Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

“Жамийла" жана "Жайшүл-Махди”


Швецариядагы китеп дүкөндө турган Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повести.
Швецариядагы китеп дүкөндө турган Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повести.

"Жамийланы" окубаган "Жайшүл-Махдиге" мүчө болот. Бүгүнкү кыргыз гезиттеринде ушул жана башка маселелер козголду.

“Вечерний Бишкек” гезити Кыргызстандагы зергерчилик ишмердиги өз кудуретин жоготкон сайын ага сырье болчу алтын кымбаттап жатканын, зергерлер жасаган асыл баа буюмдарына барган сайын алтынды аз аралаштыргандан башка айла табалбай калганын баяндап, анын себептеринин аки-чүкүсүн талдоого алган атайын макала жарыялады.

Аталган басылма бир топ макалаларын Жогорку Кеңештин болуп өткөн жыйынына арнады. Анда Жогорку Кеңешке сырттан киргендер жана журналисттер кандай кийинип келиш керектиги менен маданият маселеси жөнүндө сөз болот. Макаланын автору өкмөт башчылыгына Темир Сариевдин талапкерлиги талкууга алынып жаткан маалда “Ата Мекен” фракциясынан Садык Шернияз чыгып сүйлөп, элди маданияттуу тарбиялоого көңүл бурулбай жатканын, маданият десе эле ырчыларды ойлоп калганыбызды, маданияты бар адам эч качан коррупцияга барбастыгын, №50 түрмөдөн качып чыккандын кесепетинен 13 адам өлгөнүн, алардын арасында күч органдарынын мыкты кызматчылары да болгонун, эгер кылмышкерлер Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласын” окуганда “Жайшүл-Махди” деген диний уюмга мүчө болбой калмагын айтканын, Садык Шернияз ошондой эле олимпиадалык резервдеги балдарды тарбиялоочу Республикалык окуу жайын жабууга болбой тургандыгын билдиргенин жазып чыкты.

Журналист Азамат Касыбековдун макаласында “машине минбейбиз, минебиз” дегенди талкууга алган бир катар депутаттардын сүйлөгөндөрүн мисалга тартуу менен президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүн шилтеме кылды. Президент сөзүндө өткөн шайлоо бир чындыкты даана көрсөткөнүн, шайлоого жалаң бизнесмендер аттанганын, өлкөдөгү мен баймын дегендин баары депутат болгусу келип жүгүргөнүн, өнүккөн өлкөлөрдө байлардын баары шайлоого катышарын, бирок алар депутат болуш үчүн эмес, депутат болом дегендерге демөөрчү - спонсор болуш үчүн шайлоого катышарын, бизде болсо парламентке жулунуп миллионерлер келгенин, өткөн парламентте Жогорку Кеңештин жыйынына 1 же 2 жолу гана катышып койбосо жылы бою басып келбеген, бирок машинесин минип, артыкчылык менен жеңилдиктерден болушунча пайдаланып, айлыктарын унутпай ай сайын алып турган депутаттар болгонун, мындан ары мындай көрүнүш кайталанбашы керектигин айтканын кеп кылуу менен баары бир байларды парламентке түрткөн эки себеп болгонун, бири депутат болчулардын канындагы ач көздүк, экинчиси ар кандай нерселерден өзүн-өзү сактоо “инстинкти” депутаттыкка алып келгенин кошумчалады.

“Көк асаба” гезити Саякбай манасчы тууралуу көркөм тасма тартууга кароо-сынак жарыяланганын маалымдап, “Саякбай манасчы” коомдук фондунун төрагасы Самат Ибраев менен маек курду.

“Көк асаба” гезити “Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 26-ноябрь күнү Кыргызстанда 6 миллионунчу бала жарык дүйнөгө келет” деп, “Төө буурчакка бааны мамлекет эмес, дүйнөлүк рынок аныктайт”, андыктан төө буурчакты кымбаттатып бер деп өкмөттү жөөлөй бергендик бөтөнзордукка барабар деп, “Айыл чарба министрлиги уяң жүндүү койлордун санын 2020-жылга чейин 1,2 миллионго жеткирүү сунушун айтууда” деп, Улуттук илимдер академиясында илим күнү белгиленди” деп, “ошол эле академияда топозчулукту өстүрүүгө арналган семинар болуп өттү” деп кабар таратты.

“Искра” басылмасы гезиттин башкы редактору Адилет Айтикеевдин “Депутаттардын кол тийбестигин алуу Жогорку Кеңешти дискредитациялоого барабар” деген макаласын басты. Автор макаласында Жогорку Кеңеш үч бийлик бутагынын бири болгондуктан жалпы элдин атынан бийлик жүргүзгөн орган катары көз карандысыз болууга тийиштигин, ал көз карандысыздык абсолюттук кол тийбестик менен гана бекемделерин, депутат эки гана учурда, биринчиси - кылмыш үстүнөн кармалган учурда, экинчиси - Жогорку Кеңештин жалпы курамынын жарымынан көбүнүн макулдугу менен гана кол тийбестиктен ажыратылган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаса, мындан башка учурда абсолюттук кол тийбестикке ээ болушу керектигин айтып чыкты.

“Искра” гезити бүгүнкү санында качкын президенттердин бири Аскар Акаевдин 71 жашка чыкканы менен куттуктаган материалдарды басты.

XS
SM
MD
LG