Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:55

Академия, же а-ля комедия


ИИМ Академиясы тууралуу Канышай Мамыркулованын макаласында сөз болду.

“Алиби" гезитине санжырачы Сыргак Сооронкуловдун “Курманбек Бакиев мекени жок “лөлүнүн тукуму” деп мага бир нече киши айткан” деген маеги басылып чыкты. 2001-жылы “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатына эс алып барганын эске салган санжырачы Сыргак аксакал ошол жерде эс алып жүргөн Бекмамат Осмонов ага кайрылып: “Сыргак аке, Акаев Бакиевди өкмөт башчысы кылып туура эмес кылды” дегенинен, “түндүк-түштүккө бөлүнгөнүңөрдү койсоңорчу, ал өзүңөрдүн кыпчагыңардан го” дегенин, ошондо Осмонов “Бакиев кыпчактан айланып кетсин, ал кыпчак эмес. Анын ким экенин айтсам давлениеңиз дагы көтөрүлүп ооруп каласыз” деп койгонун, анан кийин Бакиев президентикке шайланганын, ошондо айылдашы Сатар молдо: “Кыргыздын шору катты. Лөлүнү президент кылып шайлап алдыңар. Бул деген Мекени жок, жер которуп жүрө берчү цыгандын тукуму. Эми ошол кыргызды башкарат деген эмне шумдук? Бул акыры кыргызды бөлүп-жарып жоготот” деп кейигенин кеп кылуу менен 31-жылы кулакка тартуу учурунда Жалал-Абадда цыгандардын тобу болгонун, алар кийин Барак анклавында турушканын, кийин көчүп жок болушканда 12 жаштагы Саали деген баласы калып, кыргыз кызга үйлөнүп, анан кантип кыргызга айланып, бүгүнкү күнгө жеткенин баяндады.

Сыргак аке өзү Мекеге барып ажы болуп келгени, беш маал намаз окуурун, бирок жаштардын динге берилип кетишин каалабасын, кыргыз араптарды туурабай кыргыз бойдон калышы керектигин, кыргыз эли бири-бирине камкор, сыйкор болгонун, ар бир элдин жаманы да, жакшысы да болорун, бирок кыргыздар жаман жагына көбүрөөк ыктап кеткенин, андыктан ата-бабалардын байыркы нарк-насилине кайрылып келүү керектигин айтты.

“Алиби” гезити журналист Канышай Мамыркулованын “Чырдан башы чыкпаган ИИМ Академиясы” деген макаласын жарыялап, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы ИИМ академиясынын башчылары А. Бззарбаев менен Р. Амираевди “пара алды” деген шек менен бир айга камакка алганын, булар камалган күнү ушул Академиянын 5-курсунун студенти Ноокат районунда өз жанын өзү кыйганын, ал эми өткөн жылдын аягында дагы бир бүтүрүүчү Нурлан Ниязбаев 3-кабаттан кулап кетип жан кыйганын, Академиянын студенттери “Монте Карло” ресторанында аракка тоюп алып мушташ чыгарып, ресторандын бир канча миң сомдук буюмдарын талкалап баса бергенин, окуя тартылып алынып теледен кайта-кайта көрсөтүлгөнүнө карабастан Алмаз Базарбаев жашырып-жаап, актанып чыкканын, бул оркойгон окуялар мурдагы министр Зарылбек Рысалиевдин тушунда деле, андан кийин деле, Шамил Атахановдун убагында деле “былк” этип койбогонуна көңүлдү бурду.

Автор андан ары Академиянын курсанттарынын чаламандын чак түшүндө көчөдө лезгинка бийлеп, машинелерди өткөрбөй жол торогондорун да шаардыктар унута электигин, башчылары тигинтип оңбогондой пара менен кармалган окуу жайда “акча менен ит уруп” көнүп калгандыктан студенттери эмне кыларын билбей көчөдө тайраңдап бийлеп жүрүшкөнүн, ошол эле убакта түшүнүк кат жазганга сабаты жетпеген Академиянын бүтүрүүчүлөрү милициянын кадрларынын катарын жыл сайын толуктап келатканын кейиш менен кеп кылды.

“Жаңы дайындалган ички иштер министри Абдылда Суранчиев бул тармакта чоочун адам эмес, андыктан коррупцияга белчесинен баткан тармакты тазалай алар бекен, эл да ушуну күтүп жатат” деген суроону койду.

“Алиби” гезити бүгүнкү санын Канышай Мамыркулованын “Лукашенко бийликте турганда Бакиевди бериши күмөн” деген макаласы менен ачып, Лукашенко Бакиевдин чөнтөгүндөгү акчаны кагып бүтмөйүнчө бере койбостугун, мындай мисалдар бул өлкөдө көп экенин, Кыргызстандын Жогорку Аскер сотунун өкүмүн Лукашенко чымын чакканча да көрбөсүн, ошондуктан кыргыз тарап Лукашенко бийликте турса да, турбаса да дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу жолдойбу, же Беларус саясатчысы Ольга Карач айткандай Бакиевдин көзүн тазалайбы, артынан сая түшкөндү токтотпоо керек деп жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG