Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Кремлдин мигранттарга "ырайымы"


Москвада орус тилинен экзамен тапшырып жаткан мигранттар
Москвада орус тилинен экзамен тапшырып жаткан мигранттар

“Вечерний Бишкек” гезити президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 19-июнунда Орусиянын президенти Путин менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгын соода-экономикалык, инвестициялык жана жылуулук-энергетикалык тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашканын, өзгөчө Орусиянын аймагында иштеп жаткан жана иштегени барган кыргызстандык мигранттар үчүн кыйла жакшы болгондугун, мисалы эми мындан ары мигранттардан патент талап кылынбастыгын, орус тили, орус тарыхы жана орус мыйзамдары боюнча экзамен тапшыруу милдетинен кутулганын, ишке орношуу жеңил болуп калганын, Кыргызстандан берилген орто билими же атайын билими бар документтер Орусияда да жарай берерин, маселен, педагогикалык, юридикалык, медициналык жана фармацевтикалык күбөлүгү, диплому барлар Орусиядан кызмат таап алса боло тургандыгын, ошону менен бирге эле социалдык жактан колдоо, медициналык жактан жардам берүү, мигранттардын балдарын бала бакчаларга алуу, мектептерде окутуу жагдайлары да чечилгенин аталган гезит “Шлагбаумду алып салганга мезгил жетти” деген макаласында кенен чагылдырды.

Жаңыдан үйлөнгөн Замирбек Гапаров менен Гүлбарчын Мурзаева Бишкектен квартира сатып алып, жагдайга байланыштуу сатып алган үйүн убактылуу таанышынын атына каттатканын, таанышы ошол замат үйдү өзүнүн менчиги кылып алгысы келип бир топ “операцияларды” жасаганга үлгүргөнүн, анын арам ишин билип калган Гапаров сотко берип утуп чыккан, бирок канча жыл Орусияда иштеп, акча чогултуп жүрүп Бишкектен сатып алган Гапаровдун үйүнөн да кимдир бирөөлөр акча жасагысы келгендигин, соттук эки инстанциядан утуп чыккан үйдүн ээси Жогорку Соттон утулганын, Гапаровдун айтымында, адилеттиктин храмы болот деген дал ушул Жогорку Сотто коррупция гүлдөп жатканын, бардык маселелер мыйзам менен эмес, акча менен чечилип калганын, өзү сыяктуу жөнөкөй миңдеген жарандардын көз жашы менен азап-тозогунан акча жасап жаткан кыргыз сотторуна кудайдан башка эч кимдин алы жетпей калганын көзү менен көргөн соң Кыргызстанда коррупциянын боосу темирден да бекем экенинен ишенгенин баяндаган макаланы бүгүн жарыкка чыккан “Вечерний Бишкек” гезити жарыялады.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” деген, Жаныбек Керекбаевдин “Супурасы курук саясий партиялар... “Чет элдик агент”... "Аягы суюк саясатчылар...” деген, Жумагүл Барктабасованын “Милиция элди коргоого даяр” деген, Жангороз Эсенгелдиевдин “Чоң жолдогу саясатчы” деген макалаларын, Алмаз Темирбек уулунун “Малайзия сапары” деген жол баянын басты.

Депутат Токтогул Туманов маегин “Качыке Эсенкановдун арыз жазып кетип калышы көп нерседен кабар берет” деп атап, Жогорку Соттун судьясы Качыке Эсенканов принципиалдуу, калыс, таза иштеген бирден бир судья болгонун, бул киши соттогу мыйзам бузууларды көргөн соң коррупциялык схемаларга чыдай албай арызын жазып иштен кетип калганын, буга чейин мындай болбогонун айтып берди.

“Кыргыз туусу” гезитине депутат Каныбек Иманалиевдин “Мурун оппозиция көчөдө жүрсө, азыр Ак үйдүн 7-кабатында олтурат” деп интервью берди.

Мырзакат Тыналиев “Судьянын билимсиздигиби же өзүмбилемдигиби?” деген макаласында Чүй облусундагы Москва райондук сотунун судьясы Феликс Марлестин мыйзамсыз жоруктары жана прокуратура кызматкерлеринин аракетсиздиги жөнүндө сөз кылды.

Гезит дагы бир макаласында ТҮРКСОЙ уюму жакында Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгынын урматына Алматы шаарынын Жамбыл атындагы мамлекеттик филармониясында Шералиевдин ырларынан турган чоң концерт өткөрүп бергенин, казак калкы концертти жакшы кабыл алганын, Кыргыз эл артисти Кыргызбай Осмонов баштаган Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын артисттери барганын, кыргыз ырчылары Анарбек Ибраев, Майрам Дүйшекеева, Бакыт Шатенов, казак ырчылары Алтынбек Корозбаев, Багдагүл Самүдүновалар Шералиевдин керемет ырларын кемелине келтире ырдап, элдин купулуна толгонун маалымдады.

XS
SM
MD
LG