Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Бакиевдин жакындары кайсы партияга ыкташууда?


Шайлоо, 2011-жыл, 30-октябрь
Шайлоо, 2011-жыл, 30-октябрь

“Вечерний Бишкек” гезити “Илмияновдун абийири президенттикинен 200 миң сомго арзан болду” деген макала басты.

“Фабула” гезити “сотто суралгандардын баары эле “Акматты “апакай”, күнөөсү жок деп айтып жатышат, сыягы шайлоого чейин Акматбек Келдибековду актай турган өңдөнүп калышты. Минтип дүйнөгө барабан кагып, коррупцияны бетке кармап, кылмыш кылды деп айыпты аябай тагып алып, анан кайра бутун ушалап, башын сылап, мактап-жактабай эле, “айланайын, каалаганыңдай ичип-жеп чардай бер” деп койсо болбойт беле, кайран элге “спектакл” ойнобой” деп кабар таратты.

Ушул эле гезитке Ош шаарынан Калык Сакеевдин “Хамелеон кырдаалга жараша өңүн өзгөртөт” деген макала басылды. Макалада Ош шаардык кеңешинин төрагасы Арифидин Аланов Жаныш Бакиевдин жан досу болуп, кечээ эле өтүгүн төргө илип жүргөнүн, эми бүгүн ал КСДП партиясынын эшигин кагып турганын, мындайлар каалаган жерине кирип кетип төрүнөн да орун аларын, Бакиевдин ушул сыяктуу куйруктары үчүн азыр эң эле ыңгайлуу партия КСДП болуп турганын баяндады.

Апрель баатыры Данияр Ашыралиевдин макаласы “Эркебаевди ким эсине келтирет?” деп аталып, Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев “Академия наук” эс алуу үйү менен балдарды дарылоочу “Илим” лагеринин жетекчилерин кандайча бошотуп, алардын ордуна Бакиевдин аталаш тууганы Бакиев Зулкайнар Тажибаевичти кандайча дайындаганын, учурунда Тажибаев Убактылуу өкмөттүн декрети менен кызматтан алынганын, кийин Тажибай Зулкайнар болуп кубулуп алган адамды коюп алып, эс алуу жайларын финансылык ой-келди абалга кантип кептегенин, Эркебаев бир жыл аралыгында 17 жолу соттон жеңилген менен соттун чечимдеринин бирин да аткарбай келатканын кенен жазып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезити “Илмияновдун абийри президенттикинен 200 миң сомго арзан болду” деген макала басып, анда Уран Ботобековду Илмиянов 5 млн. сомдук доого жыкканын, сот Илмияновдун ар-намысына шек келтирген Ботобековдон 1 млн. 800 миң сом өндүрүлсүн деп чечим чыгарганын, дагы бир журналист Дайырбек Орунбековду Кыргызстандын президентинин ар-намысын коргоп Башкы прокуратура сотко кайрылып, журналист 2 млн. сом айыпка жыгылганын, ал эми Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев ар-намысын коргоп “Вечерний Бишкек” гезитинен 50 млн. сом талап кылган доо арыз жолдоп, сот Мамбеталиевдин арызын канааттандырып, гезиттин басма үйүнүн банк эсеби менен беш автомашинасына арест койгонун баяндады.

“Вечерний Бишкектин” ушул эле санында “Президент А, саясатчы Т жана “шайтан” М тууралуу” деген макала бар.

“Де-факто” гезити белгилүү акын жана жазуучу Меңди Мамазаированын “Жолонду өмүр бою тоголок арыз менен тоголотуп жүргөн аялдар дүңү менен мага мураска калышты” деп маек курду. Акындын жубайы Меңди Жолон Мамытов 75ке чыкканын, өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча тасманын сценарийин Султан Раев жазарын, мааракеси шайлоодон кийин өтөрүн, жогорку окуу жайларында акынга арналган жолугушуулар болуп жатканын, Кыргыз радиосунун журналист кыздары Назира Абдыкаймова менен Гүлжамила Шакирова Жолондун ырларын тынбай берип турушканын, Жолон досторуна ар дайым ачык, ак, таза пейли менен төгүлүп-чачылып турганын, анын балдары жакшы адамдардан болгонун баяндады.

“Айбат” гезити “Текебаев өзүнүн партиясы алсызданып баратканын туюп, Бакиевдин “куйруктарына” күнү түштүбү?” деген макала басты. Маалымат жыйынында Текебаев “Мени Мырзакматовдун өткөнү кызыктырбайт” деп айтканын, эгер кайсы бир саясатчынын өткөнү кызыктырбаса, анда Акаев, Бакиев менен да баш кошо берсе болот деген ой тууларын, анткен менен Текебаевдин бул кадамы өлкөнүн түштүк аймагынан көбүрөөк добуш алуу гана амалы экенин, ал эми Мырзакматов мурда Бакиевдер үчүн кандай чуркап кызмат кылса, бул ирет жаңы “кожоюну” Текебаев үчүн ошондой эле чуркап берерин жазды. Ушул эле санга депутат Өмүрбек Абдракмановдун “Текебаев 25 жылдан бери кыргыз элин алдап келет” деп айтты.

Равшан Жээнбеков, Акматбек Келдибеков, Кубатбек Байболов, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Абдрахманов, Жылдыз Жолдошева, Мыктыбек Абдылдаев, Исмаил Исаков, Бөдөш Мамырова өңдүү депутаттар ынтымыкка келип, шайлоого аттанууга жол издеп жатканын да ушул “Айбат” гезити маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Көпүрө салган балбанды айт, жол оңдогон адамды айт” деген Жеңижоктун ыр саптары менен ачып, президенттин көпүрө ачуу учурунда аны жандагандар менен түшкөн сүрөтүн басты. Өкмөт башчысы Темир Сариевдин “Бир эле цехте 620 орун бар экен. Айлыгы 20-30 миң сом” деген сөзүн шилтеме кылган гезит анын Бишкектеги машина куруу заводун кыдырганын кыскача кабарлады.

Филология илимдеринин доктору Асылбек Эшиевдин ой толгоосу “Сенек ой жана заманбап чындык” деген ат менен тартууланды.

Бактыгүл Чотурова Кыргыз эл жазуучусу, атактуу драматург Мар Байжиевдин 80 жылдыгына байланыштуу макаласын “Чапкан атка жеткирбеген өмүрдүн өрнөк жолу” деп атады.

XS
SM
MD
LG