Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Жолдошбаевдин жоругу тыйылабы?


Кыргыз гезиттери. 2015-жыл
Кыргыз гезиттери. 2015-жыл

“Де-факто” гезити бир катар эл өкүлдөрүнө "туздуу"суроолорун берди.

“Вечерний Бишкек” гезити төрт жаштагы кызды зордуктап койгон адам кейпинен кеткен зөөкүрдү Биринчи май райондук соту болгону 20 жылга кескенин, өкүмдүн жеңил болуп калганына нааразы болгон райондук прокуратура апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганын, шаардык сот ал түрмөдөн чыккан күндө да коом үчүн кымындай да пайда келтирбестигин билип, бүтүндөй өмүрүн түрмөдө чирип өткөрсүн деп өмүр бою түрмөгө кескенин жазып чыкты.

Гезит дагы бир айбан, 12 жаштагы өз кызын сегиз жашынан баштап төрт жыл бою зордуктап жүргөнүн, ал азыр сот өкүмүн күтүп жатканын, буга дагы ушундай өкүм чыгарын, негизи эле адам зордуктагандардын жазасын мындан да катуулатуу керектигин белгиледи.

Шаардык гезит окурмандарды коңшуларда эмне болуп жатканан кабар берди. Мисалы, Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болду. Кыргызстан бул уюмга 1998-жылы кирсе, Орусия 2012-жылы, Тажикстан 2013-жылы кирген.

Тажикстандын Улуттук банкы өз өлкөсүндөгү бардык акча алмаштыруучу жайларды үч айлык мөөнөткө жапты. Айрым көз карандысыз аналитиктер эми базарда долларды көмүскө сатуу күч ала баштай турганын айтышууда. Мамлекет болсо мындан ары акча алмаштыруу кредиттик банктарда гана жүргүзүлөрүн, кокус өкмөттүн бул буйругун бузуп, чет өлкөлүк валюта менен көмүскө соода кылгандар чыкса, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын билдирди.

Ал эми Өзбекстан коомдук жайларда хижаб кийип жүрүүгө тыюу салган буйрук чыгарды. Буйрукту бузгандар акча төлөө айыбын тартат же милицияга эки жума жатып чыгат.

“Жаңы агым” гезити 27-ноябрдагы санына “Экс-министр Искендер Айдаралиевге карапайым дыйкандардын кусуру тиеби?” деген макала жарыялаганын, көрсө гезиттен жаңылыштык кеткенин, дыйкандар нааразы болгон экс-министр Искендер Айдаралиев эмес, Таалайбек Айдаралиев экендигин, андыктан Искендердин эч кандай тиешеси жоктугун белгилеп, аты жана сүрөтүн алмаштырып алгандыгы үчүн “Жаңы агым” экс-министр Искендербек Айдаралиевден кечирим сурады.

“Фабула” гезитиндеги “Алганыңды ал, жулганыңды жул, соттомуш этип коёбуз” деген макаласында журналист Баратбай Аракеев акча жеп камалгандарды санады.

Макалада Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Гүлнара Дербишова, Равшан Сабиров, Замирбек Эсенаманов, Учкун Ташбаев, Жусуп Иманалиев, Элмурат Обдунов, Урмат Аманбаева, Данияр Нарымбаев, Хажимурат Коркмазов, Абдували Акжолов сыяктуулар камалганы, баары миллиондогон сом жегендер, пара алгандар делген менен эл күткөндөгүдөй жазага тартылбаганы айтылат.

Гезит Келдибеков 1-Май соту тарабынан акактай таза делип акталып чыкканын, прокуратура жар салган анын 18 квартирасы, үйлөрү, сауналары, пансионаттары, кафелери, машиналары, жер тилкелери, жана башкалары өмүр бою кызматта отуруп тапкан таптаза эмгеги болуп чыкканын, 17 млн. сом зыян келтирди деген Аманбаева 11 жылга соттолгонун, 50 миң доллар пара алган Нарымбаев менен Коркмазовду ырымдап соттомуш болгонун белгиледи.

Автор “Байкуш милийсалар, коопсуздук кызматы, прокуратура далай азап менен кармап келип, күнөөсүн моюнга коюп жатса дагы сотторго келгенде өз баасын албай жатат” деп жазды.

Ушул эле автордун “Мухаммед пайгамбардын айтканы. Крылов жана генерал Турганбаев” деген, Үсөн Касыбековдун “Сом оңолсун, доллар жоголсун” деген макалалары басылды.

“Кыргыз туусу” гезити “Президенттин иш күндөлүгү” деген рубриканын алдында Алмазбек Атамбаевдин Парижде болгон Бириккен улуттар уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүн жарыялады.

Ушул эле гезит “Роза Отунбаеванын демилеси эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-президент Роза Отунбаеванын “Биз балдар үчүн жетиштүү кам көрүп жатабызбы?” деген макаласын жарыялай баштады.

“Де-факто” гезити “Элирген өкүмзордугуңузду эл өкүлү болгон соң токтотосузбу?” деп депутат Камчыбек Жолдошбаевге, “Сиз мамлекеттин бүтүндүгүн коргоо үчүн депутат болдуңузбу же өз байлыгыңызды жаап-жашыруу үчүн келдиңизби?” деп депутат Кубанчыбек Жумалиевге, “Депутаттыкка салып илим кандидаты болуунун канчалык зарылдыгы бар эле?” деп депутат Айнуру Алтыбаевага туздуу суроолорун берди.

Ушул эле гезит социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин “Жүрөк оорусуна мурун 50 жаштан кабылса, азыр 30 жаштан башталды” деген маеги бар.

XS
SM
MD
LG