Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:19

Аида Салянова тууралуу айтылбаган сырлар


Аида Салянова
Аида Салянова

“Фабула” гезити КСДПнын шайлоо тизмесине бул ирет сауна чатагы менен атагы чыккан Турсунтай Салимов, жашы улгайып калган Мамат Орозбаев, Эркин Сакебаев, Мамытбай Салымбеков, Жусупали Исаев жана Ыргал Кадыралиева, Токтогул Туманов, Олег Домшенко сыяктуу мурда ушул партия менен депутат болгондор кирбей калганын кабарлады.

“Фабула” гезити “КСДП фаворит, а калганычы?” деген ат менен Адилет Акматов аттуу автордун макаласын тартуулады.

Жангороз Эсенгелдиев макаласын “Бир бол” партиясынын тизмесин Мыктыбек Абдылдаев башкарат” деп атаса, “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын тең төрагасы Расул Умбеталиевдин маеги “Аида тууралуу айтылчу нерселер али алдыда...” деп атап, Аида Салянова катуу жаңылганын, “Күчтүү Кыргызстан” “Ата Мекен” менен бирикти деп коомчулукка жар салып жаткандан кийин өзү эле кирбей, партиянын бир канча мүчөлөрүн ала кирсе болмогун, биригүү тууралуу Умбеталиевдин өзүнө да беш партиядан сунуш түшкөнүн, ал бешөөнөн тең баш тартканын Саляновага айтса, “Туура кылыптырсыз, “Күчтүү Кыргызстан” эч ким менен бирикпей өзүбүзчө болушубуз керек” дегенин, анан эмне болуп Текебаев менен биригип анын партиясына кирип кеткенин билбей калганын, эгер анын бул айткандарын туура эмес деп, Аида аны жаманатты кыла турган болсо айтылбай турган көп маалыматтарды ачыкка чыгарарын жар салды.

Депутат Бакыт Жетигенов “Президентибиз коррупцияга болгон позициясын абдан эле бекемдеп алды” деп интервью берип, ага Данияр Нарымбаевдин камалышын мисалга тартты. “Фабуланын” башкы макаласы “КСДПнын 14-курултайы болуп өттү” деген макала болуп, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун курултайда сүйлөгөн сөзү толугу менен жана партиянын шайлоого бара турган талапкерлеринин же 60 адамдын тизмеси жарык көрдү. Фракция башчысы сөзүндө алдыга карай БЕШ КАДАМ жасалганын, эми мындан ары дагы БЕШ КАДАМ жасаларын айтты.

Диний эскперт Кадыр Маликов “Шайлоодо шайтан оюндар болсо, тышкы күчтөр активдешет” деп маек курду. Кадыр Маликов бүгүн айрыкча күч органдары катуу иштеши керектигин, азыр улуттун, элдин коопсуздугу биринчи орунда турарын, “Ислам мамлекети” деген күч аймагын кеңейтүүгө, өзүн жактагандардын санын көбөйтүүгө аябагандай аракет кылып жатканын, андыктан бул жагдай бийлик башындагылар үчүн ойлоно турган олуттуу маселе экендигин, өзгөчө шайлоого ат салышып жаткан партиялар этият болуп, мандатты, бийликти биринчи орунга койбой, элдин тынчтыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн башкы орунга коюп иш алып барышы керектигин, кокус кенедей эле бир нерсе болсо тышкы күчтөр пайдаланып кетерин эскертти.

“Фабуланын” бүгүнкү санына кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун тарыхчы Кыяз Молдокасымовго ачык каты жарык көрдү. Катта Шабдан баатыр тууралуу тартыла турган киносценарийден чыккан талаш-тартыш күчөп олтуруп, кино тартуу өкмөт тарабынан убактылуу токтотулуп турганын жана анын себептерин сөз кылып, сотко бермекчи болгон тарыхчы Кыяз Молдокасымовду эми кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров өзү сотко берерин, жок жерден тутанган талаштын түйүнү эми сот аркылуу чечилерин билдирди.

“Вечерний Бишкек” гезити Ысык-Көлдүн Өрүктүсүндөгү киши өлүмүнө алып келген окуяны жазып, жок жерден чыккан чатак айланып келип эле жакшынакай башталган эс алуу сезонун бузуп, акыр-аягы көлдүктөрдүн өздөрүнө эле зыян апкелип жатканын, көлдүн кадыр-баркына доо кетерин, эми казак маалымат каражаттары Ысык-Көлгө баргысы келген мекендештерине бул кайгылуу окуяны кайра-кайра тегеретип, “Ысык-Көлгө баргандарды ушинтип ташбараңга алып туруп, өрттөп жиберишет, ал жерде жалаң бандиттер менен киши өлтүргүчтөр жүрөт” деп табасы канып турарын, дагы бир жагдай “Керемет суу” ваннасы туристтик агенттиктердин программасына киргизилгенин, эми өрттөлүп кеткенден кийин ал программадан алынып салынганын, муну менен агенттиктер жок жерден финансылык чыгым тартып жатканын жазып чыкты.

“Вечерний Бишкектин” бүгүнкү санынан мындан тышкары маршруттук автобусту айдаган шоопурлардын айрымдары жүргүнчүлөрдү көзгө илбей балчылдатып сагыз чайнап, шалпылдатып түкүрүп, тамеки тартып, бир колу рулда баратса бир колу сотко менен сүйлөшүп, кокус эскертүү берсең оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, алтургай мушташканга чейин барарын баяндоо менен дал ушундай шоопурлардын биринен запкы көргөн жүргүнчү Наталья Крамарева ушу күндө ооруканада жатканын, маршруткадагы чыр “тамеки тартпаңыз” деген сөздөн келип чыкканын кеп кылды. Бул боюнча бишкектиктердин ой-пикирлери да ортого салынды.

XS
SM
MD
LG