Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

Турдубаев: кышында үшүбөйбүз


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

“Кыргыз туусу” гезити “Кыргызстандын таза шайлоодон башка жолу жок” деген аталыш менен президент Алмазбек Атамбаевдин Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзүн басты.

Өлкө башчысы: “Бул шайлоо Кыргызстандын тагдырын чече турган шайлоо. Анткени парламенттик шайлоо элди бириктирет. Саясый партияларга эч кандай кысым жасабагыла, бүт партияларга КТР менен ЭлТРде кандай шарт түзүлсө, жер-жерлерде да ошондой шарт түзүп бергиле”, деп айтты.

Ушуга улай эле Атамбаев түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетекчилеринин Астана шаарында өткөн 5-саммитине катышканын, анда казак хандыгынын 550 жылдыгы менен куттуктап сөз сүйлөгөнүн, кыргыз президенти түрк тилдүү элдер үчүн орток телеканал ачуу керек деген маселе койгонун, эмдиги саммит Кыргызстанда өтөрүн жана анын алкагында Дүйнөлүк Экинчи көчмөндөр оюндарын өткөрүү да пландалып жатканын билдиргенин жазып чыкты.

“Эл митинг, пикет жол тосуудан тажады дегенибиз менен аны уюштуруп, коңулга кирип буйрук берип жаткандарды билсек дагы ачык айтуудан, эл алдына алып чыгуудан сактанып келебиз. Алар бир кезекте Акаев, Бакиевдин адилетсиз, үй-бүлөлүк, коррупциялашкан бийлиги учурунда жогорку кызмат орундардын ээлеп, арам оокатка тоюп, анан кызматтан жылмышкан эргулдар. Биз шайлоонун шайтан оюндарынын болуп кетүүсүнөн сак болуп, айрым чектен чыгып бараткан окуяларды ооздуктап, элибиздин тынч жашап, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошсок деп чакырабыз” деп калкка кайрылуу жасашты Кыргызстандын ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү Болотбек Искенов, Абалабек Бердикеев, Сагындык Сапарбаев, Сабырбек Акматов карыялар.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Моюнга алалы, таянарыбыз Россия” деген макаласын тартуулады. Автор, президент Атамбаевди канчалык андай-мындай айтпайлы, баары бир жасаган иши жеңип турганын, өкмөт башчысы Темир Сариев дагы чет жерде Кыргызстандын баркын көтөрүп жатканын, анын башка мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолуккандагы сүйлөгөндөрүн, өзүн алып жүргөнүн, көзгө дароо урунган олуттуулугу, орундуу сөздөрүн, маселенин өзөгүн айта билгендигин, ким болсо да тең ата сүйлөшкөнүн, мына ушул сапаттары элдин ишенимин бекемдеп, татыктуу өкмөт башчыга жеттик окшойт деп айта баштаганын, Атамбаевдин ордун баса турган президент Темир Сариев экендиги көрүнүп турганын кеп кылды.

Аракеев андан ары кандай болгон күндө дагы Кыргызстанды Орусиясыз элестетүү мүмкүн эместигин, өзүбүздө жоктун баарын орустардан аларыбызды, Кытай да жардам берип атканын, андыктан ушул эки мамлекет менен мамилени бузбай, өз өлкөбүздүн кызыкчылыгында иштеп, жашай берүү керектигин кеп кылды.

Ушул эле “Фабула” гезитине Республиканын баатыры, академик Мамбет Мамакеевдин “Мен уулум Канат менен сыймыктанам” деген баяны басыла баштады.

“Вечерний Бишкек” гезити Казан шаарында өткөн мусулмандар киносунун 11-Эл аралык фестивалынын Гран-при сыйлыгы Садык Шернияздын “Курманжан датка” тасмасына ыйгарылганын, “мыкты картина” номинациясынын башкы сыйлыгын Орусиянын белгилүү кинорежиссеру Владимир Меньшов тапшырганын кабарлады.

Кышында жарык менен жылуулук болобу? Ушул суроого жооп издеген “Вечерний Бишкек” гезити энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин айтуусунда, борбордук ТЭЦтин жабдуулары модернизацияланып жатканын, мурдагы төрт турбогенератордун ордуна алардан алда канча кубаттуу эки турбогенератор орнотуларын, жалпы кубаттуулугу 500 мегавольт-амперлик заманбап трансформатор коюлуп жатканын, эми мындан ары борбор шаар жана өлкөнүн түндүк аймагы жылуулук менен толук камсыз болорун, ошону менен бирге эле модернизацияланган ТЭЦ жайды жайлай электр энергиясын иштеп чыгара берерин, бул деген Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн тийиштүү деңгээлге жеткирүүгө жардам берерин айтканын жазып чыкты.

Бүгүн “Баягы асаба” гезити да жарык көрдү. Гезиттен “Төлгөсү ачылбай кеткен Төлөмүш Океев” деген маркум Мелис Эшимкановдун уулу Төлөгөн Эшимканов менен кызы Жылдыз Эшимканованын аталарын эскерген эскерүүлөрү басылды.

XS
SM
MD
LG