көрдү. “Алиби” гезити чыккан жок.

“Фабула” жаңы санын чакан маалыматтар менен ачып, Баратбай Аракеевдин “Прокуратура накта тазаланабы же кадимки кампаниябы?” деген баяндамасын сунуш кылды. Автор энциклопедияны ачып караса, “прокуратура” деген сөз “кам көрөм” деп турганын, калкка кам көргөнүн ушундан билиңиз, көрсө, 200 миң доллардан пара сурап алат тура” деп баштап, президент Алмазбек Атамбаев күч органдарынын баарын тазалайбыз деп жатпайбы, оозуңа май, минтип чечкиндүү аракет кылбаса чын эле болбой калды, прокуратурадан дили таза эместердин баарын айдап, чыныгы мыйзам менен иштегендерди гана алып келүү керек деп айтты. Аида Салянова жөнүндө кеп кылган Аракеев, баарынан да Аида адегенде өз күйөөсүн “койгун” деп колдон тартса болмогун, мына эми жалпы журт кадырлаган баркын жоготуп, уят болуп отурганын, өзү колдогон Арпачиеви тигинтип 100 миң доллар менен колго түшкөнүн, Атамбаевдин кайрадан бир силкинип, жеп-ичип келгендерди так ошол жеп-ичип келгендерди тыя турган күч структураларынан баштаганы калкка аябай жагып турганын жазды.

Депутат Абдыжапар Бекматов президенттин кыска убакытта Европанын беш өлкөсүнө иш сапар менен барышын бул Кыргызстандын тышкы саясатындагы чоң жетишкендик деп мүнөздөдү.

“Фабула” Атамбаевдин Батыштагы иш сапары боюнча макалалардын топтомун жарыялады.

Эми Тиленбек Азыктын “Ишенген кожом сен болсоң” деген макаласынын айрым бир жерин окуй кетели: “Кылычбек Арпачиев Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы. Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын жердеши жана курсташы, анын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун досу. Жеңишбек Сейитов Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү. Жерлер боюнча иштерди караган. Кармалардан бир жума мурда соттолгон Нурлан Асанов дегенди кабыл алып, Самаковго каршы митингди уюштурууну суранган. Ал эми Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. Ал эми эки ирет кылмыш иши козголгон жаңкы Нурлан Асанов деген “атамекенчи” Райкан Төлөгөновдун мурдагы жардамчысы. 2010-жылга чейин Нурлан Асанов Бакиевдер кланынын Бишкектеги объектилерин кайтарып жүрүп, 7-апрелден кийин күтүүсүз жерден “Ата Мекен” партиясынын активисти болуп чыга келген. 2012-2013-жылдары Асановго алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ушул кезге дейре эмнегедир жазаланбай келген”.

Автор мына ушул макаланын аягындагы сөзүндө Кылычбек Арпачиев камалган күндүн эртеси Башкы прокуратуранын алдына анын колдоочулары митинг өткөргөнүн, булар бир жума мурун өздөрүн Кара-Жыгач, Байтик айылдарынын тургундары деп алдап, Карганбек Самаковго каршы митинг уюштурган 10-12 киши экени аныкталганын кошумчалады.

Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Илимди ириткендер” деген ат менен жарык көрдү.

89 жаштагы хирург Эрнст Акрамовдун “Менде бала да, байлык да, жада калса үйүм да жок” деген маеги да ушул санда.

Ырчы, актриса Ширин Сарыгулованын кызыктуу маеги “Жигиттер мени менен таанышкандан коркушат окшойт. Себеби...” деген ат менен тартууланды. Манас айтып атканда образга кирип, каардуу, сүрдүү көрүнгөн менен өзү жибектей назик кыз экенин, батынып сөз айталбай жүргөн татыктуу кыргыз жигиттери болсо, тандап көрүп, таалайына жылдызы төп келсе, үй-бүлө бактысын чогуу кура турганын кеп кылды.

“Заман залкары” деген баян айтылуу жазуучу Аман Саспаев жөнүндө сандан санга жарык көрө баштады. Илимдин эмгек сиңирген ишмери, доктор Абдыкадыр Садыковдун Алыкулга арналган макаласы “Алп акындын үч сүйүүсү” деген ат менен жарык көрүүдө.

Абактагы аялдардын президентке кайрылуусу басылды.

Акын Меңдибек Асылбековдун “Сабыр кылчы, айланайын Ата Журт..” деген теманын алдында “Бийлик”, Ата Журттун бактысын коргогула”, “Эркиндик деп согот кыргыз жүрөгү”, “Ата Журтту атпагын!”, “7-апрель”, “Сабыр кылчы, айланайын Ата Журт” деген аталыштагы, буга чейин жарыяланбай, архивинде жаткан ырларын окурмандарына тартуулады.

Академиктер Мамбет Мамакеевдин “Мезгил жана инсан” аттуу сандан санга жарык көрүп келаткан мемуары жана Абдылдажан Акматалиевдин “Айтматов жөнүндө эскерүүсү” да “Фабуланын” ушул саны аркылуу уланды.

XS
SM
MD
LG