Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

Сириядан келгендер өмүр бою кесилеби?


“ПолитКлиника” гезитине Таластын Өзгөрүш айылынын тургуну Абдышева Чолпондун президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон каты жарыяланды. Кат ээси айылындагы Талант жана Темир деген жигиттерди өлтүрдү деп соттолгон Абдышев Медербек, Абдышев Жаныбек, Абдышев Кадырбек аттуу үч бир тууганынын ишин көзөмөлгө алып коюну өтүнгөн.

“Казат Акматов көкжал болчу” деген макаланы журналист Айгүл Бакеева жазып жарыялады.

Ушул эле гезитке “Көзүм азиз болгон менен көкүрөгүм көңдөй эмес” деген маегинде “Манас жаңырыгы” радиосунда диджей болуп иштеп келаткан Азамат Бердияров бул жумушка кантип келип орношуп калганын кенен айтып берди.

Актриса Нуриза Бурханова маегин “Хижаб менен киного тартыла албай калмакмын” деп атап, күйөөгө чыккандан кийин өз каалоосу менен хижаб кийгенге өткөнүн, депутат Турсунбай Бакир уулу менен ажырашкандан кийин жумуш издеп, хижабчан жумушка орношо албай койгондон кийин хижабды кийбей калганын, кызы өзүнө окшоштугун, ал эми уулу атасын тартып депутат болот го ойлоп жүргөнүн кеп кылды.

“Азия ньюс” гезити менен маегинде ички иштер министри Мелис Турганбаев “Шайлоодо мыйзам бузгандарды катуу жазалайбыз” деп айтты. Ушул гезитке жарыяланган бир кайрылууну министр өз көзөмөлүнө алганын да кабарлады. Журналист Мамат Сабыров акылдуу адамдардын айткандарын жыйнап баскан баянын “Күчтүү болгуң келсе таарынганды кой, андан да күчтүү болгуң келсе кечиргенди үйрөн” деген ат менен тартуу кылды. Ырчы Элбарчын Калилова маегин “Мекенимди ырым менен дүйнөгө таанытам” деп атаса, комузчу Тынчтык Чүйтиев маегин “Кара күүнү катыра ойногон комузчулар жок эмес” деп атады.

“Айат” гезити “Доллардын өсүшүнө эмне себеп болууда?” деген суроо менен бир катар адамдарга суроо салды.

Ишкер Темирлан Салыкбек: Өндүрүштү иштетип, экспортко жол ачпаса болбойт,-деп,

Коомдук ишмер Топчугүл Шайдуллаева: Доллардын өсүшү менен алдыда кымбатчылык болчудай,-деп,

Саясатчы Эдил Байсалов: Кризис эчак эле келген. ЕАЭБге кирсек эле май көл, сүт көл болот деп атып мына эми киргизип тынышты,-деп,

Укук коргоочу Качкын Булатов: Кыргызстандын экономикасы кыйрап бараткан Орусия менен мамиле түзгөнү чоң жаңылыштыкка алып келди,-деп,

Саясатчы Адил Турдукулов: Жылдын аягына чейин доллар 100 сомго жетиши мүмкүн. Бул системалык кризистин белгиси,-деп жооп беришти.

“Асман плюс” гезитиндеги журналист Динара Бейшеналиева даярдаган бет Кыргызстандагы “Тамадалар” борборунун төрагасы Эшенкул Барпиевдин ишмердигине арналды.

Ушул эле санда журналист Чолпон Субакожоеванын “Эмгек кылдың эсте калар көңүлдө” деген макаласы кытайлык кыргыз окумуштуусу, Шинжаң университетинин профессору, белгилүү акын жана “Манас” изилдөөчү Мамбетакун Мамбеттурдунун 50 жылдык басып өткөн барандуу жолун чагылдырды. Автор Мамбеттурдунун германиялык түрколог Гундула Салк менен биргелешип жазган “Хыйлонжиаң кыргыздары” деген китеби Польшада англис тилинде, “Кыргыз адабият тарыхы” китеби кытай тилинде жарык көргөнүн кошумчалады.

Аскер Сакыбаева “Жаңы агым” гезитиндеги бир макаласында “Кыргыздын кырааны эле” деген ат менен кечээ жерге берилген Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовду, бир макаласында “Мелистин орду дагы эле бош” деген ат менен Мелис Эшимкановду эскерди.

Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Раим Салимов маек куруп, Сирияга кеткендер тууралуу мыйзамды катуулатып, 25 жылдан тартып, өмүр бою түрмөгө отургузуу мыйзамын чыгаруу керектигин, ушу тапта Сирияга кеткен кыргызстандыктардын 45и өлгөнүн, 122си аялдар экенин, 63 үй-бүлө экиден жетиге чейинки балдарын ээрчитип кеткенин жана башка жагдайларды кеп кылды.

Ушул эле “Жаңы агымда” мурда “Азаттык” радиосунда иштеп кеткен, азыр “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунда менеджер болуп иштеп жаткан Мария Колесникованын “Комуздун коштоосунда дастандарды айткым келет” деген маеги жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG