Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:50

Кечээги "акжолчулар" бүгүн ким?


“Фабула” гезитинин кабарчысы Баратбай Аракеев жоголгон 60 млн. рублду ким уурдаганын жазды.

“Фабула” гезитинин бүгүнкү санына журналист Баратбай Аракеевдин “Аскар Акаевдин айтканы калп! Акын-жазуучулардын ырыскысын Алмаз Атамбаев эмес, Асан Жакшылыков жеген!” деген макаласы жарык көрдү. Көрсө 90-жылдардын башында чуу болуп, кыргыз жазуучулары тамдуу болсун деп өкмөт тарабынан бөлүнгөн 60 миллион рублду, агезде 1 рублдун күчү АКШнын 1 долларына барабар кези, анан ошол 60 млн. рублду Жазуучулар союзунун ошол кездеги 1-секретары Асан Жакшылыков жеп алганын, андан кийин жегичтер Свердлов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги жазуучулардын үйү үчүн деп бөлүнгөн 15 сотыхтан кем эмес, жер төлөсү бүтүп калган үйдү баш-оту менен болгону 35 миң долларга кадимки Нариман Түлеевге сатып жибергенин жазып, бүгүн Бишкекте мындай жердин бир сотыхы 50 миң доллардан кем эместигин эске салды.

Ушул эле макаланын алдына ошол кездеги президент Аскар Акаевге, премьер-министр Апас Жумагуловго Кыргыз жазуучулар союзунун ошо кездеги президиум мүчөлөрү менен секретарлары Төлөгөн Касымбеков, Жалил Садыков, Бексултан Жакиев, Асанбек Стамов, Алмазбек Атамбаев, Александр Иванов жана башкалардын колу коюлган кайрылуусу кошо басылды. Кайрылууда Асан Жакшылыков тарабынан 60 млн. рубль Москванын “Топаз” деген фирмасына кандай айла-амал менен которулганы, бул шылуундук фактыларды терең изилдеп, алынган акчаны 600 проценттик коэффициент менен эсептеп, өкмөткө кайта кайтаруу зарылдыгы, ошондой эле бул жерде 50 млрд. акчага жакын каражатты жеп кеткен шылуундарды мыйзам алдында жоопко тартуу жөнүндө сөз болгон. Эки макаланын жанына “Архивден” деген рубриканын алдында Кыргыз Республикасынын финансы инспекциясынын бул кылмыштуу ишти текшерип чыккандан кийинки справкасы” да басылып, ал орус тилинде жарыяланды.

“Алиби” гезити бул санын “Абайла бийлик! “Опасно!” деген макала менен ачты. Макалада Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Бабырбек Жээнбековду Жантөрө Сатыбалдиев башкаларга үлгү кылып мактаганы, анан арадан алты күн өтө электе эле айнып кетип, аны кызматтан алуу жагын карай баштаганын, президент Алмаз Атамбаев Бакиев бийлигинин үй-бүлөлүк режимине каршы балта көтөрүп чуркап жүргөндө Бабырбек Жээнбеков ошол балтанын сабын кармашкандардын алдында болгонун, бүгүнкү бийликтин бир бурчун чоюп олтургандар, ошол эле депутаттардын далайы кезегинде Бабырбек Жээнбеков менен үзөңгүлөш жүрүп, Бакиев бийлигине каршы “Алиби” гезити аркылуу тиш кайрап келгенин, эми дал ошол үзөңгүлөштөрү Бабырбек Жээнбековду Атамбаев бийлиги саясий кысымга алып киргенде “сүйлөшүп алышкансып” унчукпай дымып калышканын, баарынан кызыгы ошол Бакиевдер тебелеп киргенде атасы Бабырбек Жээнбеков төшүн тосуп, уулу Равшан Жээнбеков үчүн башын канжыгага байлап катуу күрөшкөнүн, эми жаз келери менен оппозициялык эски оорусу козголгон Равшан Жээнбеков башканы мындай кой, ошол өзү үчүн куугунтукка кабылган карачечекей атасы үчүн сөз айтып койгонго жарабай, оозуна кум сугунуп алгансып унчукпай, Жогорку Кеңеште бир ооз сөз айтканга жарабай койгонун жазып чыкты журналист Капар Токтошев.

Ушул эле макаланын алдында “Бабырбек Жээнбеков саясий куугунтукка кабылдыбы?” деген баштеманын алдында айрым депутаттар менен саясатчылардын ой-пикирлери тартууланды.

Жанкороз Эсенгелдиевдин “Фабула” гезитиндеги макаласы “Эчки тууй албай жатып койго аначы болгусу келет” деген ат менен жарык көрдү. Автор бир кезде Бакиевдердин айдаганы менен басып, тур дегени менен туруп, казактарга Каркыра жайлоосу менен Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты бериш керек деп кош колдоп добушун бергендерди бири Максат Кунакунов “Жаштар өкмөтү” дегенди түзүп алып жер-жерди кыдырып жүргөнүн, мындайлар өз атын чыгарыш үчүн ыплас жоруктардан да кайра тартпастыгын, ушул эле Кунакунов 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдер кыргыздын канын төгүп качканда “Ак Жолдун” жаштарын топтоп, “Жаңы максат” деген кыймылын түзө калмакчы болуп, ал кыялы ишке ашпай калганын жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG