Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:24

Гезиттер: Бабанов байланды


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

“ПолитКлиника” гезити азыркы учурда өлкө боюнча диний экстремисттик жана террордук уюмдун 2 миңден ашуун мүчөлөрү каттоодо турарын, 5 млн. калкы бар элге бул өтө көптүк кыларын жазды.

Кочкор районунун тургуну Нуршат Ибраеванын “ПолитКлиника” гезити аркылуу президентке кайрылган каты “Менин жолдошум, Кочкор аскер комиссарынын орунбасары Ибрагим уулу Урмат өзүн-өзү өлтүрүшү мүмкүн эмес болчу” деген ат менен жарык көрүп, катында ал Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын териштирүүсүнө ишенбей турганын, жана анын өлүмү кандайча болгонун баяндады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мындан ары Жогорку Кеңеш жөнүндө туура эмес маалыматтарды тараткан журналисттер Жогорку Кеңешке киргизилбейт деп билдиргенин, өкмөт башчысы Темир Сариев Таласта эл менен жолуккан учурунда, беш-алты киши уюша калып, бүтүндөй элдин атынан сүйлөп, мамлекетти шантаж кылып мыйзам бузгандар мындан ары катуу жазаланарын айтканын кабарлады.

Мамлекеттик айыптоочу соттон Данияр Нарымбаевди 12 жарым жылга, экс-депутат Коркмазовду 12 жылга түрмөгө кесүүнү, Коркмазовду генерал-майор наамынан, Нарымбаевди класстык чининен ажыратып, экөөнүн тең үй-мүлкүн конфискациялоону суранганын, 1-Май райондук сотунда экөөнүн тең күнөөсү толугу менен далилденгенин, сот өкүмү эми 18-ноябрда чыга тургандыгын маалымдады.

Ушул эле гезит Акылбек Чынтемировдун “Өнүгүү жолуна түшкөн Кыргызстан жана таза парламенттик башкарууга карай жол” деген макаласында айрым таанымал адамдардын айткан ойлоруна орун берди. Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков Кыргызстан чынында эле өсүү жолуна түшкөнүн айтса, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев кошуна өлкөлөр менен мамиле мурдагы жылдарга салыштырганда жакшырганын айтты. Саясатчы Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу жашоо-шарт бир топ жеңил экендигин, кысым жоктугун, баарына эркиндик берилгенин, президент айткандай толук парламенттик өлкөгө өткөндө мындан да жакшы болорун айтса, саясатчы Эдил Байсалов президент эми өзү президенттикке барбаганы менен бийликти дагы эле колдон чыгарбоо аракетин көрүп жатканын, бийлигин узартуу жолдорун издеп жатканын, ошон үчүн Конституцияны өзгөртүп, элдин бийлигин кыскартууну көздөп жатканын айтты.

“Азия ньюс” гезити жаңы санын “Бабанов байланды” деген макала менен ачып, “Республика-Ата Журт” фракциясы оппозицияда калганы аз келгенсип, вице-спикердик же комитеттен да куру калганын, балким Бабановду Нариман Түлеев менен Мелис Мырзакматовдун тагдыры да күтүп калышы мүмкүндүгүн кыйытты. Журналист Сабыр Муканбетов “Сурап ичкен суу ичкен, тартып өпкөн жел өпкөн” аттуу макаласында болуп өткөн шайлоонун аки-чүкүсүн дагы бир жолу талдоого алды. Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов маек куруп, Тажикстан менен Кыргызстан талаш-тартыш, уруш-жаңжал, чыр-чатак менен чек ара маселесин чечүүгө болбой тургандыгын акыры түшүнгөнүн, эми эки тараптуу алака жакшы жолго түшкөнүн кеп кылды. Ниязов андан ары кезинде Сталин айткан “кадрлар баарын чечет” деген сөз эскирбеген бойдон кала берерин, кадр маселесине келгенде абдан олуттуу мамиле жасоо керектигин белгиледи жана азыр тышкы саясат көзгө толумдуу, ырааттуу жүргүзүлүп, коом туура жолго түшө баштаганын билдирди.

“Асман плюс” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев менен аңгемелешти. Жаш депутат башынан эле жашоо-турмушунда активдүү жан болгонун, митинг болот дегенде ишин да, ичкен ашын да таштап жөнөп жүргөнүн, бийликке каршылык кылам деп төрт жолу камалып, бир жолу бычакталганын, акыры жаны кашайып 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдин бийлигине каршы көтөрүлгөн эл менен аянтка чыгып, снайпердин огунан жарадар болуп, жамбашын бир канча жолу операция кылганын, өзү Таласта дыйканчылык менен оокат кылган карапайым адамдын баласы экенин айтып берди. Ушул эле гезит таланттуу акын кызыбыз Динара Бейшеналиеванын “Өлүп тирилген кыз” аттуу детектив китеби жарыкка чыкканын, өлүп тирилген кыздын укмуштуу окуясынан сырткары киновестерн да барын сүйүнчүлөдү. Динаранын китебине кызыккандар болсо аны мына ушул “Асман плюс” гезитинен тапса болот. Маданият ишмери Турарбек Рыскулбековдун “Таттыбүбү көралбастыктын торуна түшүп калгандыгы чындык” деген маеги да ушул “Асман плюс” гезитинде жарыяланды.

XS
SM
MD
LG