Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:17

Пенсионерлерди алдаган айдоочулар


Бишкек
Бишкек

“Вечерний Бишкек” гезити Кытайдагы кыргыз жоокерлери катышкан парадды телевизордон көрүп, сыймыктанчу күн да алыс эместигин жазды.

“Вечерний Бишкек” гезити ушул жылдын 3-сентябрында Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңишке байланыштуу Кытай Эл Республикасы өткөрө турган Жеңиш Парадына катышуу үчүн Улуттук Гвардиянын жоокерлери жөнөп кеткенин, кыргыз гвардиячылары парадда кытайдын маршы менен басарын, айырмасы барын, биздикилер мүнөтүнө 120 кадам таштап басса, кытайдын жоокерлери мүнөтүнө 112 кадам таштарын, ошондуктан кыргыз жоокерлери парад башталганга чейин Кытайдын өзүндө машыгууга мүмкүндүк алганын маалымдады.

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев “Пенсия көбөйөт, жеңилдиктер кыскарат” деп маек куруп, акыркы эсептөөлөрдөн кийин орточо пенсия 4817 сом болгонун, ал эми келаткан жылдын 1-январынан тартып “өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн” деп берилүүчү пенсия жоюларын көпчүлүк кубануу менен кабыл алганын, президент буга 24-июлда кол койгонун, өлкөдө эки жарым миң персоналдык пенсионерлер барын, булардын пенсиясы мурдагы көлөмүндө кала берерин, бирок мындан кийин “өзгөчө” пенсия алган “жаңы” пенсионерлер болбой тургандыгын айтты.

Ушул эле санда жакында Чүй облусунун тургундары канча жылдан бери баш ооруга айланып келаткан түйүндүү маселелерди ортого салган жыйын курганын, ошол жыйында эмнелер тууралуу кеп болгонун айтып бериш үчүн редакцияга чогулган “Жайыл Ата” коомунун айрым мүчөлөрү Ашымалы Сыдыковдун, Сапар Аргынбаевдин, “Жайыл Ата” коомунун төрагасы Руслан Насыралиевдин жана “Жер элге” коомдук бирикмесинин мүчөсү Нурбек Ниязалиевдин бөлүшкөн ойлорун алардын алым-сабактары аркылуу таанышасыздар.

Маршруттук автобустарды айдаган айрым шоопурлар алтынчы жана дем алыш күндөрү пенсионерлердин карточкалары жараксыз, ошондуктан 5 сомдун ордуна 10 сом төлөш керек деп пенсионерлерди алдап, 10 сомдон кагып алып жатканын, Бишкектин автотранспорт башкармалыгы мындай өзгөртүүлөр болбогондугун, пенсионерлер мурдагыдай эле саат эртең мененки тогуздан кечки саат 5ке чейин 5 сом гана төлөшөрүн, бул тариф эч кандай өзгөртүүсүз келатканын, автобустардын айдоочулары акча талап кылардан мурда буйруктун көчүрмөсүн көрсөтүшү керектигин, эгер аны көрсөтө албаса шоопурдун айткандары эч нерсеге арзыбаган жел сөз же мыйзамга туура келбей тургандыгын эске салды.

“Искра” гезити “Келдибековдун кылмыш ишинен саясат жасаган "АКИпресс", “Салык кызматындагылар Келдибековду сагынышат экен”, Ош: шайлоо КСДП мүчөсүнүн имаратында өтөт, “КСДП жаштарын “кидать” эттиби?” деген майда маалыматтар менен жаңы санын ачты.

Аталган гезит “Орозбек мырза акталды, эми бузукулар жоопко тартылабы?” деп суроо койду. Анда Бишкек Эркин экономикалык аймагынын башчысы Орозбек Нусувалиевге айрым бир ниети бузук адамдардын кайра-кайра жазган арыздары менен кылмыш иши ачылып, иши сотко чейин барганын, бир нече айга созулган сот ишин караган Бишкектин Ленин райондук соту кечээ Орозбек Нусувалиевди толугу менен актап чыкканын жазып чыкты.

Таластан Умар Анарбаевдин каты “Командалык башкаруу системасы” деп аталды. Андан кийинки макала “Бир бол” партиясы съездде “Илбирс секириги” жана Акылга таразалоо платформасын сунуштады” деп аталды. Адилет Айтикеевдин Жаныбек Сурабалдиев менен маегинин аты “Алмаз Шаршеновичтин бийликке келгенине кандай жардам берсек, кетишине да ошончолук мыйзам чегинде аракетибизди жумшайбыз” деген ат менен жарык көрдү. Кубатбек Айбашов аттуу автордун макаласы “Ата Мекендик” биригүүлөр эмне берет?” деген ат менен жарык көрдү.

Депутат Акматбек Келдибековдун сотунан жазылып алынган стенограмманы жарыялоону “Искра” улантууда. Ушул эле санда “10 миң адамды жумуш менен камсыздап, 40 ишкана түптөгөн, келечекте 100 завод ачууну пландаган Шаки мырза” деген ат менен Акмат Асанов аттуу автордун белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун ишмердигин даңазалаган макаласы тартууланды.

XS
SM
MD
LG