Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

"Баарына журналисттер күнөөлүү..."


“Вечерний Бишкек” гезити өзүнүн айланасындагы чыр-чатактардын төркүн-төшү кайда жатканын бүгүнкү санында да жазды.

Бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата “Кан-жанын отко салган аталар” деген жалпы тема алдында кыргызстандык Советтер Союзунун Баатырларынын кыскача таржымалы менен окурмандарды тааныштырды. Мунун артынан эле “Немистин гранатасын тосуп алып, кайра немистерге ыргыткан Сакай ата баяны” деген, “Айылдын “капитан атасы” Сапа Асаналиев” деген, “Чалгынчыларга бомба түшкөндө жалгыз өзү тирүү калган Жумабек Осмонов” деген кызыктуу баяндар басылды. Тарых илимдеринин кандидаты Элизат Турсунованын макаласы “Кошой Коргондун” тарыхына арналды. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, атактуу бийчи Асылбек Бегалиевдин чыгармачылыгын окуучусу Кайнарбек Бийлибаев баяндап берди. Жазуучу Ракыя Жусупованын “Таттыбүбү” тууралуу эскерүүсү да ушул санда.

“Искра” гезити бул санын “Таластык энелер Зулпукаровдун отставкасын талап кылышты” деген макала менен ачты. Адилет Айтикеевдин “Айсберг” атуу макаласында бийлик, анын айланасындагы оюндар, отставкалар, учурдагы кырдаал, оппозиция алсыз деген менен кокус бирдеме болсо оппозиция тарапка өтө каччулар көбөйүп бараткандыгы тууралуу сөз болот. Мамбетжунус Абыловдун гезиттеги маеги “Себеби пенсионер, майыптарды тоногон чиновникти” соттош керек деп Келдибеков тууралуу Атамбаев сотко түз көрсөтмө берип салган” деген ат менен жарык көрдү. Абдылда Капаровдун “Парламенттин ичине кирсем, Асылбек Жээнбековдун чыныгы жүзүн ачмакмын” деген, укук коргоочу Чолпон Жакупованын “Башкы прокуратура да, УКМК да президенттин кураторлугунда, анан алар кантип адилет иликтөө жүргүзмөк эле” деген, Табылды Акеровдун “Бийлик коомубузду орусиячыл жана америкачыл деп бөлүп олтуруп жарандык согушка алып келиши мүмкүн” деп интервью берди.

Саясат таануучу бул интервьюсунда Кыргызстан бүгүн өз алдынча эч нерсе кыла албастыгын, өлкөнү Орусиянын көзөмөлүнө толугу менен өттү деп айтсак болорун, президенттин абийирине шек келтирдиң деп Башкы прокуратуранын журналистти сотко бергени мыйзамдуу экенин, бирок саясий негизде туура эмес болорун, “Ата Мекен” партиясынан министр болгондордун отставкага кетип, шайлоого аттанышы туура экенин, Абдылда Капаровдун Жалал-Абаддагы Курултайда эч фактысыз билдирүүлөрдү жасап жатканы түшүнүксүздүгүн, улуттук комиссияда суракка алынганда эмне үчүн ушул фактыларды айтып чыкпай, эми айтып жатканын, өткөн каргашанын өчкөн отун кайра тутантуу жакшылыкка алып келбестигин, анткени ошол акчадан элдердин ортосундагы тынчтык алда канча кымбаттыгын айтты.

“Вечерний Бишкек” гезити 1-бетине “Соттук өзүмбилемдикке жол жок!”, “Фарид Ниязовду – отставкага!”, “Вечерний Бишкектен" колуңарды тарткыла!” деген плакаттарды көтөрүп турган сүрөттөрдү түшүндүрмөсү менен кошо жарыялады. Анда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Вечерний Бишкектин Александр Ким менен Анна Василенкого тиешелүү Жабык акционердик коом болуп эсептелген “Басма үйүнүн” акцияларын арестке алган чечим чыгарганын, буга макул болбогон коллектив дароо эле апелляциялык арыз менен Шаардык сотко кайрылганын, “Вечерканын” доо арызын Бишкек шаардык соту эми 4-майда карай турган болгонун, чагылгандай тездик менен жүрүп жаткан сот иштеринин артында жогору жактан гезиттин тезирээк оозун жабуу тапшырмасы берилгендей шектентерин жазды.

Ушул эле санга “Вечерний Бишкек” гезитинин тегерегиндеги чыр боюнча “Күнөөлүүлөр кантип күнөөсүздөр болуп көрүнүүдө?” деген жана “Президенттин айланасындагылар эмне үчүн элди адаштырып жатышат?” деген макалаларды тартуулады. Биринчи макалада айрым телеканалдар аталган гезитти Бакиевдерди жактаган деп, журналист Рина Приживойт Бакиев учурунда элчилик кызматка кеткен деп, журналист Дина Маслова Бакиевдин секретариатында иштеген деп күнөө коюп жатканын, эми буга жооп катары азыркы Президенттин аппаратында иштеген кызматкерлер да Бакиевдин администрациясында иштегендер экенин, атургай айрымдары кызматтан кызматка өсүп жатканын белгилеп, Алмаз Үсөнов менен Илим Карыпбековду мисалга тартты. Окурмандардын башын айрыкча Фарид Ниязов айландырып жатканын, анткени “Вечерканы” басып алуунун артында президенттин айланасындагы адамдар турганын дагы бир ирет айтып алды.

Экинчи макалада Кыргызстанда натыйжа бере тургандай стратегиялык комплекстүү маалыматтык саясат мурда деле болбогондугун, азыр да жоктугун, эгер ал болгондо бүгүнкүдөй иштерге Президенттик аппарат башын сайып чыга калбастыган, экинчиден көп мезгилден бери эле президент менен анын айланасындагылар өлкөдөгү бардык кемчиликтерге жалгыз гана журналисттерди күнөөлөп, өлкөнүн кадыр-баркын кетирип келаткан душмандар катары санап алганын, коррупциянын гүлдөшүнө да, Азиз Батукаевдин бошоп кетишине да, саясий оюндардын колдон колго өтүп келаткан кол жоолугуна айланган Кумтөргө да журналисттерди күнөөлөмөй адаты ооруга айланганын жазды.

XS
SM
MD
LG