Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:23

Кыргызды алтын эмес, акыл-эс байытат


Жерүйдүн казылышына каршы чыккандардын митинги, 15-май, 2013-жыл
Жерүйдүн казылышына каршы чыккандардын митинги, 15-май, 2013-жыл

“ПолитКлиника” гезити бүгүнкү санын Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ардагер радиожурналист Тенти Орокчиевдин “Мен сизден турмушума жардам бер деп тыйын сурабайм” деген аталыштагы президент Алмазбек Атамбаевге жазган каты менен ачты.

Катта көзү өтүп кеткен Түгөлбай Сыдыкбековдон тартып, Жумамүдүн Шералиевге чейинки адабият менен маданияттын ондогон залкар адамдарынын айтып бергендери кагазга түшүрүлүп, тагыраак айтканда 200-250 басма табакка жакын эмгектери жарык көрбөй келатканын, ошондуктан кыргыздын мыкты-уул кыздарынын өрнөктүү жолун элдин өзүнө, жаштарга мураска калтырып кетүү үчүн жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Ушул эле санга Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Икрам Илмиянов соттун чечимине ылайык Уран Ботобеков төлөгөн акча менен жыртык-тешигин бүтөбөй турганын, ал акчаны толук бойдон 2002-жылдагы Аксы окуясында жабыр тарткандардын бала-бакыра, үй-бүлөлөрүнө которуп бере тургандыгын айтуу менен Аксы трагедиясынын башкы сценаристи ошол кездеги Президенттик администрация башчысы Аманбек Карыпкулов, анын жардамчысы Уран Ботобеков болгонун, Азимбек Бекназаровду каматуу планы, ”Тайфун” операциясы ушулардын бийликке берген ою менен ишке ашканын белгилеп, “анан өткөндү бат эле унутуп калат деген ушулбу, Уран мырза айткан сөзүнө жооп бералбай, эми аксылык туугандарды тукуруп, доодон кутулам деп жатат. “Уялбагандан өзүң уял” деген ушул тура” деп жазды.

“Азия ньюс” гезити “Жерүйдүн алтыны үчүн Темир Сариев 180 градуска бурулдубу?” деген баштеманын алдында Талас элинин айрым өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин жарыя кылды.

Алар Жерүй кенинин казылышына эмне себептен каршы болуп жатканын айтып чыгышты. Алтын бар экени 40-45 жыл мурда эле СССРдин маалында белгилүү болуп, эгер Жерүйдү каза турган болсо зыяны тийбеши үчүн бүтүндөй Таласты Казакстанга көчүрүш керек деген ойлордон кийин казылбай калганын, анан Акаев ачайын дегенде эл токтотуп, Бакиев ачайын дегенде эл токтотуп, эми бул бийлик да так ошолордун жолуна түшүп казмайынча койбойм деп аракет кылып жатканын, кыргызды алтын же күмүш байытпастыгын, кыргызды жердин астындагы эмес, үстүндөгү тоо-ташы, керемет жайлоолору, көк кашка тунук суулары, миң түркүн айбанаттары, ак мөңгүлөрү байытарын, баары бир таластыктар Жерүйдү каздырбай тургандыктарын билдиришти.

Ушул эле “Азия ньюс” гезити "Мухтар тирүү болгондо 50гө чыкмак” деген аталыш менен “Замандаш” партиясын түптөгөн коомдук-саясый ишмер Мухтар Өмүракунов тирүү болгондо 50 жашка чыкмагын, эки күндөн кийин ага арналган эскерүү кече Кыргыз драма театрында болорун айтып, бир катар замандаштырынын ойлоруна орун берди. Мухтар тууралуу “ПолитКлиника” ,“Жаңы агым” гезиттери да бир катар макалалардын топтомун тартуулашты.

“Жаңы агым” гезити биометрикалык шайлоо бийликтин тынчын алып жатканын, сатылма сотторго эл эбак эле ишенбей калганын, депутат Жылдызкан Жолдошева АКШ сыйлыгын ыйгара салган Азимжан Аскаров деген кыргыздын укугун эч качан коргобогондугун, коргомок тургай экстремисттердин башында жүргөнүн, кала берсе Аскаров Кыргызстандын эмес, Өзбекстандын жараны экендигин айтып чыкканын жазды.

Ошондо эле гезит орустардын “армия кайсы жакта болсо жеңиш ошол жакта” деген ылакабы барын, “Ата Мекен” партиясынын шайлоо сапарына оппозициячыл көз караштагы генерал Артур Медетбеков кошулганын, дагы бир генерал Өмүрбек Суваналиев кирет экен деген сөз да жүрүп жатканын, ал эми өкмөт башчысы Темир Сариевди Кара-Кужурдун эли “бир келип кетсең болбойбу?” деп зар какшап күтүп турганын, анткени Кара-Кужурга каттай турган жолдун тамтыгы чыгып, алтургай жол боюндагы зымкарагайлар узун-туурасынан сулап жатканын, аны тургузуп коеюн деген Нарын боюнча көзгө сүртөөр чоң жоктугун жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG