Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:44

КСДПга таарыныч


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Бүгүнтөн баштап “Республика” гезити кайрадан жарыкка чыга баштады.

“Бир ирет сууга түшөм деп, агып өлө жаздап, аман чыккан киши кайрадан ошол сууга түшпөй калат” деп айтышат. Мен деле ошентип ойлогом. Бирок, айланып олтуруп баары эле баягы калыбына келатканын көрүп туруп чыдай албай бир кездеги гезитиме кайрадан кайтып келдим” деп жазган айтылуу журналист Замира Сыдыкованын башкы редакторлугу менен “Республика” гезити кайрадан жарыкка чыга баштады.

Замира Сыдыкова “Убада. Көмдү жана унутту” деген макаласында бийлик, Атамбаев, Кремль, Евразиялык Бажы союзу тууралуу учкай кеп кылып келип, бүгүн эл ичинде: “Акаев алты баштуу Акаевге айланды эле, андан кийин Бакиев келип жети баштуу Бакиевге айланды. Анан Атамбаев келип 120 баштуу Атамбаевге айланды” деген кеп айтыла баштаганын, азыр өлкөдө каалаганын кылган эки гана структура – прокуратура менен сот барын, бул экөө түздөн түз президентке баш иерин, президент тарабынан шайланарын жана президенттин көрсөтмөсүн аткарарын, бул көрүнүш Акаев менен Бакиевдин тушунда жеке бийлик деп аталып келсе, Атамбаевдин тушунда муну жумшагыраак, тергеп айтуу менен Конституциядан чыгып кеттик окшойт деп кулак кагыш кылып калышканын, бир караганда президент эч кимге көрсөтмө бербегенсип сезилерин, андай болсо “Батукаевди ким бошотту?”, “Вечерний Бишкекти” ким тартып алды?” деген суроолор тамагыңа келип тыгыларын, Атамбаев болсо билбейм деп ийин куушуруп, Жогорку Кеңеш болсо саясатка кийлигишпейбиз деп спорттук мелдештерди өткөрүп, бак тигип жүргөнүн жазып келип: “Атамбаев отпуск алып Түркияга учуп кетти. Түркиядагы шайлоонун кандай өткөнү аны аябай кызыктырууда. Эрдогандын партиясы эми кандай болор экен? Анткени анын бизнеси көп жагынан ушуга байланыштуу” деп жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезити “Сакадай бойлуу Сариевдин иш башы жакшы” деген макаласында өкмөт башчынын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жакшы сүйлөшкөнүн, электр энергиясын арзан баа менен сатып алууга макул кылганын, Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоого жол ача турган CASA-1000 долбоорун биргелешип ишке ашыруу, Кытай-Кыргызстан-Тажикстан темир жолунун курулушу, Кытай-Түркмөнстан газ түтүгү жана дин коопсуздугу боюнча окшош ойдо экендиктерин жазып чыкты. Мелис Совет уулунун макаласы “”Чет өлкөлүк агент” мыйзамы кимди коргойт?” деп аталды. Буга карата айрымдардын ой-пикирлери жарыяланды.

“ПолитКлиника” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш” деген ат менен окуянын 5 жылдыгына байланыштуу Кыргызстандын элине кайрылуусун басты.

“Бул парламент кандай иштеди?” деген суроого Токтогул Какчекеев: Парламенттик республика деген эмне экенин эч ким түшүнгөн жок. Эң жаманы депутаттардын арасында кылмышкерлердин көптүгү жанды кейитет, - деп;

Марат Казакпаев: 120 депутат болсо жарымы сессияга такыр келген эмес,- деп;

Бакыт Бакетаев: Бул депутаттарга рахматыбызды айтышыбыз керек. Маданиятты куруп, коомубузга кайталангыс системаны киргизди. Элибиздин өзгөрүшүнө чоң салым кошту,- деп;

Искендер Ормон уулу: Мурдагы парламентке караганда алдыга жылуу бар,- деп жооп берди.

Ушул эле гезитте депутат Чыныбай Турсунбеков КСДПга таарынганы, анткени ал жаңы түзүлгөн тизмеде 20 кишинин аягында болуп калганын кабарлаган маалымат бар.

“Азия ньюс” гезити саясый партияларга, шайлоо саясатына кыскача токтолуп, алдыдагы негизги атаандаш “Ата Мекен” партиясы менен КСДП болору билине баштаганын, акырындап бийликке каршы күчтөр “Ата Мекен” партиясын көздөй агылганы турганын, эми Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясы “Ата Мекенди” көздөй бурулчу болсо, Мырзакматовдун 10 миңдеген күйөрмандары “Ата Мекенди” көздөй агып кирерин жазды. Ушул эле гезитке “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Бүгүнкү күндө төрөлгөнгө да, өлгөнгө да шарты жок” деген ат менен көлөмдүү интервьюсу жарык көрдү. Текебаев маегинде “Үңкүр да болсо үйүм бар” деген сөздүн төркүнүн, үйгө жетпей жүргөн кыргыздардын көйгөйүн көтөрүп, аны кантип чечсе болорун, ал үчүн кандай иштерди жасоо керектигин кенен баяндады. Өмүрбек Текебаевдин дагы бир маеги “2005-жылы Жантөрө Сатыбалдиев менен Марат Султанов кимдин колтугуна жашынарын билбей жүргөн” деп аталды. Гезит өкмөт башчысы Темир Сариевдин Тажикстанга сапарын, Жылдыз Жолдошеваны лидерликтен кетирүү аракети башталганын да жазды.

“Асман плюс” гезити белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Мен экинчи катмардагы саясатчымын” деген интервьюсун окурмандарга тартуулады. Эрнест маегинде көп суроолорго, кино жана каражат меселесине, маданият жана адамгерчилик маселесине, “Манас” эпосу жана Бүбү Мариям тууралуу кепке, киносценарий жана Шабдан баатыр тууралуу көптөгөн суроолорго ачык жооп берди.

ЮНЕСКОнун эксперти Гүлнара Айтпаева интервью берип, Карганбек Самаковдун үй камагына алынышы ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы эксперттик тобунун ишин кыйынчылыкка кептегенин, эми Көк Бөрү оюну ыргыздыкы болбой калышы мүмкүндүгүн, анткени аны өткөрүүгө Самаковдун көмөгү керек болорун, анын үстүнө Карганбек Самаковду ал жакта баары таанып, сыйлап турарын, ошондуктан эксперттик топ тиешелүү жерлерге кайрылып, Карганбек Самаковго ишин улантууга шарт түзүп берүү талабы менен кайрылып жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG