Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Партиялардын диктатурасы


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

“Кыргыз туусу” гезити 18-апрелдеги санында нарындык карыя, акын Шермамбет Абдыразаковдун “Пейилибизди” кеңейтсек!” деген аталыштагы катын жарыялады.

“Де-факто” гезити Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин генералдык катчысынын орун басары Адахан Мадумаровдун “Бизде мыйзамдын диктатурасы эмес, 2-3 партиянын диктатурасы пайда болду, ушунун өзү чоң коррупция” деген интервьюсун тартуулады. 20 жылдан бери көз карашын билдирип, бир ирет ак же көк деп айтпаган Жоомарт Оторбаевди өкмөт башына алып келген партия бүгүн ошол өткөн шайлоодо жеңип чыккан “Бүтүн Кыргызстандын” ордунда уялбай отурганын, бийлик каталарды өтө көп кетирип келатканын, мамлекетте тартип жоктугун билдирди.

“Фабула” гезитине экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев интервью берди.

“Имарат-Строй” ишканасынын башкы директору, “Кыргыз тили” коомунун вице-президенти Бейшенбек Иманалиев “Фабула” гезитине “Эл бийликти сөгө турган кырдаал жарала элек” деп интервью берди.

Ушул эле гезит менен маектешкен экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев өлкөнүн экономикалык абалы Бакиев убагында кандай болсо ошол бойдон келатканын, мугалимдер менен врачтарды коррупционер деп шылдыңдап атышканын, коррупционер дегендер бийликтин төрүндөгүлөр, энергетиканын башына олтуруп алып миллиондорду сол чөнтөккө солоп, мамлекеттик кызматты “базарга” айлантып, министрликтерди соодалап жаткандар өздөрү экенин, буга чейинкилер да ушул дарт менен ооруп келгенин, булардын оорусу да ушул болуп саналарын, бул оңой менен айыкпасын айтты.

Айылчы Сарыбаев алакандай Кыргызстанды 23 жылдан бери тынбай жеп-ичип, ата-бабаларынын өчү бардан бетер талап-тоноп жаткан өтө чоң жегичтерди атып салгандан башка катуу жаза жоктугун, мындай дарттан президент гана арылтарын, бирок президент муну түшүндүбү-жокпу билбестигин, анын мөөнөтү бүтөрүнө өзү айткандай теңи калганын, дагы эле курган үмүт үзүлбөй, Атамбаев коррупционерлерди камап эле тим болбой, жазасын берсе экен, андан кийинки келген президент ушул тартипти андан ары улантса экен деген тилек тилек бойдон келатканын эске салды. Ал ошону менен бирге Оторбаев болгону Акаевге окшогон физик болорун, ага караганда Жантөрө Сатыбалдиев алда канча иштермандыгын, Кыргызстанды физиктер башкарып турганда өлкөдө өнүгүү болбой тургандыгын кошумчалады.

“Алиби” гезити билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун “Жогорку окуу жайларын кыскартабыз” деген маегине орун берди.

Ушул эле гезит аркылуу экономист Искендер Шаршеев Бажы биримдиги тууралуу маек куруп, Бажы биримдигине кирсек, маселен, былтыр бажы тармагынан 34 миллиард сом топтосок, ошонун баарын Москвага которуш керек болорун, анан Москва мамлекеттердин статистикасын карап чыгып, ошого жараша кайра бөлүштүрөрүн, эгер статистикабыз төмөн болсо Москвага жөнөткөн 30 миллиард сомдон кайра колубузга 600 миллион сом гана алып калышыбыз мүмкүндүгүн, Бажы союзунун ушундай опурталдуу жагы барын, кыскасы, ага кандай жол менен барып кирсек да экономикабыз чоң мүшкүлгө туш келерин кеп кылды.

“Жаңы агым” гезити жакындан бери коңшу Өзбекстандын бийлиги жаңы демилге көтөрүп, ага ылайык дүйнө коомчулугу анысын толугу менен кубаттай турган болсо “Хизб-ут Тахрир” диний экстремчил партиясы мындан ары террорчу уюм катары эсептелерин, демек, анын мүчөлөрү катаал жазаланарын билдирген маалыматты таратты деп кабарлады. Журналист Алишер Токсонбаев өзбек өкмөтүнүн ырасташынча, аталган партия кыйла жылдардан бери Фергана өрөөнүндө террорчул актыларды байма-бай уюштурган адамдарды тынбай тарбиялап келатканын, ошондуктан бул кара ниет уюмду түп-тамыры менен жок кылуу гана Фергана өрөөнүндө тынчтыкты сактап калууга болорун баяндады. Официалдуу маалыматтарга караганда, Кыргызстанда азыркы күндө 4 миңдей “хизбутчу” иш жүргүзүп келет.

“Кыргыз туусу” гезити аркылуу нарындык карыя, акын Шермамбет Абдыразаковдун “Пейилибизди” кеңейтсек!” деген аталыш менен президент Алмазбек Атамбаевге 7 беренеден турган кат жолдоду.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Баары таза шайлоодон башталат” деп аталса, дагы бир макаласы “Темселеткен техосмотр” деген ат менен жарык көрдү.

Журналист Уулкан Сариеванын “Катага толгон кайран Бишкегим” деген ат менен тартууланды. Автор борбордун жарыя такталарындагы бирде адамдын кыжырын, бирде күлкүсүн келтирген чалагайым котормолор жөнүндө сөз кылып, маселен, “каттоо” деген “катоо”, “багыттары” деген “багаттары”, “жаңы” деген сөз “ң” тамгасы жок “жаны” болуп, айтор, ката кадам сайын кезигерин, кыргыздарда эзелтен “эшигин көрүп, төрүнө өт” деген сөз барын, анысы кандай, Бишкектин эшигин аттарың менен эле көрнөктөрдөн көңүл кайт болорун, жашы 65ке толгонуна карабай фотоаппаратын көтөрүп алып, катага толгон Бишкекти бир аз аралап, көңүлү кирдеп кайтканын жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG